Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:38
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл
Украина, Херсонго соккунун кесепети. 17-октябрь, 2026-жыл

Зеленский Украинага абадан коргонуу системасы жетпей жатканын билдирди

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:05 6.5.2023

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мария Захарова жазуучу Захар Прилепин бараткан машинадагы жарылуу үчүн Кошмо Штаттарын күнөөлөдү. Ал бул тууралуу Телеграм-каналына жазды.

Буга байланыштуу расмий Вашингтон азырынча комментарий бере элек.

Өлкөнүн чукул кырдаалдар кызматтары машинанын алдына коюлган жардыруучу зат жарылганын кабарлашты. Айрым маалыматтарга караганда жазуучунун алган жарааты оор, машинанын айдоочусу мерт болду.

Ал арада машинадагы жарылуу үчүн жоопкерчиликти өздөрүн "украиндердин жана Крым татарларынын аскердик кыймылы" деп атаган "Атеш" уюму алганы тууралуу маалыматтар чыкты. Бул тууралуу аталган кыймылга таандык деген Телеграм-каналда жазылды. Азырынча аны көз карандысыз булактар ырастай элек.

Прилепин Орусияда белгилүү жазуучулардын бири, көптөгөн адабий сыйлыктардын ээси. Ал "Справедливая Россия - за правду" партиясынын лидерлеринин бири катары да таанымал.

Прилепин 2021-жылы Мамлекеттик Думага депутат болуп шайланган, бирок мандат алуудан баш тарткан. Жазуучу 2014-жылдан бери Украинага кескин каршы экенин билдирип келет жана өздөрүн "Донецк элдик республикасы" деп атаган жикчилер тарапта согушка дагы катышкан. Былтыр күзүндө жазуучу Росгвардиянын курамында Украинага каршы согушка кайра кеткени тууралуу маалыматтар чыккан.

13:56 6.5.2023

Украинанын Аскер-аба күчтөрүнүн кол башчылыгы биринчи жолу Орусиянын "Кинжал" ракетасы атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Кол башчы Николай Олещук 3-майдан 4нө караган түнү Patriot системасы менен үндөн бир канча эсе ылдам учкан "Кинжал" ракетасы Киевге жасалган чабуул маалында жок кылынганын ырастады. Ал ошондой эле "душман колдонушу ыктымал болгон маалыматтарды алдын ала жарыялабоого" чакырды.

Мунун алдында украиналык Defense Express басылмасы "Кинжал" атып түшүрүлгөнүн жазып чыккан. Журналисттер Киевдеги стадиондордун бириндеги ракетанын сыныктарынын сүрөтүн жарыялаган. Анда басылма бул маалыматты ишенимдүү булактардан алганын билдирген.
Defense Express 4-майда Киев шаарынын аскердик администрациясынын "баллистикалык үлгүдөгү" ракета жок кылынган болушу ыктымал деген маалыматына көңүл бурган.

Аскер-аба күчтөрүнүн кол башчылыгы башында "Кинжал" тууралуу комментарий берүүдөн баш тартып жаткан.

Москва буга байланыштуу азырынча үн ката элек.

Орус армиясы "Кинжал" ракетасы кадимки үндөн беш эсе ылдам уча аларын, абадан коргонуу системаларына кармалбастан 2 миң чакырым алыстыктагы бутага сокку ура аларын билдирип келет.

13:00 6.5.2023

Ишемби күнү таң эрте, 6-майда аннексияланган Крымдын Красногвардейск районунда эки жарылуу болгонун жергиликтүү жашоочулар билдирди.

"Крымдын түндүгүндө Абадан коргонуу күчтөрү иштеди. Курмандыктар жана кыйроолор жок" деп жазды Крымдын башчысынын кеңешчиси Олег Крючков. Социалдык медиада жарылуу болгон жерден чыккан түтүн тартылган видеону жарыялап жатышат.

Андан тышкары бүгүн Крым көпүрөсүндөгү кыймыл "техникалык себептерден" улам токтотулуп, кайра жанданган. Акыркы кезде аннексия болгон Крымга чабуулдар күчөдү. Бир жума мурда Севастополдогу мунай сактоочу жайга болгон чабуулду украин бийлиги "Киевдин контрчабуулга" даярдыгынын элементи катары аташкан.

12:39 6.5.2023

Акыркы окуялар тууралуу кыскача маалымат

  • Орусиянын коргоо министри Шойгу орун басарына аскерлерди бардык керектүү нерселер менен жабдууну тыкыр көзөмөлдөөнү тапшырды. Мунун алдында "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин Шойгуну жана Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимовду орой сөгүп, анын тобуна курал беришин талап кылган жана андай болбогон учурда Бахмуттан чыгып кете турганын билдирген.
  • Орусиялык армия 5-майда Украинанын Краматорск, Славянск жана Запорожье аймагына ракетадан сокку урду.
  • Украинанын Запорожье облусунун Орусия басып алган бөлүгүндөгү оккупациялык бийлик фронт жүрүп аткан шаар жана айылдардан 70 миң адамды чыгарып кетүүгө аракет кылууда.
  • Германиялык Rheinmetall аскер-өнөр жай концернинин башчысы Армин Паппергер Украинага жылына 600 снаряд берип турууга даяр экенин билдирди.
  • Даниянын коргоо министри өз өлкөсү жана Германия 1-июндан тарта Украинага Leopard 1 үлгүсүндөгү эски танктарды бере баштарын билдирди. Эки өлкө биригип 80 техника берүүгө камынууда.
  • CNN телекомпаниясы украиналык жана батыш булактарына таянуу менен орусиялыктар HIMARS ракетасын электрондук жабдыктардын жардамы менен четке кагууну үйрөнгөнүн билдирди. Азыр тараптардын бири ракетанын траекториясын таап, аны өзгөртүү менен алек болсо, башкалары ага каршы күрөшүү жолдорун издеп жатат.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG