- автор Айбек Бийбосунов
28-апрелге караган түнү Орусиянын ракеталык чабуулунан Украинанын Умань шаарында 20дай киши мерт болуп, дагы ошончо киши ар кандай жаракат алды. Мындан тышкары, Кременчуг, Полтава жана Николаевде дагы жарылуулар болду. Орусия жай тургундарды эмес, Украинанын аскердик жана стратегиялык жайларын гана бутага алганын билдирип келет.
Украинанын куткаруучулары алты кишинин сөөгүн урандылардын алдынан таап чыкса, бирөө ооруканада көз жумганы айтылды. Ракета тийген көп кабат үйдө жабыр тарткандардын саны улам өсүп, кечке маал 20га жеткен. Орусиянын чабуулу түн ичинде башталып, уйкудагы тургундардын көбү качып чыкканга жетишпей калган.
“Менин кызымдын классташы тогузунчу кабатта жашачу. Анын эмне болгонун билбей атам. Аман калышын кудайдан тилейм. Бул аябай чоң трагедия”, - деди жергиликтүү тургун Ольга.
Уман шаарындагы үйдүн ракета тийген бөлүгүндө 109 тургун жашаганы айтылды. Андагы 46 батирдин 26сы толугу менен талкаланып калган. Ал эми Днепр шаарында орусиялык күчтөрдүн соккусунан карапайым тургундун үйү талкаланып, 31 жаштагы аял жана эки жашар кыз мерт болгонун жергиликтүү бийлик билдирди. Бир нече адам жаракат алды.
“Бул Орусиянын террору Украинадан жана дүйнөдөн татыктуу жооп алышы керек жана алат. Ушундай ар бир кол салуу, элибизге каршы жасалган зулумдук террористтик өлкөнү жазага жакындатып атат. Бир дагы кылмышты унутпайбыз жана баскынчынын жоопкерчиликтен качып кетишине жол бербейбиз”, - деп жазды Тelegram каналына Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Валерий Залужныйдын билдиришинче, 28-апрелге караган түнү жалпысынан орустардын 23 канаттуу ракетасынын 21и атып түшүрүлдү. Ошондой эле эки дрон жок кылынды.
Украина президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак Москвага микрочиптерди сатып алууга жардам берген өлкөлөргө санкция киргизүүгө чакырды.
"Санкциялар чектөөлөрдү кыйгап өтүп, Орусияга ракеталарды чыгаруу үчүн батыш микросхемаларын сатып алууга жардам берген өлкөлөргө карата колдонулушу керек", -деген Ермак.
Эксперттер белгилегендей, Украина контрчабуулга даярданып жатат дегенден бери Орусия абадан сокку урууну күчөттү. Орусиянын медиасы Коргоо министрлигине таянып, украин армиясынын 130дай позициясын бутага алганын кабарлады. Коргоо министрлиги Умандагы окуя боюнча коментарий бере элек.
“Донецк багытында чабуулчу отряддар Артемовск (Украинанын Бахмут шаары) шаарынын түндүк-батыш, батыш жана түштүк-батыш бөлүгүндөгү төрт кварталды ээлди. Аба-десанттык аскерлердин бөлүмдөрү шаардын түндүк жана түштүк чет жакаларында душманды жолун бөгөп, чабуул коюучу аскерлерге көмөк көрсөтүп жатышат”,-деди Украинанын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков.
Бир жыл мурун Украинага басып кирип, кеңири масштабда согуш ачкандан бери орус армиясы карапайым калкты бутага албаганын билдирип келет. Ошол эле маалда Украинанын калктуу конуштары, социалдык мекемелер бутага алынганы маалым болгон. Ошол эле Днепрдеги көп кабат үйдү аткылоодо 46 адам каза болгон. Мындай окуялар Мариуполдогу театрда, Краматорскидеги темир жол бекетинде катталган.
