Москвада өткөн Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 78 жылдыгына арналган аскердик парадга быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу азыраак техника чыгарылды. Бул тууралуу талдоочу Оливер Александер Твиттерге жазды. Анын эсебине караганда, быйыл Кызыл аянттан 51 даана техника өткөн. Былтыр алардын саны 131 болсо, 2021-жылы 197 аскердик машине парадга тартылган.
Жүрүш 45 мүнөткө созулду. Мурунку жылдары 9-майдагы иш-чаранын убактысы бир жарым саатка созулчу.
Александер жана башка талдоочулар быйылкы парадга заманбап танктар чыгарылбаганын да айтып жатышат.
АКШ Украинага абадан коргонууга дагы 1,2 миллиард долларлык жардам бөлөт. Бул тууралуу расмий Вашингтон 9-майда жарыялай турганын Associated Press агенттиги жазды. Маалыматка караганда, жардамдын ичине Hawk абадан коргонуу системалары, зениттик каражаттар жана учкучсуз апараттар кирет. Андан тышкары артиллериялык системалар, ракеталар жана курал-жабдык жөнөтүлөт.
Буга чейин 3-майда АКШ бийлиги Украинага 300 миллион долларга аскердик жардам бөлгөн. Ага HIMARS ракеталык системаларына ок-дары, танктарга каршы системалар, миналар, артиллериялык снаряддар, жогорку тактыктагы авиациялык ок-дарылар, «жер-аба» классындагы чакан аралыктагы Hydra-70 авиациялык ракеталары кирген.
Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада өтүп жаткан парад аркылуу Борбор Азияга таасири күчтүү экенин көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Бул тууралуу Америкалык Согушту иликтөө институтунун (ISW) кезектеги баяндамасында жазылган.
Баяндамада Борбор Азия мамлекеттеринин айрым лидерлери согушту колдогонун түз жана ачык көрсөткүсү келбегени, ушул себептен алар Москвага бара турганын кеч жарыялаганы болжолдонгон.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 9-майда Киевге барды.
"Биз аздектеген баалуулуктарды күндө коргоп жаткан Киевге кайра келгениме кубанычтамын", -деп жазды фон дер Ляйен Твиттерге.
Ал ошондой эле украин президенти Владимир Зеленскийдин 9-майды өз өлкөсүндө Европа күнү деп жарыялоо чечимин кубаттады. Бул күнү Евробиримдикте Европа күнү белгиленет. 1950-жылы Франциянын тышкы иштер министри Робер Шуман шаркеттин түптөлүшүнө негиз болгон декларацияны сунуштаган.
Урсула фон дер Ляйен Киевге келерден бир нече саат мурда Орусия украин баш калаасына жана башка аймактарга ракетадан сокку урган. Ушуну менен Москва ай башынан бери Киевди бешинчи жолу ракета менен аткылады. Жалпы урулган 25 ракетанын 15и украин борбор калаасына багытталган.