Орусиянын ар кайсы аймактарында 1-май - Эмгекчилердин тилектештигинин эл аралык күнүнө арналган акцияларда согушту сындаган айрым жарандар кармалды.
Чита шаарынын бийлиги митингди шаардын четинде өткөрүүгө уруксат берди. Акцияга келген отуздан ашуун киши орус бийлигинин Украинага каршы согушун сындап, тынчтыкка чакыргандар репрессияга кабылып жатканын айтышты.
Новосибирискиде шаар мэри катышкан майрамдык жүрүш болду, ал эми калаанын четинде согушка каршы акция уюштурулду. Doxa каналы мэр катышкан жүрүшкө 200дөй, согушка каршы акцияга 50 чамалуу киши катышканын жазды.
Санкт-Петербургда "Мир! Труд! Май!" жана Украинадагы согуштун символу саналган Z тамгасынын үстү чийилген плакат көтөрүп чыккан активист Сергей Тужиловду полиция кармап кетти.
Екатеринбургда тынчтыкка чакырган пикет уюштурган эже-сиңдини да полиция алып кеткенин "Свобода" радиосу кабарлады.
Казанда согушту токтотуп, саясий туткундарды камактан чыгаруу талабы менен пикет өткөргөн Наил Мухаметшинди полиция алып кетти.
Кармалгандар протокол түзүлүп, "түшүндүрүү иштери" жүргүзүлгөндөн кийин бошотулган.
Орусиянын Либералдык Демократиялык партиясы (ЛДПР) Minecraft компьютер оюну аркылуу онлайн митинг уюштурду. Партиянын маалыматына ылайык, виртуалдык акцияга кеминде 12 миң адам чогулду. Бирок алардын митингинин мазмуну тууралуу маалымат жок.
Орусиядагы “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин эгер курал-жарак менен жабдуу маселеси чечилбесе өзүнүн жоочуларын Украинанын Бахмут шаарынан чыгарып кетерин айтып коркутту.
29-апрелде жарыяланган интервьюсунда Пригожин жакын арада жетиштүү көлөмдөгү курал-жабдык жеткирилбесе, "айрым бөлүктөрүн" Бахмуттан чыгарууга мажбур болорун айткан. Жеке менчик компаниянын жетекчиси буга чейин да бир нече жолу ок-дарынын жетишсиздигин айтып, ал үчүн Москвадагы генералдарды күнөөлөгөн.
Донецк облусундагы дөңсөлөрдө жайгашкан Бахмут шаары 10 айга чукул майдандын очогуна айланып, жаатташкан эки тарап тең чоң жоготууларга учурады.
23-апрелде Орусиянын Коргоо министрлиги Бахмуттун батыш бөлүгүндөгү эки районду басып алганын билдирген. Ал эми Пригожин "вагнерчилер" шаарды дээрлик толугу менен көзөмөлгө аларын утур-утур айтып келет. Бирок жогорудагы маалыматтарды көз карандысыз булактардан бышыктоо мүмкүн эмес.
Украин президенти Владимир Зеленский Умандагы көп кабат үйгө тийген орустардын ракетадан сокку урулгандан кийин Батыштагы өнөктөштөрүнөн заманбап абадан коргонуу системасын берүүнү суранды.
BBC жана "Медиазона" басылмалары Украинадагы согушта өлгөн орусиялык 21 миң 700 жоокердин тек-жайын тактады. Алардын 3041и элиталык бөлүктөрдүн аскерлери.
Журналисттер согушта өлгөндөрдүн эсеби орус армиясынын Украинадагы жоготуусунун реалдуу санын билдирбей турганын, иш жүзүндө адам өлүмү мындан да көп адам болушу мүмкүн экенин белгилешет.
Орусия аннексиялап алган Севастополдогу мунай сактоочу жайга урулган сокку – Киевдин каршы чабуулга даярдыгынын бир бөлүгү. Бул тууралуу Украинанын коргоо күчтөрүнүн түштүктөгү өкүлү Наталья Гуменюк билдирди.
Гуменюктун айтымында, мунай базасындагы өрттөн кийин орус аскерлеринин кооптонуусу күчөп, алар үй-бүлөлөрүн эвакуациялап, мүмкүн болсо аннексияланган Крымды таштап кетүүгө ниеттенишүүдө.
"Бул иш бардыгы күткөн кеңири масштабдуу чабуулга даярдык болуп саналат", - деди коргоо күчтөрүнүн түштүктөгү басма сөз өкүлү.
29-апрелде Севастополь шаарындагы Казачья булуңунда мунай сактоочу жайда өрт чыккан. Төрт цистерна күйүп кеткен, эч ким жабыркаган эмес. Севастополдун орусиялык губернатору кампага эки дрон чабуул койгонун билдирген. Алардын бири атып түшүрүлгөн.
Ушул эле күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский батыш басылмаларына маек куруп, көптөн бери айтылып келе жаткан контрчабуул ийгиликтүү болорун жана ал Орусия басып турган украин аймактарынын, анын ичинде Крымдын бошотулушуна алып келерин билдирген.
Украинанын Павлоград шаарына түн ичинде жасалган орусиялык күчтөрдүн ракета чабуулунан 25 адам жаракат алды, анын ичинде үч жаш бала бар. Бул тууралуу Днепропетровск облусунун башчысы Сергей Лысак Телеграм каналына жазды.
Анын маалыматына караганда, ракеталардын жетөө Украинанын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөн. Ракеталардан 19 көп кабаттуу үй, 25 жер там, алты мектеп менен бала бакча, беш дүкөн жабыркаган. Ракеталардын бири өнөр жай ишканасына тийип, өрт чыккан. Аймакта жалпысы болуп 40 үй кыйраганы кабарланууда.