Ишемби күнү таң эрте, 6-майда аннексияланган Крымдын Красногвардейск районунда эки жарылуу болгонун жергиликтүү жашоочулар билдирди.
"Крымдын түндүгүндө Абадан коргонуу күчтөрү иштеди. Курмандыктар жана кыйроолор жок" деп жазды Крымдын башчысынын кеңешчиси Олег Крючков. Социалдык медиада жарылуу болгон жерден чыккан түтүн тартылган видеону жарыялап жатышат.
Андан тышкары бүгүн Крым көпүрөсүндөгү кыймыл "техникалык себептерден" улам токтотулуп, кайра жанданган. Акыркы кезде аннексия болгон Крымга чабуулдар күчөдү. Бир жума мурда Севастополдогу мунай сактоочу жайга болгон чабуулду украин бийлиги "Киевдин контрчабуулга" даярдыгынын элементи катары аташкан.
Акыркы окуялар тууралуу кыскача маалымат
- Орусиянын коргоо министри Шойгу орун басарына аскерлерди бардык керектүү нерселер менен жабдууну тыкыр көзөмөлдөөнү тапшырды. Мунун алдында "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин Шойгуну жана Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимовду орой сөгүп, анын тобуна курал беришин талап кылган жана андай болбогон учурда Бахмуттан чыгып кете турганын билдирген.
- Орусиялык армия 5-майда Украинанын Краматорск, Славянск жана Запорожье аймагына ракетадан сокку урду.
- Украинанын Запорожье облусунун Орусия басып алган бөлүгүндөгү оккупациялык бийлик фронт жүрүп аткан шаар жана айылдардан 70 миң адамды чыгарып кетүүгө аракет кылууда.
- Германиялык Rheinmetall аскер-өнөр жай концернинин башчысы Армин Паппергер Украинага жылына 600 снаряд берип турууга даяр экенин билдирди.
- Даниянын коргоо министри өз өлкөсү жана Германия 1-июндан тарта Украинага Leopard 1 үлгүсүндөгү эски танктарды бере баштарын билдирди. Эки өлкө биригип 80 техника берүүгө камынууда.
- CNN телекомпаниясы украиналык жана батыш булактарына таянуу менен орусиялыктар HIMARS ракетасын электрондук жабдыктардын жардамы менен четке кагууну үйрөнгөнүн билдирди. Азыр тараптардын бири ракетанын траекториясын таап, аны өзгөртүү менен алек болсо, башкалары ага каршы күрөшүү жолдорун издеп жатат.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жума күнү "Вагнер" жеке аскердик тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожинге Донбассты бошотуудагы салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал чечен бөлүктөрү Бахмуттагы "вагнерчилерди" алмаштырууга даяр экенин, бирок өз өмүрүн тобокелге салууну каалабасын кошумчалады.
Кадыров муну менен Пригожиндин орусиялык армиянын жетекчилерине ачуу сын айтып, коркутканына реакция кылгандай.
Кадыров билдирүүсүнүн башында жана аягында Пригожиндин дарегине мактоо жаадырып, бирок чечен бөлүктөрү деле согуштун жүрүшүндө армия тараптан жетиштүү жардам албаганын, аны элге жарыя кылбаганын кыйыткан.
"Биздин балдар ролик жаздырып, каршылашка жагымдуу маалымат берген эмес", - деп айтылат билдирүүдө.
Кадыров "Ахмат" атайын бөлүгү Бахмуттагы "Вагнерди" алмаштырууга даяр экенин жазган.
"Эгер сценарий ушундай болсо, биздин күчтөр шаарга карай жылууга даяр. Бул бир нече гана сааттык иш. Бирок шаардын эки чакырымын аскерлердин өмүрү менен эмес, ич ара түшүнүү жана колдоо, Орусиянын Башкы команда берүүчүсү Путиндин буйругун аткаруу менен алсак болмок", - деди Кадыров.
Март айында эксперттер Чеченстандын башчысы менен "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын жетекчисинин ортосунда пикир келишпестик чыкканын билдиришкен. Ага чейин Кадыров өзү да Украинадагы орус командачылыгынын ишин сындап, Донбасстагы ийгиликсиз операция үчүн армияда кадрдык өзгөртүү жүргүзүүнү талап кылган. Бирок орус президенти Путин менен жолуккандан кийин ал оюнан кайткан. Ошол эле күнү өзүнүн Телеграм-каналына Коргоо министрлигин жана анын жетекчиси Сергей Шойгуну, Башкы штабды мактап, орусиялык аскерлер Украинада “акылдуу тактиканы” карманып жатканын белгилеген.
Украинанын Запорожье облусунун оккупациялык бийлиги фронтко жакын жайгашкан 18 конуштун тургундарын "эвакуациялоону" жарыялады. Бул тууралуу Орусия дайындаган “губернатордун милдетин аткаруучу” Евгений Балицкий өзүнүн Telegram каналына жазды.
Биринчи кезекте кары-картаңдар, балдар, майыптыгы барлар жана ооруп жаткандар көчүрүлөт. Балицкий аларга облустун башка аймактарынан убактылуу баш калкалоочу жайлар берилерин билдирди. Орусия дайындаган бийлик акыркы кезде аймакта украин армиясы чабуулду күчөткөнүн маалымдады.
Ошол эле маалда "Реальное Запорожье" Telegram каналы Запорожье облусунун оккупацияланган Молочанский жана Токмак райондорунда ата-энелер балдарын калкты көчүрүп жаткан орус жоокерлеринен жашыруунун аракетин көрүп жатканын жазды.