Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков Шебекино шаарын аткылоодо дагы эки киши жараат алганын билдирди.
Согуш маалында тараптардын маалыматтарынын чын-төгүнүн тактоо мүмкүн эмес.
Украиналык учкучтарды даярдай турган "истребителдер коалициясы" тобуна Европанын сегиз мамлекети кирди. Бул тууралуу Украина президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары Игорь Жовква билдирди.
Анын айтымында, Улуу Британия, Нидерланд, Польша, Дания, Швеция, Бельгия, Португалия жана Франция коалицияга кошуларын ырасташты.
Украинанын бийлиги 2-июнда Киевде орусиялык армиянын 30дай дрон жана ракетасы атып түшүрүлгөнүн билдирди. Баш калаанын аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попконун айтымында, жабыркагандар жана курман болгондор тууралуу маалымат жок.
"Мурунку күнү баллистикалык ракеталар менен чабуул болсо, бул жолу дрондор жана канаттуу ракеталар менен биргеликте сокку урулду",-деп кошумчалады Попко.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы социалдык тармактарга жарыялаган кабарда айтылгандай, Орусиянын армиясы 15 канаттуу ракета жана 18 Иранда чыгарылган "Шахед" дрондорун колдонгон.
Орусиялык күчтөр май айынын башынан украин калааларына, анын ичинде Киевге аба чабуулдарын активдештирди. Соңку бир айда украин баш калаасы 17 жолу орус армиясынын соккуларына дуушар болду.
Киевдин аскердик жетекчилиги буга чейин маалымдагандай, 1-июнда баш калаага түшкөн ракета калдыктары үч кишинин, анын ичинде тогуз жашар секелектин өмүрүн алды. Ондон ашуун киши жабыркады.
Ал тапта Орусиянын аймактык жетекчилиги украин күчтөрү өлкө батышындагы Брянск облусундагы эки айылды аткылаганын билдирди.
Облус губернатору Александр Богомаз "Телеграмга" жазгандай аткылоодо эч ким жабыркаган эмес. Киев бул тууралуу үн каткан жок.
Согуш маалында эки тараптын тең билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Молдовадагы саммитте союздаш өлкөлөр Орусиянын агрессиясынын мизин кайтаруу үчүн Киевди согуштук учактар менен камсыздоо маселесин колдогонун билдирди.
Reuters маалымдагандай, Зеленский бул жөнүндө Кишиневде 40тан ашуун европалык лидерлер чогулган саммиттен кийинки басма сөз жыйынында айтты. Украин бийлиги көптөн бери Батыштан согуштук учактарды алууну көздөп келет.
Молдованын президенти Майя Санду мындай жогорку деңгээлдеги жолугушууну Украинадан жыйырма чакырымдай эле алыс өз өлкөсүндө өткөрүүнү символикалуу чечим деп атады.
Санду Молдова Орусиянын баскынчылыгына туруштук берип, коңшуларын коргоп жаткан Украинага ыраазы экенин айтты.
Украин лидери Санду менен сүйлөшкөндөн кийин журналисттерге коопсуздук кепилдиги азыр Украина үчүн гана эмес, коңшу Молдова үчүн да абдан маанилүү экенин белгиледи.