АКШнын чалгын кызматы Орусия өзөктүк куралы тууралуу улам эскертип, коркутуп жатканына карабай, аны колдонушу күмөн деп эсептейт.
Бул тууралуу АКШнын Улуттук чалгын кызматынын жетекчиси Эврил Хейнс бейшембиде Сенаттын куралдуу күчтөр боюнча комитетинде сүйлөп жатып билдирди.
"Америка авазы" өлкөнүн расмий өкүлдөрү бир нече айдан бери Орусия тараптан өзөктүк курал колдонууга даярдык жышааны жоктугун, бирок ошол эле учурда көзөмөл жүрүп жатканын билдирип келгенин жазды.
Киевдин үстүндө атып түшүрүлгөн дрон Украинага таандык
Украинанын аскер-аба күчтөү бейшембиде Киевдин үстүндө атылган учкучсуз учак - украин күчтөрүнө таандык "Байрактар" экенин билдирди. Башкармалыктын маалыматында "Байрактар" башкаруусун жоготуп алгандан кийин аны атып түшүрүү чечими кабыл алынган. "Абдан өкүнүчтүү, бирок бул техника, мындай учурлар болуп турат. Жабыр тарткандар жок", - деп айтылат маалыматта.
АКШ: Кремлге чабуул койгон дрондорго тиешебиз жок
Ак үйдүн улуттук коопсуздук кызматынын өкүлү Жон Кирби Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун "чабуулга Вашингтондун тиешеси болушу мүмкүн" деген билдирүүсүнө комментарий берип, "Буга эч кандай тиешебиз жок" деп билдирди.
Орусиянын 21 шаарында Жеңиш күнүндө парад өтпөй турган болду
Коопсуздуктан улам Саратов, Орёл, Калуга, Рязань, Липецк, Елец, Гусев жана Тюмень шаарлары парад өткөрбөй турганын "Вёрстка" басылмасы билдирди.
Псков жана Великие Лукинин бийликтери параддан баш тартууну "аскердик операцияга" байланыштырды. Аймактын башчысы Михаил Ведерниковдун айтымында, Украинага согушка барып келгендер фейерверк атылганын туура эмес түшүнүшү мүмкүн. Курскиде парадды өткөрбөөнү "учурдагы кырдаалга" байланыштырса, Белгороддо техника жана аскер кызматкерлерин топтоо менен каршылашты чагымга чакыргысы келбегенин билдиришкен.
Брянск, Краснодар жана Сочи майрамдык иш-чарадан баш тартуу себебин түшүндүргөн жок. Нижневартовск, Сургут жана Ханты-Мансийск башка шаарларга тилектештик иретинде парад өткөрбөйт.
Коопсуздуктан улам аннексия болгон Крымдын шаарларында да парад өтпөй турган болду.