Британия жана Нидерланды Украина үчүн согуштук учактары сатып берүүнү сүйлөшүүдө
Би-Би-Си өлкөлөр Украина үчүн F-16 учагын сатып берүү үчүн коалиция түзүп жатканын билдирди. Британиянын премьер-министри Риши Сунак Нидерланддын өкмөт башчысы Марк Рютте менен Исландияда өткөн Европа Кеңешинин саммитинде Украина үчүн согуштук учактарды сатып берүү үчүн эл аралык коалиция түзүүнү сүйлөшкөнүн Даунинг-стрит кабарлады.
CNN: Patriot талкаланды, бирок жок кылынган жок
Patriot системасы талкаланышы мүмкүн, бирок жок кылынган жок деп жазды CNN ишенимдүү булактарына шилтеме берип. Ага чейин Орусиянын Коргоо министрлиги АКШ украин армиясына берген Patriot системасын талкалаганын билдирген.
АКШ системаны алып кетүү керекпи же жеринде оңдоо мүмкүнбү деп чыгымдын масштабын эсептеп жатат.
Украина аскерлери Киевдин үстүнөн Орусиянын гипер үндүү "Кинжал" ракетасын атып түшүрдү.
Соңку бир апта ичинде орус армиясы Бахмутта 23 чакырымга артка чегинди. Муну "Агентство" басылмасынын журналисттери Deep State Map долбоорунун негизинде эсептеп чыгышты. Ошол эле маалда Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскердик уюмунун жоочулары жети чарчы чакырымдай жерди басып алганы маалым болду.
Ал тапта украин президенти Владимир Зеленский соңку үч күндө Европанын беш мамлекетин кыдырып, саясий жана аскердик кызматташтыкты сүйлөштү.
"Биз үйгө жаңы аскердик жардам, фронт үчүн жаңы кубаттуу курал, элибизди коргоо үчүн чоң саясий колдоо менен кайтып баратабыз",- деди ал.
Германия Киевге 3 млрд. долларлык аскердик жардам берерин жарыялады. Франция менен Британия украин аскерлерин машыгуудан өткөрүүгө көмөктөшөрүн билдирди. Лондон алыска уча турган чабуулчу учактарды бермей болду.
Орусиянын Коргоо министрлиги Лондон Киевге жакында эле жөнөткөн Storm Shadow ракетасын, он HIMARS реактивдүү системасын атып түшүргөнүн кабарлады. Бул качан жана кайда болгонун Москва тактаган жок.
Согушта эки жактын тең билдирүүлөрүн бейтарап ырастоо мүмкүн эмес. 16-майда жаңжалды жөндөө максатында сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Киевге Бээжиндин атайын чабарманы Ли Хуей барат. Ал ошондой эле Орусия, Польша, Франция жана Германияга да барары кабарланды.
Венгрия Евробиримдиктин Украинага бөлгөн кезектеги 500 миллион евролук жардамына бөгөт койду. Ал кийинки аптада Украинага жөнөтүлүшү керек болчу.
ANSA агенттиги өз булагына таянып кабарлагандай, Будапешт Европанын тынчтык фонду өзүнүн макамын сактап, Украинаны куралдандыруу үчүн каражат берген уюмга айланып калбашы кепилденсин деген талапты коюуда.
Венгрия Евробиримдикте Орусиянын Украинага басып киришин такай айыптоодон баш тарткан саналуу өлкөлөрдүн бири. Будапешт Орусиянын мунай жана газына көз каранды.
Венгрия вето укугунан пайдаланып, Евробиримдиктин Украина боюнча чечимдерине бир нече жолу бөгөт койгон.
Европалык тынчтык фонду – шаркеттеги бардык мамлекеттердин мүчөлүк акысынын эсебинен иштейт. Орусия Украинага басып киргенден бери бул фонд Киевге аскердик жана гуманитардык максаттар үчүн бир нече жолу каражат бөлгөн.