Орусия украиналык "Пэтриотту" "дагы талкалаганын" билдирди, Украина четке какты
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 30-майдагы жыйында Киевде украин армиясына таандык "Пэтриот" зениттик-ракеталык комплекси талкаланганын билдирди. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги билдирди.
Шойгу зениттик-ракеталык комплекс качан жана кантип талкаланганын айткан жок. Анын айтканын негиздей турган далил да жок. 29-майда Киевге болгон соккудан орусиялык аскердик блогерлер зениттик-ракеталык комплекстин асмандагы изин көргөзүп, "Пэтриотко" таандык экенин билдирген.
Украинанын аскер-аба күчтөрүнүн өкүлү Юрий Игнат "Пэтриот" бүтүн экенин, орусиялык бардык ракеталар атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Орусия Украинага чабуул койгондон бери 483 бала каза болуп, 989 бала ар кандай деңгээлде жараат алган. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасы билдирди.
Эң көп бала Донецк, Харьков жана Херсон облустарында жапа чеккен.
“Жабыр тарткандар мындан да көп болушу мүмкүн. Уруш жүрүп жаткан, убактылуу басып алынган жана баскынчылардан бошотулган аймактарда жабыркагандарды аныктоо иштери жүрүүдө”, - деп кабарлады прокуратура.
БУУнун маалыматы боюнча 2022-жылдын 24-февралынан 2023-жылдын 8-майына чейин Украинада 8 791 жай тургун набыт болуп, 14 815и жарадар болгон. БУУ курмандыктардын чыныгы саны алда канча көп болушу мүмкүн деп эсептейт.
Орусиянын Калининград облустук соту мобилизациядан качкан сегиз адамдын ичинен экөөнү 7 жылга, төртөөнү 6,5 жылга, калган экөөнү 6 жылга эркинен ажыратты.
"Север.Реалии" жазганына караганда, сегиз адамга кылмыш иши январь айында козголгон. Алар Украинанын Луганск облусунун Орусия көзөмөлдөгөн бөлүгүндөгү лагерден качкан деп айыпталган.
Аскерлердин өздөрүнүн айтымында, аларды былтыр 24-сентябрда мобилизациялашкан. Эки айдан кийин машыгуу лагерине жөнөтүшкөн. Ошол эле маалда аларга керектүү делген буюм-тайымдар, анын ичинде тамак-аш жана сапаттуу аскердик форма да берилген эмес.
24-декабрда алар согуш талаасына жөнөтүлөрүн билгенде, "өз өмүрүн жана саламаттыгын сактоо максатында лагерден качып кетүүнү туура көрүшкөнүн" айтышкан. Аскерлер жол тосуп Москванын жанындагы Подольск шаарына келип, ал жактан полиция бөлүмүнө барып курал-жарактарын тапшырышкан.
2022-жылдын сентябрь айында орус президенти Владимир Путин мобилизация же согуш маалында жасалган кылмыштар үчүн жазаны катаалдатуу тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, мобилизация же согуш маалында кызмат өтөгөн бөлүгүнөн качкандар он жылга чейин эркинен ажыратылат.
30-майга караган түнү Орусиянын армиясы украин баш калаасын кайрадан учкучсуз аппараттар менен аткылады. Украин бийлиги дрондордун көбү асмандан атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Киевдин мэри Виталий Кличко Телеграмга жазганына караганда, чабуулдан улам калаанын бир нече районунда өрт тутанды. Ал эми кулаган дрондун калдыктары Голосеев районундагы көп кабаттуу имаратты тилсиз жоо капташына түрткү болду.
"Бир киши мерт кетти. Жалпы Голосеев районунда төрт киши ооруканага жеткирилди. Медиктер жеринен жардам көрсөтүштү", - деген Кличко 20 киши коопсуз жакка көчүрүлгөнүн жазды.
Украин аскерлери билдиргендей, чабуул негизинен Иранда чыгарылган дрондор менен жасалып, таңкы 4.30га чейин уланды.
Ушуну менен май айынын башынан бери Киевге 17-жолу чабуул коюлду.
30-майдын таңында Москванын мэри Сергей Собянин да орус баш калаасына дрондор менен чабуул коюлганын билдирди.
Эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз ырастоо мүмкүн эмес.