Франциянын улуттук жыйынынын депутаттары "Вагнер" менчик аскердик компаниясын Европадагы террордук уюмдардын тизмесине киргизүү резолюциясына 9-майда добуш беришти.
Бул резолюция милдеттүү эмес, символикалык макамга ээ. Анын автору, бийликчил фракциянын өкүлү Бенжамин Хаддад бул резолюция Евробиримдикке мүчө 27 мамлекетти аталган уюмду террордук тизмеге кошоруна шыктандарырат деген үмүттө.
"Вагнерчилер кайда болбосун туруксуздук, зордук-зомбулук жайылтып жүрүшөт. Алар адамдарды өлтүрүп, кыйнап, тоноп, коркутуп, ошону менен бирге эч жазасыз калууда",- деди ал.
Украинанын президенти Владимир Зеленский француз парламентинин резолюциясын кубаттады.
Буга чейин Литванын сейми "Вагнерди" террордук уюмдардын катарына киргизген биринчи европалык парламент болуп калган.
Ушул жылдын апрель айында Евробиримдик "Вагнер" менчик кампаниясын санкциялык тизмеге кошкон. Ал эми жыл башында АКШ аны трансулуттук кылмыштуу уюм катары тааныган.
Орусиялык күчтөр Бахмут-Авдеевка-Марьинка согуш тилкесиндеги украиналык аскерлердин турумдарына 46 жолу ракеталык сокку урду. Бул тууралуу Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 10-майдагы күнүмдүк баяндамасында маалымдады.
«Вагнер» менчик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин анын жалданма жоочулары Бахмутта алдыга жылып баратканын билдирди. 9-майда ал Орусиянын Коргоо министрлигин жетиштүү курал-жарак менен камсыздабай жатканы үчүн дагы айыптады.
Ал ок-дарынын жетишсиздигинен Бахмутту толук өз карамагына алууга мүмкүн болбой жатканын кошумчалады.
Пригожин, «Вагнер» менчик компаниясы Батыштын санкциялык тизмесине киргизилген. АКШнын Финансы министрлиги 26-январда «вагнерчилерди» трансулуттук кылмыш уюмунун мүчөлөрү деп мүнөздөгөн.
Казакстан Орусияга өткөрүлгөн электроника товарларына бажы көзөмөлүн күчөттү. Казакстан аркылуу Өзбекстандан дагы товарлар алынчу.
Бул эки мамлекет тең Samsung, LG, Bosch, Electrolux сыяктуу компаниялардын ири импортоочусу болуп эсептелинип келген.
Соодагерлер электрониканы Кыргызстан, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарынан ташый баштагандыктан, Орусияда баа 10-12% кымбаттады.
Казакстан Орусияга салынган санкцияларды айланып өтүүгө өз аймагын колдонууга жол бербестигин апрель айынын башында тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко билдирген. Анын айтымында, 1-апрелден баштап Орусияга импорттолгон товарларды көзөмөлдөгөн система иштеп баштады.
Расмий маалыматка ылайык, Орусия менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2022-жылы эки миллиард долларга жогорулап, 26 миллиард долларды түзгөн.
Буга чейин Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 11-айлампасында Москвага чектөөлөрдү бузуп өтүүгө көмөк көрсөтүп жаткан үчүнчү мамлекеттерге да чара көрүшү мүмкүндүгү, алардын арасында Казакстан да бар экени кабарланган.
Украинанын чыгышында AFP маалымат агенттигинин видеожурналисти Арман Сольден мерт болду. Бул тууралуу агенттик Твиттердеги баракчасы аркылуу билдирди.
Анда "Арман Сольдендин өлүмү тууралуу кабарга кабыргабыз кайышып турат",- деп жазылган.
AFP Сольден Донецк облусундагы Часов Яр шаарындагы ракеталык чабуулдун айынан мерт болгонун тактады. Аны менен кошо жүргөн төрт кабарчы жабыркаган эмес.
Боснияда туулган Сольден 32 жашта болгон жана эмгек жолун AFP агенттигинин Римдеги бюросунда баштаган. Ал 2015-жылы Лондонго көчүп келген.
Былтыр сентябрда Сольден AFP агенттигинин Киевдеги бюросунда видеокоординатор болуп дайындалган. Ал Твиттердеги баракчасына акыркы билдирүүнү 8-майда калтырган жана анда жараат алган украин жоокерлери жана Бахмуттага талаа госпиталынын иши тууралуу жазган.
Өткөн айдын аягында Херсондо италиялык La Repubblica басылмасынын кабарчысы Коррада Зуниного согушту чагылдырууга жардам берип жүргөн украиналык журналист Богдан Битик мерт болгон. Зунино ийнинен жараат алган. Аталган басылма журналисттерди Антонов көпүрөсүнүн анча алыс эмес жерде көзгө атарлар бутага алганын билдирген.
Журналисттердин эл аралык федерациясынын эсебинде, Орусия Украинага согуш ачкандан бери дегенде 13 журналист мерт болду, дагы 18и жараат алды. Набыт болгондор арасында "Азаттыктын" украин кызматынын Киевдеги кабарчысы Вера Гирич дагы бар.