Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:55
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл
Орусиядагы аскерлердин сөөгү коюлган мүрзө, 2023-жыл

Согушта өлгөн 282 миңдей орусиялыктын аты-жөнү аныкталды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




01:02 21.5.2023

Орусия бир суткада Украинага 56 жолу сокку урду

Бул тууралуу Украинанын куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө, аткылоодон жай тургундар арасында каза тапкандар жана жарадар болгондор бар.

Украин аскерлеринин маалыматында эң катуу кармаш Бахмутта жана Марьинкада жүрүп жатат.

Украинанын Башкы штабы бир сутка ичинде украин авиациясы Орусиянын аскердик техникасы жана өздүк курамы турган жерлерге сегиз жолу сокку урганын билдирди.

00:57 21.5.2023

Белгород облусунун бийлиги украин аскерлеринин Белгородго кирип келгенин төгүндөдү

Орусиялык "База", Mash жана Shot ж.б. Телеграм-каналдары ишембиде украиналык куралдуу топтор Белгород облусуна кирип келгенин билдирген. "База" 19-майдын кечинде Калашников автоматы, гранатомет, снайпердик винтовка жана пулемоттор менен куралданган адамдар орусиялык чек арачылар менен атышканын жазган.

Окуя чек арадан бир чакырым алыс Красный Хутор деген айылда болгон. Mash топто 15 адам болгонун алардын онго жакыны жараат алганын, Shot төрт киши жарадар болгонун кабарлаган.

Бирок Белгород облусунун ыкчам штабы диверсиялык топтордун Украинанын аймагына кирүүгө аракет кылганы чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Белгороддогу чек ара сызыгы
Белгороддогу чек ара сызыгы

00:49 21.5.2023

Зеленский Хиросимадагы G7 саммитинде Олаф Шольц менен жолукту

Бул ФРГ менен Украинанын жума ичиндеги экинчи жолугушуусу. Буга чейин Зеленский Шольц менен 13-майда Европага иш сапар менен барганда жолуккан. Мындан кийин Германия Украинага 2,7 миллиард евролук аскердик жардам бериле турганын жарыялаган.

"Европа чындыгы" немистердин DPA маалымат агенттигине шилтеме берип, эки лидердин сүйлөшүүсү 20 мүнөткө созулганын жазды. Шольц жолугушуунун сүрөтүн өзүнүн Твиттерине жарыялады.

00:40 21.5.2023

Украин аскерлери F-16 асманга ушул күздө көтөрүлө турганын жазышты

20-майда Украинанын куралдуу күчтөрүнүн расмий аккаунтунда ушундай кабар пайда болду. "Ушул күздө, аскер-аба күчтөрүнүн тарыхындагы улуу блокбастер! F-16 Украинанын асманында пайда болду. Биз асманыбызды коргойбуз!", - деп айтылат анда.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG