Украинанын Херсон облусунун Миролюбовка айылындагы айыл чарба ишканаларынын биринде снаряд жарылып, беш киши каза болду. Алардын бардыгы жайкын тургундар. Эң жашы 27, улуусу 68 жашта болгон.
Украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак Орусиянын бомбалоосунан кийин жарылбай калган снаряд ишке киргенин билдирди.
Херсон облусунун прокуратурасы согуш мыйзамдарын жана салттарын бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
"РБК-Украина" билдиргендей, орус армиясы соңку суткада Херсон облусуна 400 снаряд таштаган, жыйынтыгында алты киши жабыркады.
Ишемби күнү Орусиянын аба күчтөрү Бериславга эки авиабомба таштаган. Аткылоодон улам шаар жарыксыз калды.
Бахмуттагы кырдаал
Украинанын министринин орун басары Анна Маляр Телеграмда украин бөлүктөрү алдыга жылып жатканын билдирди.
"Душман жок кылынып, кайра орду толукталып жатат. Кармаштардан улам жоготуулардын так санын айтуу оор. Кырдаал оор. Биздин коргоочуларыбыз шаарды каршылашка бербей турат", - деди Маляр.
Брянск облусундагы Клинцы шаарында Ми-8 тик учагы күйүп, кулап баратканын күбөлөр тартып алган. Алдын ала маалыматта өрттүн чыгышына кыймылдаткычтын күйүп кетиши себеп болушу мүмкүн. "База" вертолет шаардын үстүндө көпкө чейин айланганын, андан кийин жеке секторго кулап түшкөнүн жазды. ТАСС эки адам - тик учактын экипажы каза болгонун билдирди.
Орусия ишемби күнү болжол менен эки аскерий тик учагын жана эки учагынан айрылышы ыктымал.
ЖМК жана Телеграм-каналдардагы маалыматтарга караганда, алар ишемби күнү эртең менен Брянск облусунун үстүнөн атып түшүрүлгөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, алардын бардыгы бир авиатопто болгон.
Ишемби күнү кечинде бийлик Клинцы шаарында бир Ми-8 тик учагы жоголгонун тастыктаган. Учкучтар каза болгону кабарланууда.
“База” басылмасы экипаждын баарын кошкондо жалпысынан тогуз учкуч каза тапканын билдирди. ТАСС Су-34 учагы менен тик учагы жок кылынганын билдирди. Учкучтардын өлгөнү тууралуу кабарды бир катар орусиялык Телеграм-каналдар, маалымат каражаттары кабарлаганын “Коммерсантъ” басылмасы жазды.
Украина тарап окуя боюнча расмий комментарий бере элек. Брянск облусу Украина менен чектеш, бирок орусиялык учактардын кыйроолору чек арадан бир канча аралыкта катталган.
Алгач Клинцы шаарында тик учак кыйраганы тууралуу маалымат түшкөн. Ал Украина менен чек арадан 50 чакырымдан ашык аралыкта жайгашкан. Окуяга күбө болгондор Ми-8дин кулашы боюнча бир нече видеону жарыялашты. Маалыматтарга караганда, ал абада күйүп кетип, кулай баштаган. Шаардык мэриянын башчысы Сергей Евтеев жерде кыйроо жок экенин тактады.
ТАСС өзгөчө кызматтагы булактарына таянып тик учактын күйүшүнө кыймылдаткычтын күйүп кетиши себеп болгонун жазды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 13-майда Римге барды.
Зеленскийдин Италияга сапары Орусия учкучсуз учактардан Киевге кайрадан сокку урган жана Украинанын борбордук жана түштүгүндөгү шаарларды аткылаган учурга туш келди. Ошол эле учурда бир нече айдан бери айыгышкан салгылашуулар жүрүп жаткан Бахмутта Украинанын ийгиликтери тууралуу маалыматтар айтылууда.
Ишемби күнү Зеленскийди Италиянын президенти Сержио Маттарелла өзүнүн резиденциясында кабыл алып, "биз толугу менен сиз тараптабыз" деген.
Мындан сырткары украин лидеринин премьер-министр Жоржиа Мелони жана Рим папасы Фиранциск менен жолугушуусу пландалган. Зеленский Италияга жана Ватиканга сапары тууралуу "Украинанын жакындап келаткан жеңиши үчүн маанилүү" деп Твиттерге жазды.
Өткөн айда Рим папасы Франциск Ватикан Украинадагы согушту токтотууга багытталган тынчтыкты орнотуу миссиясына катышып жатканын билдирген.
Ушул эле күнү Германия Киевге Орусиянын басып киргенден бери рекорддук аскердик жардам пакетин жарыялады. 3 млрд. долларлык аскердик жардам украин лидеринин Берлинге ыктымал сапарынын алдында берилүүдө.
"Биз баарыбыз Орусиянын украин калкына каршы коркунучтуу согушу жакын арада токтойт деп үмүттөнөбүз. Бирок тилекке каршы бул токтобой жатат", - деп айтылат Германиянын коргоо министри Борис Писториустун билдирүүсүндө.
Аскердик жардамга Marder согуштук унаасы, 30 Leopard-1 танкы, 15 даана Gepard зениттик-артиллериялык комплекси, 200 чалгындоочу учкучсуз учак, ок-дарылары бар төрт кошумча Iris-T зениттик системасы, кошумча артиллериялык ок-дарылар жана 200дөн ашык брондолгон аскердик жана логистикалык машиналар кирет.
14-майда Германиянын Аахен шаарында Зеленскийге Карл сыйлыгы ыйгарылат деп күтүлүүдө. Ал аземге өзү катышары, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана президент Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушуу үчүн Берлинге барары азырынча белгисиз.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Киев көптөн күткөн контрчабуулга даярданып жаткандыктан, аскердик жардамды мүмкүн болушунча тезирээк жеткирүүгө чакырды. 13-майда Швецияда Евробиримдиктеги кесиптештери менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө Кулеба Украинага тез арада курал-жарак жеткирүү керектигин айтты.
13-майга караган түнү орус күчтөрү кайрадан Украинага чабуул жасап, кеминде 14 киши жараат алып, имараттар, турак үйлөр зыян тартты.