- автор Айнура Жекше кызы
Орусия Киев, Харьков шаарларына, Украинанын батыш облустарындагы айрым жерлерине жанкечти дрондор менен сокку урганы, украин аскерлери 36 дрондун баарын атып түшүргөнү маалымдалды. "Вагнер" тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин согушкерлерин Бахмут шаарынан чыгара баштаганын жарыялады.
Бейшембиде Пригожин видео жарыялап, 1-июнга чейин Бахмуттагы отряддарын чыгара турганын, алардын ордун орус армиясы ээлерин билдирди:
"Биринчи июнга чейин күчтөрүбүздүн негизги бөлүгү “тылдагы лагерлерге” жайгашат. Позицияларды, ок-дары, азык-түлүктү, бардыгын аскерлерге өткөрүп беребиз. Бирок аскерлерге кыйын болсо, Бахмутту алууда чечүүчү роль ойногон кишилербизди калтырабыз".
Пригожиндин айтымында, кийин “вагнерчилерге” “жаңы согуштук тапшырма берилмекчи”. Буга чейин ишкер Донецк облусундагы калаа алынары менен жалданма согушкерлери ал жактан чыгарыларын айткан.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалымат жөнүндө эч кандай билдирүү жасай элек.
20-майда Пригожин жана орус бийлиги шаарды алганын жар салышкан. Украина куралдуу күчтөрү Бахмутту орус аскерлери ээлегенин бышыктабай, бир катар жайларды көзөмөлдөп турганын, салгылашуулар уланып жатканын айтууда. 25-майдагы күндөлүк бюллетенде орус аскерлеринин 28 чабуулунун мизи кайтарылганы маалымдалды. Шаар үчүн кармаш 220 күндөн бери жүрүп жатат.
Пригожин Орусия кошуна өлкөгө кол салгандан бери 20 миң согушкеринен айрылганын моюнга алды. Маркумдардын жарымы түрмөлөрдө отурган жерден жалданган. Ишкер бардыгы болуп “вагнерчилердин” катарына 50 миңдей киши жалданганын айтып жүрөт.
Бахмут үчүн кармаш жүрүп жатканда Пригожин коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимовду катуу сындаган видеолор чыгып жүрдү. 23-майда жарык көргөн интервьюда ал Украинанын “демилитаризациясын” көздөгөн Кремлдин максаты тескери натыйжага алып келгенин, украин армиясы дүйнөдөгү кубаттуу куралдуу күчтөрдүн катарына кошулганын айтты.
Украина түн ичинде дрондордун бардыгын атып түшүргөнүн билдирди
Бейшембиге караган түнү Орусия Киев, Харьков шаарларына, батыш облустардагы айрым жерлерге жанкечти дрондор менен сокку урганы маалымдалды. Украин бийлиги 36 “Шахед” дрондорунун баары атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Украин президенти Владимир Зеленский Москваны украиналыктардын жүрөк үшүн алып жатканы үчүн айыптап, дрондорду атып түшүргөн Абадан коргонуу күчтөрүнүн жоокерлерине ыраазычылык билдирди.
Украинанын армиясы акыркы убакытта пилотсуз учактар менен канаттуу ракеталарды зыянсыздандырууда чоң ийгилике жетишкенин айтып келет.
Бирок 100% жыйынтык тууралуу биринчи жолу маалымдалды. Орусия түнкү соккуларга азырынча комментарий берген жок.
Согуштук аракеттердин шартында жана Абадан коргонуу күчтөрүнүн ишин чагылдырган видеолорду жарыялоого салынган тыюудан улам тараптардын ырастоолорун текшерүү кыйын же мүмкүн эмес.
Зеленский өлкөнүн абадан коргонуу дараметин күчөтүү үчүн өнөктөштөрдү F-16 кыргын салуучу учактар менен камсыздоону тездетүүгө чакырып келет.
"Украинанын алгачкы F-16 учагы Орусия өзүнүн агрессиясынан өзү утулат деген ишарат . Орусия алсырайт жана ого бетер обочодо калат. Дүйнө орусиялык террордун жеңилгенин ишарат кылат. Ал эми көз карандысыз улуттарды жана элдин өз тагдырын аныктоо укугун урматтоого негизделген биздин дүйнө бекем турат", - деп билдирди Зеленский 24-майдын кечинде.
Киевге аскердик жардам берген байланыш тобунун бейшемби күнкү виртуалдык жыйынында украин армиясынын бронетехникасынын мүмкүнчүлүктөрүн колдоо жолдору жана абадан коргонуусун бекемдөө маселеси талкууланмакчы.
Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскерлер уюмунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин Украинанын Бахмут шаарынан жоочулары чыгарыла баштаганын жарыялады. Калаа алардын көзөмөлүнө өткөнүн жакында Пригожин өзү жана орус бийлиги жарыялаган. Киев шаар толук көзөмөлдөн чыкканын четке каккан.
Пригожин 25-майда эртең менен жарыялаган видеодо "вагнерчилер" 1-июнга чейин “арткы лагерлерге” өтүп, Бахмутта алардын ордун орус армиясынын бөлүктөрү ээлей турганын айтты. Анын жоочулары келечекте "жаңы согуштук тапшырмаларды аларын" белгиледи. Ошол эле учурда Бахмутта айрым "вагнерчилер" калышы мүмкүндүгүн кыйытты.
"Эгерде аскер кызматкерлери үчүн кыйын болсо, албетте, Бахмутту колго алууда башкы ролду ойногондорду калтырабыз", - деди ал.
Орусиянын Коргоо министрлиги буга комментарий берген жок.
Шаршембиде Пригожин медиа-технолог Константин Долгов менен маегинде Орусиянын Украинадагы согушунда "Вагнер" жалданма аскер тобунун 20 миңдей жоочусу каза болгонун айткан. Ал Бахмуттагы салгылашка 50 миң кишини жалдаганын, аскердик ротада 35 миң жоочу болгонун билдирген.
Украинанын аба күчтөрү түндө иран өндүрүшүнөн чыккан орусиялык 36 "Шахед"дронунун баары атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Мекеменин маалыматында бул чабуулдун максаты - Украинанын батыш облусундагы инфраструктура объекттери болгон. 10 "Шахед" Львовдо атып түштүрүлгөнүн аймактын башчысы Максим Козицкий билдирди. Жабыр тарткандар жок.
Днепропетровск облусундагы Марганецк громадасында жанкечти дрон курулушка тийип, аны бүлгүнгө учураткан. Жабыр тарткандар жок экенин жергиликтүү бийликтер билдирди.
Согуштун 456-ы күнү
- Өткөн түнү орусиялык армия жанкечти дрондор менен сокку урду. Украин булактары Киевге жана батыш облустарга сокку "Шахеддер" менен урулганын билдирди. Киевдин бийлиги бардык дрондор атып түшүрүлгөнүн жарыялады. Батыш облустарга урулган соккунун кесепети тууралуу азырынча маалымат жок.
- Орусиялыктар бир учурда С-300 комплексинен да ракета учурушкан. Анын төртөө Харьковго жана анын айланасына түшкөн.
- Аннексияланган Севастополдун башчысы Михаил Развожаев ушул түнү учкучсуз учактардын чабуулу үзгүлтүккө учураганын билдирди: эки дрон атып түшүрүлгөн, бир нечеси радиоэлектрондук күрөштүн негизинде зыянсыздандырылды.
- Times гезити Роман Абрамович "Челси" клубун аргасыз саткандан түшкөн 2,35 млрд. фунт (2,9 млрд. доллар) кийинки жумада Украинада жабыр тарткандарга берилерин билдирди.