Орус аскерлери 2-майда Украинанын Херсон шаарын жана Белозорье аймагындагы бир канча айылды аткылаганда үч жайкын тургун өлүп, бешөө жарадар болду. Бул тууралуу Херсон облустук прокуратурасы билдирди жана кылмыш иши козголуп, тергөө башталганын маалымдады.
Баштапкы кабарларга ылайык, Орусиянын аскерлери артиллериялык курал колдонгон жана абадан сокку урган. Жарандык инфраструктура, бир канча турак жай, автоунаалар талкаланган.
Украина Херсон шаарын жана Херсон облусунун Днепр дарыясындагы оң жээк бөлүгүн былтыр ноябрда орус күчтөрүнөн бошотуп алган. Андан бери орустар облустун борборун жана башка калктуу аймактарды такай аткылап келет.
Видео жана сүрөттөр бышыктап турганына карабай, Орусия карапайым калк жашаган жерлерге сокку урганын четке кагат.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн эл аралык легионунун ыктыярчылары 26 жаштагы америкалык Купер Эндрюс жана канадалык 27 жаштагы Кайл Портер менен 21 жаштагы Коул Зеленко курман болушту.
Алар 26-апрелде Бахмуттун айланасындагы салгылашууда каза болгонун CBC News жана CNN кабарлады.
CBC News каналынын бейрасмий эсебине ылайык, Украинадагы согушта беш канадалык набыт кетти. АКШ бийлиги беш жараны өлгөнүн билдирген.
Январда Украинанын Соледар шаарында жабыргандарга тамак-аш, дары-дармек жеткирип, карыларды эвакуациялоого жардам берип жүргөн эки британиялык ыктыярчы каза тапкан.
Украинанын оккупацияланган Мелитопол шаарында "облустук Ички иштер министрлигинин башчысынын орун басары" экени айтылган адамга кол салуу болду. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитети билдирди.
Башкармалыктын маалыматына караганда, аткаминердин үйүнүн дарбазасына бомба коюлган. Жабырлануучу жараат алып ооруканага жаткырылган. Анын аты-жөнү айтыла элек.
2-майда эртең менен Мелитополдун Киев дайындаган мэри Иван Федоров социалдык түйүндө шаардын түндүк тарабында тургундары жарылуунун үнүн укканын кабарлаган. Анын айтымында, жарылуу үнүнөн кийин "Тез жардам" жана полициянын автоунаалары көчөлөрдү аралап өткөн.
Орусиялык Телеграм каналдар Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) шилтеме жасап, кол салуу уюштургандар кармалганын жазышты. Алардын Запорожье Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин мурдагы орун басарынын өлүмүнө да тиешеси бар экени болжолдонууда.
Украин тарап бул окуяга комментарий бере элек.
Запорожье облусундагы Мелитопол шаары былтыр Орусия Украинага басып киргенден көп өтпөй оккупацияланган.
Украинанын Чернигов облусундагы Лизуновка кыштагына абадан сокку урулганда бир бала набыт болду. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 2-майда билдирди. Павлоград шаарына урулган соккудан эки жарандын өмүрү кыйылды.
Президент Владимир Зеленский соңку чабуулдарды айыптады:
"Орусиянын аба бомбасы дагы бир украин мектебин талкалады. Тилекке каршы, соккудан 2009-жылы туулган украиналык бала мүрт кетти. Ал болгону 14 жашта эле. Мектепке жакын жерде жашайт болчу. Үй-бүлөсүнө жана жакындарын көңүл айтам. Днепропетровск облусунун Павлоград калаасында террорчулардын ракеталары эки жаш жигиттин өмүрүн алып кетти. Алардын да жакындарына көңүл айтам. Соңку чабуулдарда дагы 40 киши жараат алды. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө".
Украин армиясы ошондой эле акыркы суткада Орусиянын Лиман, Бахмут, Марьинка жана Авдеевка багыттарындагы чабуулдары ийгиликсиз болгонун маалымдады. Орус аскерлери Новоселовка, Белогоровка, Предтечино, Северный жана Первомайский шаар-кыштактарын аткылады.
Украин аскерлери каршылаш тараптын 41 чабуулунун мизин кайтарды. Айрыкча, Бахмут менен Марьинка салгылаштын очогу бойдон калууда.
Ал арада Орусия Кара деңиздеги аскердик топторун азайтып жатканын Украинанын Аскер-деңиз күчтөрү кабарлады. 2-майда түш ченде таратылган маалыматка ылайык, Кара деңизде Москванын сегиз кемеси турат. Арасында канаттуу ракеталарды алып жүргөн кеме да бар. Ошол эле учурда буга чейин ал жерде Орусиянын канча кемеси болгону айтылган жок.
1-майга караган түнү Орусиянын стратегиялык авиациясы Мурманск облусунан жана Каспий деңизинин аймагынан чабуулга өткөн. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный 18 ракетанын 15инин мизи кайтарылганын билдирген.