Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:32
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл

Киев кайра чабуулга кабылды, Омскиде заводго дрон тийди

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:21 8.5.2023

Орусиянын аскерлери 8-майга караган түнү Украинанын Киев жана Одесса шаарларына дрон, ракета менен чабуул жасады. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү анда жараат алгандар бар экенин билдирди.

"Страна.ua" сайты Киев шаарында жана облусунда бир канча жарылуу болгонун жазды. Аймактык администрация шаардын үстүндө абадан коргоо системалары иштеп жатканын билдирип, тургундарды чукул арада коопсуз жайга жашынууга чакырды.

Киевдин мэри Виталий Кличко көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өрт чыкканын, төрт адам жараат алганын жазды. Шаардагы аскердик администрация жабыркаган беш кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөнүн кабарлады. Расмий маалыматка ылайык, бул түнү 30дан ашык дрон атып түшүрүлгөн.

"Баштыпкы маалыматка ылайык, шаарга туш тараптан ирандык "Шахед" дрондору менен чабуул жасалган. Киевдин аба мейкиндигинен 30дан ашык дрон аныкталып, жок кылынды. Абадан коргоо системаларына рахмат",-деп жазылган Киев шаардык аскердик администрациясы тараткан билдирүүдө.

Одессада дагы 8-майда түнү жардыруулар болду. Аймактын аскердик администрация Орусия Х-22 үлгүсүндөгү ракеталар менен аткылаганын, азык түлүк кампасы менен Кара деңиздин жээгиндеги рекреациондук аймакта өрт чыгып, ал өчүрүлгөнүн кабарлады.

Украинанын борбордук жана чыгыш аймактарында 7-майда саат 11де абадан эскертүү берилип, ал үч саатка чейин созулду.

Согуш маалында маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

11:33 8.5.2023

Түркия Украинага Орусиядан сатып алган С-400 үлгүсүндөгү зениттик ракеталарды берүү тууралуу Кошмо Штаттарынын өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглы билдиргенин "Анадолу" маалымат агенттиги жазды. Анын сөзүнө караганда, Анкара мындай өтүнүч улуттук кызыкчылыкка каршы келет.

Былтыр августта Москва Түркияга С-400 зениттик ракеталык комплекстердин экинчи топтомун саткан.

С-400 “Триумф” – алыскы жана орто аралыкка атылчу зениттик ракета. Ал Орусиянын куралдануусуна 2007-жылы кабыл алынган. Москва аны Түркиядан сырткары Кытайга жана Индияга жеткирген, орус аскерлери аны Сириядагы согушта пайдаланган. Москва менен Анкара бул комплекстерди жеткирүү тууралуу келишимге 2017-жылы кол коюшкан. Түркия НАТОнун ичинде бул куралды алган биринчи өлкө болуп калган.

Вашингтон бир нече жолу Анкараны бул комплекстерден баш тартууга чакырып келген. Түркия ага жооп кылып, уюмдун ичиндеги өнөктөш буга окшош куралдарды ыңгайлуу шартта бере алышпаганын жүйө келтирген.

АКШ Түркиянын С-400 системаларын сатып алганына байланыштуу Анкарага өзүнүн F-35 кыргын салуучу (истребитель) учактарын сатуудан баш тарткан жана бир нече түрк аткаминерлерин санкцияга киргизген.

Вашингтон Түркия ушуга чейин алган ракеталык системаларын Украина берсе, Анкарага салынган санкциялар алынарын убада кылган.

11:32 8.5.2023

Украинага каршы согушка катышып жүргөн орусиялык жазуучу Захар Прилепин жардыруу болгон машинаны өзү айдап баратканын билдирди. Ал 6-майдагы кол салуудан кийин биринчи жолу Телеграм-каналына билдирүү жазды. Анда учурда Нижний Новгород шаарында ооруканада экенин, эки буту тең сынганын айткан. Бул жардырууда машинада отурган бир адам мерт болгон жана буга чейин ал айдоочу экени тууралуу маалыматтар чыккан.

Орусиянын тергөө кызматы кол салууга байланыштуу Украинанын атайын кызматын айыптаган. Киев болсо комментарий берген эмес.

