Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:52
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл

Зеленский Украинага абадан коргонуу системасы жетпей жатканын билдирди

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:44 3.5.2023

3-майга караган түнү эки украиналык дрон Орусиянын президенти Владимир Путиндин резиденциясына сокку урууга аракет кылганын Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Орус медиасы дрондор Кремлди көздөй багытталганын, аскердик жана чалгын кызматтары алардын мизин кайтарганын кабарлады. Маалыматка караганда, эч ким жабыркаган эмес жана Путиндин иш жадыбалы өзгөргөн жок.

Киев азырынча комментарий бере элек.

"Соседи. Якинманка-Замоскворечье" Телеграм каналы Кремлдин маңдайындагы Серафимович көчөсүнүн тургундары катуу добуш укканын кабарлады. Жашоочулар асманда учкундарды жана Кремлдин дубалынын жанында кол чырак кармаган кишилер жүргөнүн көрүшкөн.

"Кремлди бутага алды" деген дрондор кандай көлөмдө жана кандай моделде экенин, алар кайдан учурулганын жана Москванын борборуна кандайча багытталганын орус бийлиги азырынча түшүндүрө элек.

18:43 3.5.2023

Украинанын Херсон шаарында иштеп жаткан жалгыз гипермаркетке урулган соккуда үч киши каза болуп, бешөө жарадар болду. Бул тууралуу 3-майда Украинанын Ички иштер министрлиги билдирди. Расмий маалыматка ылайык, каза болгондор жана жабыркагандар дүкөндүн кардарлары жана ошол жерде иштеген кишилер.

Сокку урулган "Эпицентр" гипермаркети Днепр дарыясына жакын жайгашкан. Азыр Днепрдин бою фронт линиясы деп саналат.

Украина бийлиги Херсондо 5-майдын кечинен 8-майдын таңына чейин 58 саат комменданттык саат жарыялады. Херсон администрациясынын башчысы Александр Прокудин бул укук коргоо органдарынын ишинде жардам берүү максатындагы чечим экенин билдирди.

Украина Херсон шаарын жана Херсон облусунун Днепр дарыясындагы оң жээк бөлүгүн былтыр ноябрда орус күчтөрүнөн бошотуп алган. Андан бери орустар облустун борборун жана башка калктуу аймактарды такай аткылап келет.

Видео жана сүрөттөр бышыктап турганына карабай, Орусия карапайым калк жашаган жерлерге сокку урганын четке кагат.

16:20 3.5.2023

Украинанын Херсон шаарына 5-майдан 8-майга чейин коменданттык саат киргизилип жатат. Кечки саат сегизден таңкы алтыга чейин калаага кирип-чыгуу, көчөдө жүрүүгө тыюу салынарын облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Прокудин билдирди.

Анын айтымында, убактылуу чектөөлөр укук коргоо органдарынын кызматкерлери жергиликтүү тургундарга коркунуч жаратпай өз ишин аткарышы үчүн зарыл.

"Чыккынчыларга жана зөөкүрлөргө биздин жерибизде мыкаачылык кылууга жол бербейбиз. Укук коргоо органдарынын тоскоолдуксуз иштешин жеңилдетүү үчүн коменданттык саат киргизип жатабыз", - деп түшүндүрдү Прокудин.

Ал Херсондун калкын азык-түлүк жана дары-дармектерди камдап алууга чакырды.

Украина Херсон шаарын жана Херсон облусунун Днепр дарыясындагы оң жээк бөлүгүн былтыр ноябрда орус күчтөрүнөн бошотуп алган. Андан бери орустар облустун борборун жана башка калктуу аймактарды такай аткылап келет.

Видео жана сүрөттөр бышыктап турганына карабай, Орусия карапайым калк жашаган жерлерге сокку урганын четке кагат.

15:43 3.5.2023

Брянск облусундагы аскердик аэродромго чабуул

Орусиялык Телеграм-каналдардын маалыматында, Брянск облусундагы аскердик аэродромго дрон менен сокку урулду. Беш дрондун экөө бутага тийип, колдонулбай турган "Руслан" Ан-124 учагына зыян келтирген.

Сокку Орусиянын Коргоо министрлигинин аскердик жүктөрдү ташыган 224-учуучу отряды жайгашкан Сеща аэродромуна урулганы айтылууда.

2-майда орусиялык Телеграм-каналдар бул облустагы темир жол түйүнүндөгү Снежетьская-Белые Берега станцияларынын аралыгында жарылуу болгонун жазышкан. Аймактын губернатору Александр Богомаз поезд рельстен жарылуучу жабдыктын ишке киргенинен улам чыгып кеткенин билдирген.

1-майда Брянск облусундагы Унеча шаарына жакын жерде жүк ташыган поезд рельстен чыгып кеткен. Күйүүчү май жүктөгөн бир канча цистерна күйүп кеткен. Кырсыкка диверсия себеп болушу мүмкүн экени айтылган.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG