Орусия аннексиялап алган Крымдын Москва дайындаган бийлиги Севастополдогу мунай базасында тутанган ири өрт чектөөгө алынганын 29-апрелде билдирди.
28-апрелде аталган мунай базасына бир нече дрон чабуул койгону кабарланган.
Орусия бул үчүн Украинаны айыптоодо, украин тараптын расмий органдары комментарий берген жок.
Жалпысынан мунай сакталып турган төрт цистернада, эки миң чарчы метрдей жерге жайылган өрттү өчүрүүгө Крымдагы бардык болгон күч, Кара деңиз флотунун ресурстары да жумшалып жатканы айтылды.
Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат болгон жок.
Окуяга байланыштуу Крымда, Севастополдо террордук коркунуч эскертүүсү жарыяланган.
Бахмут үчүн кармаш уланууда
Украинанын Башкы штабы Бахмут жана Марьинка азыр кармаштын чордонуна айланганын жазды.
Орусиялык күчтөр шаардын түштүк тарабындагы Бахмут менен Часов Яр жана Константиновканы байланыштырган жолго карай жылганын орусиялык аскер блогерлери жана америкалык "Согушту изилдөө институту" билдирди.
Аннексияланган Севастополдо мунай базасы күйүп жатат, ага дрон тийген
Аннексия болгон Севастополдо жарылуудан кийин күйүүчү май сакталган резервуарда өрт чыкты. Алдын ала маалыматта, ага дрондон чабуул болгон. Бул тууралуу шаардын Орусия дайындаган губернатору Михаил Развожаев билдирди.
Буга чейин ушул эле жумада Развожаев Севастополго сууда жүрө алган дрондордон чабуул болгонун билдирген. Бирок анда кайсы бир объект жабыр тартканы кабарланган эмес.
Орусия Украинага кол салгандан кийин бир канча жолу аннексия болгон Крымдагы объекттерге дрондон чабуул жасалган. 2023-жылы февралда Туапстагы мунай базасына дрондон сокку урулса, 2022-жылы дрон менен Брянск жана Орлов облустарына чабуул жасалган.
Европа Комиссиясы Украинадан буудай жана башка азык-түлүк товарларын сатып алууну чектөө маселеси боюнча Борбордук Европа өлкөлөрү менен мунасага жетишти. Келишимге беш өлкө – Польша, Венгрия, Румыния, Словакия жана Болгария кол койду. Ага чейин аталган өлкөлөр Украинанын азык-түлүк продукциясын импорттоого эмбарго жарыялашкан.
Жетишилген келишимге ылайык, эми Евробиримдик бул өлкөлөрдүн кампаларына толуп калган украин буудайын алып кетүү боюнча чукул чараларды көрөт, Украинадан буудай, жүгөрү, күн карама, рапс данын сатып алуу убактылуу чектелет.
Ошону менен катар Евробиримдик аталган өлкөлөрдүн өзүнүн айыл чарба тармагына колдоо көрсөтүү үчүн 100 миллион евро бөлүп берет, алар импортту чектеген чечимдерин жокко чыгарып, бул багыттагы ишин бири-бири жана Евробиримдик менен макулдашып жүргүзүп турууга милдеттүү болушат.
Украина айыл чарба продукциясын Африка жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө Европа мамлекеттери аркылуу ташып өтүү укугунан ажыратылбайт.
Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен жетишилген мунасаны колдой турганын билдирип, "Муну менен Украина да өзүнүн экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн сактап калат, биздин фермерлер да чыгымга учурабайт” деп айтты.
2022-жылдын май айында Евробиримдик Украинага колдоо көрсөтүү максатында анын дан азыктарын сатып алуудагы айрым төлөмдөрдү жокко чыгарган жана жеңилдиктерди берген. Мунун айынан айыл чарба продукциясын өндүрүүчү жергиликтүү фермерлер Украинанын арзандатылган товарынын айынан атаандаштык жаралып, иши жүрбөй калганын айтып, нааразылыгын билдирип чыгышкан.