Москва кол салууга айыптап Донецк облусунун тургуну Александр Пермяков кармалганын билдирген. Анда кылмышка шектүү украиналык атайын кызматтын тапшырмасын аткарганын айтып көрсөтмө бергени кабарланган. Айрым орусиялык басылмалар Пермяков Донецкте Кремль колдогон жикчилдердин катарынды кызмат кылганын жазышкан.

Машинадагы жарылуу үчүн жоопкерчиликти өздөрүн "украиндердин жана Крым татарларынын аскердик кыймылы" деп атаган "Атеш" уюму алган.

Прилепин Орусияда белгилүү жазуучулардын бири, көптөгөн адабий сыйлыктардын ээси. Ал "Справедливая Россия - за правду" партиясынын лидерлеринин бири катары да таанымал.

Ал 2021-жылы Мамлекеттик Думага депутат болуп шайланган, бирок мандат алуудан баш тарткан. Жазуучу 2014-жылдан бери Украинага кескин каршы экенин билдирип келет жана өздөрүн "Донецк элдик республикасы" деп атаган жикчилдер тарапта согушка дагы катышкан. Былтыр күзүндө жазуучу Росгвардиянын курамында Украинага каршы согушка кайра кеткени тууралуу маалыматтар чыккан.

  • Ушул жылдын 2-апрелинде Санкт-Петербургдун борборундагы кафеде жардыруу болуп, аскердик кабарчы Владлен Татарский (өз аты Максим Фомин) мерт болгон. Кафеде анын чыгармачыл кечеcи өтүп жатканы кабарланган. Жардырууда жабыркаган 30 адамдын 24ү ооруканага жаткырылган. Татарский Донбасста орусиячыл күчтөрдүн катарында согушуп, кремлчил пропагандачы катары таанылган. Орусиянын мамлекеттик каналдары жардырууну 26 жаштагы жергиликтүү тургун - Дарья Трепова жасаганын маалымдашкан.
  • Былтыр август айында машинадагы жарылуудан улам орусиялык саясий технолог, философ Александр Дугиндин кызы Дарья Дугина каза болгон. Москва бул окуяга байланышуу Киевди айыптаган. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы кылмышка шек саналып Украинанын эки жараны кармалганын кабарлаган. Киев дооматты четке каккан.
09:47 8.5.2023

Украинанын коргоо министри Алексей Резников Киевдин контрчабуулуна "дүйнө ашыкча үмүт артып жатканын”, бул “эмоционалдык көңүл калууга” алып келиши ыктымал экенин The Washington Post гезитине курган маегинде билдирди. Басылмага Резников апта башында маек куруп, 6-май күнү кечинде жарыяланды.

“Батыш өнөктөштөрүбүз жаңы ийгиликтин керек экенин айтышат. Ийгилик канчалык маанилүү болорун - он, отуз, жүз, эки жүз километрби, аны айталбайм”, – деп билдирди ал.

Ал эми украин президенти Владимир Зеленский Post гезитине берген интервьюсунда: "Көпчүлүк адамдар чоң бир нерсени күтүп жатышат" деп, Украина "өнөктөштөр менен макулдашылган курал-жарак толукталгандан кийин” контрчабуулга даяр болорун билдирди. Зеленский Орусия ээлеп алган кайсыл аймак болбосун кайтарууну ийгилик деп эсептерин кошумчалады.

The Washington Post гезити Киевдин баштапкы ийгилиги - Керчь кысыгындагы көпүрөнү талкалоосун, аннексияланган Крымдагы орус аскердик базаларын обочолонтууну жана Запорожье облусундагы орус аскерлерин маанилүү жолдордон кесүүнү атаса болот деп эсептейт.

Былтыр февралда Украинага кол салганда орусиялык армия ири аймактарды ээлеп алууга жетишкен. Ошол эле жылдын жазында алар Киевдин жанынан жана түндүк облустардан чегинүүгө аргасыз болгон. Күзүндө украиндер Харьков облусунун бир нече жерин кайтарып алган. Орусиялык аскерлер Херсон шаарын жана облустун кээ бир райондорун калтырып кеткен.

Украинанын контрчабуулу тууралуу бир нече айдан бери айтылып келатат. Соңку маалыматтарга караганда, операция майда же жайдын алгачкы айларында башталышы ыктымал.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG