Украинанын дээрлик бардык аймагында 9-майга караган түнү абадан эскертүү жаңырды. Киев шаары менен Киев облусунда таңга маал бир канча жолу жарылуу болду. Жергиликтүү басылмалар бир жардыруу өзгөчө катуу болгонун жазышты.
Киевдин аскердик администрациясы аны абадан коргоо системаларынын иштеши менен байланыштырды жана тургундарды абадан эскертүү аяктаганга чейин коопсуз жайга жашынып турууга чакырды.
Орусиялык күчтөр 8-майдын кечинде Харьков шаарын жана Харьков облусун ракета менен аткылады. Аймактын аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов С-300 үлгүсүндөгү ракета кеминде алты жолу атылганын билдирди. Жараат алып, жабыркагандар болгон-болбогону такталып жатат.
Ошондой эле Днепропетровск жана Сумы облустары дагы бир канча жолу аткыланганы кабарланды.
Дүйшөмбүдө, 8-майга караган түнү Украинанын бир топ аймактарында түнү бою абадан эскертүү берүү токтогон эмес жана ал күндүз дагы уланган. Киевдин мэри Виталий Кличко Орусия согуш ачкандан бери шаарга дрондор менен эң көп чабуул жасалганын билдирген. Борбор калаада күйүүчү май сакталган жай жабыркаган. Одессада кампа өрттөнүп, анын кароолчусу мерт болгон.
Европа Комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен 9-майда Киевге расмий сапар менен келет. Анын жүрүшүндө Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугат.
Уюмдун басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, анда Киевди орусиялык агрессиядан андан ары коргоо чаралары тууралуу сөз болот. Ошондой эле Европа Биримдиги менен Украинанын алака-катышына байланыштуу бир катар маселелер, анын ичинде евроинтеграция талкууланат.
Урсула фон дер Ляйен Киевге ушул жылдын февраль айынан башында келип кеткен. Анда "Украина - Европа Биримдиги" саммитине катышкан. Ошондой эле Киев шаркеттин мүчөлүгүнө талапкер деген расмий макам алган.
9-майдын таңында Киевде жана Украинанын батышындагы облустардан башка аймактарында Орусиянын күчтөрүнүн аткылоо коркунучуна байланыштуу абадан эскертүү берилди.
Бул тууралуу Украинанын расмий өкүлдөрү билдиришти.
Орусиянын аскерлери 8-майга караган түнү Украинанын Киев жана Одесса шаарларына дрон, ракета менен чабуул жасады. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү анда жараат алгандар бар экенин билдирди.
"Страна.ua" сайты Киев шаарында жана облусунда бир канча жарылуу болгонун жазды. Аймактык администрация шаардын үстүндө абадан коргоо системалары иштеп жатканын билдирип, тургундарды чукул арада коопсуз жайга жашынууга чакырды.
Киевдин мэри Виталий Кличко көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өрт чыкканын, төрт адам жараат алганын жазды. Шаардагы аскердик администрация жабыркаган беш кишиге медициналык жардам көрсөтүлгөнүн кабарлады. Расмий маалыматка ылайык, бул түнү 30дан ашык дрон атып түшүрүлгөн.
"Баштыпкы маалыматка ылайык, шаарга туш тараптан ирандык "Шахед" дрондору менен чабуул жасалган. Киевдин аба мейкиндигинен 30дан ашык дрон аныкталып, жок кылынды. Абадан коргоо системаларына рахмат",-деп жазылган Киев шаардык аскердик администрациясы тараткан билдирүүдө.
Одессада дагы 8-майда түнү жардыруулар болду. Аймактын аскердик администрация Орусия Х-22 үлгүсүндөгү ракеталар менен аткылаганын, азык түлүк кампасы менен Кара деңиздин жээгиндеги рекреациондук аймакта өрт чыгып, ал өчүрүлгөнүн кабарлады.
Украинанын борбордук жана чыгыш аймактарында 7-майда саат 11де абадан эскертүү берилип, ал үч саатка чейин созулду.
Согуш маалында маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.