Акыркы суткада Орусиянын Украина аймагына жасаган ракеталык чабуулунан набыт болгондор 17 кишиге жетти. Алардын 15и Уман шаарынын тургундары, арасында эки бала бар экенин Украинанын Ички иштер министрлигинин башчысы Игорь Клименко билдирди.
Андан тышкары, Днепрде бир аял эки жашар кызы менен набыт болду.
Президент Владимир Зеленский каргашаны "орус террорунун түнү" деп айыптады.
Жумага караган түнү бүткүл Украинада абадан эскертүү жарыяланган. Орусиянын канаттуу ракеталары карапайым эл жашаган турак жайларды бутага алган.
Расмий маалыматка ылайык, ракета көп кабаттуу үйгө тийип, бир подъезд талкаланган.
Уман Украинанын борбордук бөлүгүндөгү Черкассы облусунда, фронт сызыгынан алыс жайгашкан.
Эксперттер Украина контрчабуулга даярданып жатат дегенден бери Орусия абадан сокку урууну күчөткөнүн айтып жатышат. Орусиянын медиасы Коргоо министрлигине таянып, украин армиясынын 130дай позициясын бутага алганын кабарлады.
Бир жыл мурун Украинага басып кирип, кеңири масштабда согуш ачканы орус армиясы карапайым калкты бутага албаганын билдирип келет. Ошол эле маалда Украинанын калктуу конуштары, социалдык мекемелер бутага алынганы видеотасмалар, сүрөттөр көрсөтүп турат.
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын аннексияланган аймактарынан орус жарандыгын кабыл албаган жергиликтүү тургундарды депортациялоого мүмкүндүк берген жарлыкка кол койду. Документ укуктук маалыматтардын расмий интернет-порталына жарыяланды.
Жарлыкка ылайык, аннексияланган аймактарда жашаган украиналыктар Орусиянын жарандыгын албаса, 2024-жылдын 1-июлунан тарта "чет өлкөлүктөр" деп эсептелет.
Мындан тышкары, Орусия ээлеп алган аймактардын "улуттук коопсуздукка коркунуч жараткан, конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууну колдогон, террордук жана экстремисттик уюмдарды каржылап, уруксат берилбеген акцияларга катышкан" тургундары да депортацияланышы мүмкүн.
Орусия былтыр февралда Украинага басып киргенден бери Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарын өзүнүн аймагы деп жарыялаган. Бүгүнкү күндө бул облустардын кыйла бөлүгүн украин аскерлери көзөмөлдөп турат. Украина Херсон облусун орус бийлиги аны аннексиялагандан кийин бошоткон.
Акыркы суткада Орусиянын Украинанын аймагына жасаган ракеталык аткылоонун курмандыктары бери дегенде 13 кишиге жетти. Алардын 11и Уман шаарынын тургундары, арасында эки бала бар экенин Украинанын Ички иштер министрлигинин башчысы Игорь Клименко билдирди.
Днепрде бир аял эки жашар кызы менен набыт болду.
Жумага караган түнү бүткүл Украинада абадан эскертүү жарыяланган. Орусиянын канаттуу ракеталары карапайым эл жашаган турак жайларды бутага алган.
Президент Владимир Зеленский Уманда 10го жакын көп кабаттуу үй зыян тартканын, алардын биринде бүтүндөй бир подъезд талкаланганы билдирди.
Уман Украинанын борбордук бөлүгүндөгү Черкассы облусунда, фронт сызыгынан алыс жайгашкан.
Эксперттер Украина контрчабуулга даярданып жатат дегенден бери Орусия абадан сокку урууну күчөткөнүн айтып жатышат. Орусиянын медиасы Коргоо министрлигине таянып, украин армиясынын 130дай позициясын бутага алганын кабарлады.
Бир жыл мурун Украинага басып кирип, кеңири масштабда согуш ачканы орус армиясы карапайым калкты бутага албаганын билдирип келет. Ошол эле маалда Украинанын калктуу конуштары, социалдык мекемелер бутага алынганы видеотасмалар, сүрөттөр көрсөтүп турат.