Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:37
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл

Киев кайра чабуулга кабылды, Омскиде заводго дрон тийди

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:00 18.5.2023

Украинанын Коргоо министрлиги: Орусиялык армия Украинанын үч аймагын аткылоону күчөттү

Орусиялык армия Украинанын - Сумы, Харьков, Чернигов облустарын аткылап жатканын коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдирди.

Анын айтымында, 8-16-майда Сумы 110, Чернигов 29, Харьков 23 жолу ракета менен аткыланган. Жай тургундар арасында соккудан каза болгондор жана жараат алгандар бар. Жарандык инфраструктура кыйраган.

Малярдын пикиринде, Орусия чектеш бул үч облусту атуу менен "украин күчтөрүн дайыма чыңалууда кармоо, башка багытта активдешип кетпешине жол бербөөнү" көздөйт.

Орусия согуш баштагандан бери жарандык объекттерге сокку урганын моюнуна албай келет.

Өткөн суткада Харьков облусунда орусиялык аткылоодон жети жай тургун каза болгонун аймактын аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов билдирди. Анын айтымында аймак акыркы айда 140 жолу аткылоого кабылды, анын 24ү ракетадан атылган. Айрыкча, Купянск жана Волчанск багыттары көп жабыркаган.

23:40 17.5.2023

16-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Украинадагы согушка катышкан Кыргызстандын жаранын 10 жылга соттоду. Өлкөдө биринчи жолу Украинадагы согушка аралашкан жаран жазага тартылды. Бул тууралуу соттун чечими act.sot.kg сайтына жарыяланды.

Өкүмдө Москвада жашап жүргөн К.у.А. 2022-жылдын июнь айында "материалдык пайда табуу үчүн" Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы айтылат.

Шектүү коюлган айыпты толугу менен четке кагып, Орусиянын жарандыгын алыш үчүн аскерге барганын айтып, өзүн “Луганск Элдик Республикасы” (“ЛЭР”) деп атап алган жикчил аймакта болгонун ырастаган. Украинага таандык болгон аталган аймакты Кремль колдогон жикчилдер 2014-жылы өз алдынча "Луганск Элдик Республикасы" деп жарыялап, кийин Орусия аннексиялап алган. Кыргызстан аны тааныган эмес.

Сот К.у.А. Кылмыш-жаза кодексинин “Жалдануучулук” беренесинин 2-бөлүгү “Мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарынын уруксатысыз материалдык сый акы алуу максатында башка мамлекеттердин куралдуу жаңжалдарына катышуу” менен күнөөлүү деп таап, 10 жылга абакка кести.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул жаранды январь айында кармап камаган.

Кыргыз бийлиги өз жарандарына чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышса, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип келет.

21:44 17.5.2023

Украинадан Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо тууралуу келишим эки айга узартылды. Бул тууралуу 17-майда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

"Биздин мамлекеттин аракети, орусиялык достордун колдоосу, украиналык достордун салымы менен дан экспорттоо боюнча Кара деңиз келишимин эки айга узартуу чечими кабыл алынды",- деди Эрдоган.

Мурунку келишимдин мөөнөтү 18-майда аяктамак.

Буга чейин Орусия келишимден чыгарын айткан. Өткөн аптада Украина, Орусия, Түркия жана БУУнун өкүлдөрү Стамбулда жолугуп, сүйлөшкөн.

Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече ай өткөндөн кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо токтоп калган. Бул жагдай дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келген.

Киев менен Москва Түркия жана БУУнун ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр 22-июлда Стамбулда кол коюшкан. Келишимдин мөөнөтү эки жолу узартылды. Андан бери Украинадан 30 миллион тонна буудай жана башка айыл чарба азыктары экспорттолду.

17:11 17.5.2023

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы тараткан маалыматка ылайык, орус аскерлери соңку бир сутка ичинде Бахмуттагы аскердик жайларга жана карапайым тургундардын үйлөрүнө 55 жолу ракета менен сокку урду.

Ошондой эле орус армиясы түштүктө жайгашкан Николаев шаарын «Калибр» ракеталары менен аткылаганын 17-майда калаа башчысы Александр Сенкевич билдирди.

Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр 16-майда билдиргендей, украин күчтөрү Бахмуттун айланасындагы 20 чарчы чакырым жерден орус жоокерлерин сүрүп чыгышты. Анткен менен калаа борборундагы айрым райондордон чегинүүгө аргасыз болду.

«Душман Бахмуттун чок ортосуна кирип бара жатат жана калааны артиллерия менен талкалоодо», - деп жазды Маляр социалдык тармактарга.

Согуш жүрүп жаткан маалда украин тараптын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Соңку чабуулдар Кытайдын атайын чабарманы Ли Хуэй Киевге эки күндүк сапар менен барган маалда жасалды. Анын максаты "украин кризисин саясий жактан жөнгө салуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү" экенин Бээжин буга чейин билдирген.

Кытайдын Орусиядагы мурдагы элчиси Ли Польша, Франция, Германия жана Москвага да барары күтүлүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG