Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:05
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл

Киев кайра чабуулга кабылды, Омскиде заводго дрон тийди

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:59 25.5.2023

Согуштун 456-ы күнү

  • Өткөн түнү орусиялык армия жанкечти дрондор менен сокку урду. Украин булактары Киевге жана батыш облустарга сокку "Шахеддер" менен урулганын билдирди. Киевдин бийлиги бардык дрондор атып түшүрүлгөнүн жарыялады. Батыш облустарга урулган соккунун кесепети тууралуу азырынча маалымат жок.
  • Орусиялыктар бир учурда С-300 комплексинен да ракета учурушкан. Анын төртөө Харьковго жана анын айланасына түшкөн.
  • Аннексияланган Севастополдун башчысы Михаил Развожаев ушул түнү учкучсуз учактардын чабуулу үзгүлтүккө учураганын билдирди: эки дрон атып түшүрүлгөн, бир нечеси радиоэлектрондук күрөштүн негизинде зыянсыздандырылды.
  • Times гезити Роман Абрамович "Челси" клубун аргасыз саткандан түшкөн 2,35 млрд. фунт (2,9 млрд. доллар) кийинки жумада Украинада жабыр тарткандарга берилерин билдирди.

20:48 24.5.2023

Украина жакында Leopard 1A5 үлгүсүндөгү 110 танк алат. Бул тууралуу Твиттер баракчасына Украинанын Германиядагы элчиси Алексей Макеев жазып, аскер техникасы сакталган жайдан видео жарыялады. Андан сырткары, Нидерланддар артиллериялык ок-дарылар үчүн кошумча 260 миллион евро бөлө турганы айтылууда.

20:34 24.5.2023

Украинанын Херсон облусуна жасалган орусиялык армиянын чабуулунан эки жай тургун каза болуп, үч киши жаракат алды. Бахмутта айыгышкан салгылаш уланууда. Ал эми Орусия Украина менен чектеш Белгород облусунда “терроризмге каршы операция” аяктаганын кабарлады.

"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин Украинадагы "атайын операция" өз максатына жетпей калганын билдирди.


Херсон облустук аскердик администрациянын жетекчиси Александр Прокудин 24-майда билдиргендей, орусиялык күчтөр оор артиллериянын, "Град" ракеталарынын жана учкучсуз аппараттардын жардамы менен аймактын Украина көзөмөлдөп турган бөлүгүнө 64 жолу сокку урду.

Украина армиясы былтыр күздө кайтарып алган Херсон облусунун бир бөлүгүн орусиялык күчтөр Днепр дарыясынын ары жагынан дээрлик күн сайын аткылап келет.

Ал эми өлкө чыгышындагы Бахмутта жана анын тегерегинде айыгышкан салгылаш уланууда. Орусия бир нече айга созулган кармаштан кийин калааны өз карамагына алганын билдирсе, украиналык аскерлер бул маалыматты четке кагууда. Украин армиясындагы командирлердин бири Евхен (Адам) Межевикин AP агенттигине билдиргендей, "орусиялык күчтөр Бахмутту тыптыйпыл кылып талкалаганы менен азырынча толук карамагына ала элек".

Ал арада Орусия Украина менен чектеш Белгород облусунда “терроризмге каршы операция” аяктаганын кабарлады. 22-майда жергиликтүү бийлик украин армиясынын "диверсиялык тобу" Грайворон районуна кирип барганын билдирген. Эртеси күнү, 23-майда облус губернатору Вячеслав Гладков билдиргендей, Борисовка айылындагы административдик имаратка жана Грайворон районундагы эки үйгө дрон менен чабуул болду.

Соңку маалыматтарга караганда, 12 киши жараат алды. Гладков эки киши каза болгонун ырастады.

"Эмнеге мындай болду? Менимче, тергөө органдары териштирет. Менин да силердей эле Коргоо министрилигине суроолорум көп. Биз өз ишибиздин алкагында чечим кабыл алышыбыз керек. Күч органдарынын эң биринчи максаты - каталардан сабак алып, Белгород облусунун ар бир тургунун коопсуздугун камсыздоо", - деди Гладков түз ободо көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берип жатып.

Белгородго жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти “Эркин Орусия" деген легиондун жана "Орусиянын ыктыярдуу корпусунун” өкүлдөрү алган. Алар украин күчтөрү менен кызматташкан орусиялыктар экенин айтышууда. Расмий Киев Белгороддогу окуяларга тиешеси жок экенин билдирди.

Пригожин: Орусиянын "операциясы" ишке ашкан жок

"Вагнер" менчик аскер компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин аталган топтордун Белгород облусунда жүргүзгөн операциясын мактап, дагы бир ирет Орусиянын Коргоо министрлигин сынга алды.

Соңку маектеринин биринде, ал ошондой эле "атайын операциянын" максаты ишке ашпай калганын кошумчалады. Пригожиндин пикиринде согуштун жыйынтыгы Орусиянын президенти Владимир Путин күткөндөй болбой, тескерисинче Украинанын армиясы дүйнөдөгү эң күчтүү армияга айланды.

"Эгер атайын операциянын башында аларда шарттуу 500 танкы болсо, азыр алардын саны беш миң. Ал кезде согушканды билген 20 миңдей эле аскери болсо, азыр 400 миң. Биз аларды кантип демилитаризация кылдык? Биз тескерисинче, Украинаны куралдандырдык. Биз бир кезде Улуу Ата Мекендик согушта салгылашкандай эле, украиналыктар чоң максатка жетүү үчүн согушуп жатышат. Ошол эле маалда баардык абдан так жана технологиялык жактан туура жасап жатышат".

Евгений Пригожин кремлчил саясий кабарчы Константин Долговго курган маегинде, "балдарын мобилизациядан качырып, Дубайга жана башка жактарга жашоонун жыргалын көрүү үчүн жөнөтүп жиберген" орус элитасын сынга алды.

61 жаштагы Пригожиндин пикиринде, Орусияга аскердик абал режимин киргизүү зарыл. Ал ошондой эле мындан аркы сценарий орустар үчүн кыйын болорун болжолдоп, оор салгылашка даярдануу керек экенин баса белгиледи.

19:51 24.5.2023

Орусиянын Украинадагы согушунда "Вагнер" жалданма аскер тобунун 20 миңдей жоочусу каза болду. Алардын жарымы абактан согушка баргандар. Каза болгон "вагнерчилер" тууралуу уюмдун негиздөөчүсү Евгений Пригожин медиа- технолог Константин Долгов менен маегинде билдирди.

Ал Бахмуттагы салгылашка 50 миң кишини жалдаганын, аскердик ротада 35 миң жоочу болгонун айтты.

Пригожин ошондой эле 2022-жылдын февралында Кремлдин "Украинаны демилитаризациялоо максаты терс натыйжа бергенин" кошумчалап, украин армиясы дүйнөдөгү эң күчтүү армиянын бирине айланганын белгиледи.

BBC жана "Медиазона" басылмалары Украинадагы согушта өлгөн орусиялык 21 миң 700 жоокердин тек-жайын апрелдин аягында тактаган. Чогултулган маалыматтар акыркы айларда өлгөндөрдүн көбү Бахмуттагы салгылашууларга катышып жаткан “Вагнер” жалданма уюмунун жоочулары экенин көрсөтүп турат.

Журналисттер согушта өлгөндөрдүн эсеби орус армиясынын чыныгы жоготууларын билдирбей турганын, иш жүзүндө адам өлүмү мындан да көп болушу мүмкүн экенин белгилешет.

  • Бир катар Батыш өлкөлөрү террордук түзүм катары тааныган "Вагнер" тобу Орусияда абактарда отургандарды, мигранттарды, анын ичинде борбор азиялыктарды да согушка азгырганы же ал жакка барууга мажбурлаганы белгилүү болгон.
  • "Азаттык" орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган сегиз кыргызстандык каза тапканын тактаган.
  • Жети адамдын сөөгү Кыргызстанга алып келинип, өздөрү туулуп-өскөн айылдарда жерге берилген. Бирөөнүн сөөгү Москванын жака белиндеги айылдагы "вагнерчилердин" көрүстөнүнө коюлганы маалым болгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG