Украинанын президенти Владимир Зеленский көптөн бери айтылып келе жаткан контрчабуул ийгиликтүү болорун жана ал Орусия басып турган украин аймактарынын бошотулушуна алып келерин 29-апрелде чет элдик журналисттерге курган кезектеги маегинде айтты. Интервьюга Финляндия, Швеция, Дания жана Норвегия өлкөлөрүнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Зеленский ошону менен катар Украинаны тийиштүү курал-жарак менен жабдуу маселеси актуалдуу экенин белгилеп, “Мен качан жана кандайча болорун айтууга азыр даяр эмесмин. Ооба, көбү биздин өзүбүзгө жараша болот, бирок тигил же бул курал-жаракты жөнөтүүдө көп деталдар бар. Биз болушунча көбүрөөк адамдын өмүрүн сактап калгыбыз келет, ошондуктан чечүүчү ролду курал-жарак ойнойт”, - деп айтты.
Украин президенти эгер курал-жарак жетиштүү болбосо согуш ондогон жылдарга уланышы ыктымал экендигин белгиледи.
Украинанын Башкы штабы: орусиялык күчтөр Бахмут менен Марьинканы алуу үчүн күч топтоп жатат
Маалыматка караганда, бир сутка ичинде 58 чабуулдун мизи кайтарылды.
"Бахмут менен Марьинка салгылашуунун очогу болууда", – деп жазылган маалыматта.
Орусия аннексиялап алган Крымдын Москва дайындаган бийлиги Севастополдогу мунай базасында тутанган ири өрт чектөөгө алынганын 29-апрелде билдирди.
28-апрелде аталган мунай базасына бир нече дрон чабуул койгону кабарланган.
Орусия бул үчүн Украинаны айыптоодо, украин тараптын расмий органдары комментарий берген жок.
Жалпысынан мунай сакталып турган төрт цистернада, эки миң чарчы метрдей жерге жайылган өрттү өчүрүүгө Крымдагы бардык болгон күч, Кара деңиз флотунун ресурстары да жумшалып жатканы айтылды.
Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат болгон жок.
Окуяга байланыштуу Крымда, Севастополдо террордук коркунуч эскертүүсү жарыяланган.
Бахмут үчүн кармаш уланууда
Украинанын Башкы штабы Бахмут жана Марьинка азыр кармаштын чордонуна айланганын жазды.
Орусиялык күчтөр шаардын түштүк тарабындагы Бахмут менен Часов Яр жана Константиновканы байланыштырган жолго карай жылганын орусиялык аскер блогерлери жана америкалык "Согушту изилдөө институту" билдирди.