Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл
Киевдеги соккунун кесепети. 6-июль, 2026-жыл

Түз ободо Киев кайра чабуулга кабылды, Омскиде заводго дрон тийди

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:29 1.6.2023

Киевде түндөгү аткылоодон үч адам каза болду

Киевдин мэри Виталий Кличко украин баш калаасын аткылоо учурунда үч адам каза тапканын билдирди, маркумдардын бири бала. Алардын сөөгү Деснянск районунда табылган.

Киевдин дагы эки районунда 12 адам жабыркаган, бирөө бала.

Аскердик администрация аткылоодон улам эки мектеп, полициянын райондук бөлүмү жана бала бакча жабыркаганын билдирди. Эл жашаган үйлөрдүн айнеги күбүлүп түшкөн, жарылуунун эпкининен балкондор кыйраган. Жарылуучу заттын сыныктары балдар бейтапканасына түшкөн.

12:23 1.6.2023

АКШ Украинага 300 млн. долларга бааланган аскердик жардамдын жаңы топтомун жөнөтөт.

Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби билдирди.

Жардамдын жаңы топтомуна Stinger зениттик-ракеталык комплекстери, Avenger абадан коргонуу системасы, танкка каршы AT-4 системалары, 30 миллиондон ашуун ок-дары, аймактарды минадан тазалоочу жабдуулар, түрдүү колибрдеги снаряддар, Patriot абадан коргонуу системасы жана HIMARS реактивдүү системалары үчүн ок-дарылар кирет.

21-майда АКШ Украинага 375 млн. долларлык аскердик жардамдын кезектеги топтомун бере турганын жарыялаган. Ага артиллерия менен ок-дарылар, HIMARS системасы үчүн снаряддар жана башка аскердик техникалар кирген.

Мындан тышкары бул сумманын бир бөлүгү украин аскерлерин окуудан өткөрүүгө да жумшалары кабарланган.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын Киевге берген жардамдын жалпы суммасы 37 миллиард доллардан ашканын билдирген.

15:33 31.5.2023

Соңку суткада Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарында айыгышкан кармаш уланды. Бул тууралуу украин армиясы 31-майдын таңында билдиришти.

Украин коргоо министринин орун басары Анна Малярдын айтымында, украин күчтөрү орустардын 22 чабуулунун мизин кайтарышты. Ал ошондой эле Бахмутта орус армиясы абадан гана сокку уруп жатканын кошумчалады.

Буга чейин орустардын "Вагнер" менчик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Бахмуттан өз аскерлерин чыгарып, орус армиясына өткөрүп берерин жарыялаган. Украинанын Коргоо министрлиги "Вагнердин" жоочулары Бахмуттун тегерек четинен кетип жатканы менен шаардан чыга элек экенин ырастады.

Орусиянын Украина менен чектеш Белгород облусундагы аткылоодон улам балдар коопсуз жакка чыгарылып жатканын аймак башчысы Вячеслав Гладков билдирди. Ал аткылоону Киевден көрсө, украин тарап комментарий бере элек.

31-майдын таңында Орусиянын Краснодар аймагынын губернатору Вениамин Кондратьев дрондордун ыктымал соккусунан улам мунай өндүрүүчү заводдо өрт тутанганын билдирди.

Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактан ырастоо мүмкүн эмес.

15:31 31.5.2023

Украинанын соту Казакстандын 23 жаштагы жараны Шынгыс Сейпиевди Орусиянын "Вагнер" менчик аскер компаниясынын катарында согушканы үчүн тогуз жылга эркинен ажыратты.

Украинанын коопсуздук кызматы билдиргендей, Сейпиев Тюменде абакта жаткан жеринен согушка азгырылган. Ал "зордуктоо" беренеси менен он жылга кесилип, эки жыл жазасын өтөгөндөн кийин былтыр октябрда "Вагнерге" жалданган. Ага айына 200 миң рубль, Орусиянын жарандыгын жана соттуулугун жоюуну убада кылышкан. Сейпиев акчаны келишим аяктагандан кийин алмак болгон. Бир аз даярдыктан өткөн соң Сейпиев кошулган жоочулар бөлүгүн Бахмутка жөнөтүшкөн. Бир жума өтпөй аны украин аскерлери туткунга алышкан.

Украинада орус тарапта канча казакстандык согушуп жүргөнү беймаалым. "Азаттыктын" казак кызматы согуш башталганы Казакстандын эки жараны мерт кеткенин жазган.

Орус түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткандарды согушка азгыруу былтыр жайында башталган. "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин жабык жайларды өзү кыдырып, үгүт жүргүзгөн. Согушка тартылгандардын арасында оор кылмыштар үчүн кесилгендер да бар.

2023-жылдын май айында Пригожин 20 миңдей жалданма аскери согуш талаасында мерт кеткенин, алардын жарымы абактан чыккандар экенин ырастаган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG