Днепропетровск облусунун аскердик админстрациясынын башчысы Сергей Лысак орус армиясынын Днепр шаарына жасаган ракеталык чабуулунан кыйраган медициналык жайдын урандысы 90% тазаланганын билдирди.
Ал бул тууралуу Телеграм-каналына жазып, үч адамдын дайыны чыкпай жатканын, куткаруу-издөө иштери уланганын жазды. Анда куткаруучулар адамдын сөөгүнүн айрым бөлүктөрү тапканын, жеринде эксперт-криминалисттер иштеп жүргөнүн кабарлады.
Мунун алдында жергиликтүү бийлик Днепрге жасалган ракеталык чабуулдан бери дегенде эки адам мерт болуп, 32 киши жараат алганын, алардын ичинен бешөөнүн абалы оор экенин маалымдаган.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 26-майда атылган ракета медициналык мекеме менен ветеринардык клиниканын имаратына тийген. Катуу соккудан өрт чыгып, жер тамдар, көп батирлүү үйлөр, автоунаалар зыян тарткан.
Украинанын Днепр шаарына жасаган Орусиянын соккусунан эки адам өлүп, дагы 25и жарадар болду.
Украинанын президенти Владимир Зеленский аткылоонун кесепетин жоюу жана куткаруу иштери уланып жатканын жатканын Фейсбукка жазды.
Днепропетровск облусунун аскердик админстрациясынын башчысы Сергей Лысак 21 киши ооруканада экенин, үчөөнүн абалы оордугун билдирди. Жабыркагандардын арасында эки бала бар.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 26-майда атылган ракета медициналык мекеме менен ветеринардык клиниканын имаратына тийген. Катуу соккудан өрт чыккан. Жеке жана көп батирлүү үйлөр, автоунаалар зыян тартты.
Киев жумага караган түнү Орусия Украинага ракета жана учкучсуз учактар менен кайрадан жапырт сокку урганын маалымдаган.
Москва буга комментарий берген жок. Орусия Украинадагы жарандык объектилерге сокку урулганын дайыма четке кагып келет.
Жумага караган түнү Орусия Украинага ракета жана учкучсуз учактар менен кайрадан жапырт сокку урду.
"РБК Украина" басылмасы расмий маалыматка таянып, армиянын маанилүү инфраструктуралык объектилери бутага алынганын жазды.
Украин армиясынын маалыматына караганда, орусиялык күчтөр жалпысынан ар кандай үлгүдөгү 17 ракета жана 31 дрон колдонду. Каспий деңизинин аймагынан учурулган 10 канаттуу ракета жана 25 учкучсуз учак атып түшүрүлгөн. Ошол эле учурда бир канчасы Харьков жана Днепропетровск облустарындагы объектилерге, бир канча турак жайга тийген.
Киевге ракеталардын сыныктары түштү. Соода оюн-зоок борборунун жана жеке турак үйдүн чатыры зыян тартты.
Орусиянын Коргоо министрлиги буга комментарий берген жок. Москва Украинадагы жарандык объектилерге сокку урулганын дайыма четке кагып келет.
106 украин аскери орус туткунунан мекенине кайтты. Бул тууралуу Украина президентинин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак билдирди. Анын айтымында, сегиз офицер, 98 аскер жана сержант Бахмуттун жанында согушкан. Алардын көбү дайынсыз жоголгон деп эсептелген.
"Алар Бахмут үчүн салгылашып, душмандын андан ары, чыгышка карай илгерилешине жол бербеген эрдикти жасашты. Алардын ар бири мамлекетибиздин баатырлары", - деп жазган Ермак Telegram каналына.
"Украин чындыгы" гезити Чалгын кызматынын билдирүүсүнө таянып, украин аялдын жана эки чет элдик жарандын сөөгү алып келингенин жазды. Туткундан бошотулган аскер кызматкерлеринин улуусу 59да, кичүүсү 21 жашта. Украин бийлигинин маалыматына караганда, алмашуу жолу менен жалпысынан 2430 киши үйүнө кайткан. Алардын 139у жайкын тургундар.
Орусия туткундарды алмашууга байланыштуу комментарий бере элек. Орусияга канча киши кайтарылганы тууралуу маалымат жок. Согуш темаларын чагылдырган орусиячыл блогерлер туткундарды алмашууну Коргоо министрлиги эмес "Вагнер" жеке аскердик компаниясы жүргүзүшү мүмкүн.
Эки тарап алмашуу тууралуу 6-майда кабарланган. Украинага Мариуполду коргоого катышкан 45 аскер кызматкери кайтарылган, Орусияга үч учкуч кайтып келген.