Орусия Украинанын контрчабуулу башталганын билдирди
Орусиянын Коргоо министрлиги 5-июнга оогон түнү Донецк аймагынын түштүк багыты боюнча беш тилкеде Украина контрчабуул баштаганын билдирди. Киев эч кандай комментарий бере элек. Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн тактоого мүмкүн болбой жатат.
Орусиянын Коргоо министрлиги "Украинанын куралдуу күчтөрү өз максаттарына жеткен жок жана чабуулдун мизи кайтарылды" деп ырастайт.
Украинанын контрчабуул тууралуу көптөн бери айтылып келүүдө. Май айынын соңунда украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Михаил Подоляк куралдуу күчтөрдүн контрчабуулу башталганын билдирген. Ал Украина Орусиянын аймактарына чабуул жасабайт, өнөктөштөр берген курал-жарак оккупацияланган жерлерди, анын ичинде Донбасс менен Крымды бошотуу үчүн колдонулат деп айткан.
Твиттерге Подоляк контрчабуул "белгилүү бир күнү, белгилүү бир убакытта кызыл тасманы салтанаттуу кесүү менен" баштала турган "окуя" эместигин жазган эле. Контрчабуулга ар кайсы багыттагы оккупациялык күчтөрдү жок кылууну көздөгөн ондогон түрдүү аракеттер кирет деп билдирген.
Орусиянын Украина менен чектешкен Белгород районундагы энергетикалык объекттердин биринде өрт чыкты. Бул тууралуу аймактын губернатору Вячеслав Гладков кабарлады. Бирок ал өрттөнүп жаткан объекттин чоо-жайын тактаган жок. Гладков ошондой эле жабыркагандар жоктугун, электр жарыгы менен камсыздоо үзгүлтүккө учурабаганын билдирди.
Баштапкы маалыматтарга караганда, өрттүн себеби дрондон жасалган чабуул болушу мүмкүн.
Мунун алдында Гладков аткылоого дуушар болуп жаткан Украина менен чектеш райондордун тургундарын "убактылуу үй-жайын таштап чыгып кетүүгө" үндөгөн. Ал Телеграм-каналына эки адам мерт болгонун жазып: "Бардык калк жашаган айылдарды, оболу аткылоого кабылып жаткан Шебекински округунда жашагандар бийликтин айтканын угуп, өзүнүн жана жакындарынын өмүрүн сактоо үчүн үй-жайынан убактылуу чыгып кетүүсүн өтүнөбүз", – деген.
Украина менен чектешкен Орусиянын Белгород, Брянск, Курск облустарынын бийлиги аткылоо болуп жатканы тууралуу билдирүүдө.
"Агентство" жазгандай, Белгород облусунун бийлиги согуш башталгандан бери аймак 358 жолу аткылоого кабылганын кабарлаган. Бул чабуулдарга алар украин бийлигин күнөөлөшөт. Киев эч кандай комментарий бере элек.
Белгороддун бийлиги элди "убактылуу" башка жакка чыгып кетүүгө үндөдү
Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков аткылоого дуушар болуп жаткан Украина менен чектеш райондордун туртундарын "убактылуу үй-жайын таштап чыгып кетүүгө" үндөдү.
«Кечээ Безлюдовка жана Новая Таволжанкада эки киши набыт болду. Бардык калк жашаган айылдарды, оболу аткылоого кабылып жаткан Шебекински округунда жашагандар бийликтин айтканын угуп, өзүнүн жана жакындарынын өмүрүн сактоо үчүн үй-жайынан убактылуу чыгып кетүүсүн өтүнөбүз", – деп жазды Гладков Телеграмга.
4-июнда эртең менен Орусия аннексиялап алган Крымдын «жетекчиси» Сергей Аксенов өткөн түнү жарым аралда абадан коргонуу системасы беш дронду атып түшүргөнүн, дагы төртөөнүн жолу буулганын билдирди.
Украина менен чектешкен Орусиянын Белгород, Брянск, Курск облустарынын бийлиги така аткылоо болуп жатканы тууралуу билдирүүдө.
"Агентство" жазгандай, Белгород облусунун бийлиги согуш башталгандан бери аймак 358 жолу аткылоого кабылганын билдирген. Бул чабуулдарга алар украин бийлигин күнөөлөшөт. Киев болсо эч кандай комментарий бере элек.
Жекшембиге караган түнү Украинанын бардык аймактагында абадан эскертүү жаңырып турду. Киевдин абадан коргонуу системасы баш калааны бутага алган бардык ракеталар жана дрондор атып түшүргөнүн кабарланды. 4-июнда эртең менен Днепрде ракетадан кыйраган үйдөн эки жашар наристенин сөөгүн куткаруучулар таап чыкты. Согуштун Орусия тарабында болсо “Вагнер” жеке компаниясынын жетекчиси менен чечен жалданмаларынын тиреши президент Путин катышкан коопсуздук кеңешинде талкууланганы тууралуу маалымат тарады.
Днепропетровский облусундагы орус армиясынын ракетасы тийген үйдүн урандыларынын алдынан эки жашар наристенин сөөгү табылды. Жергиликтүү бийлик каргашада 22 киши жабыр тартканын, алардын бешөө балдар экенин билдирди. Ишембиде эки кабат эки үйдүн ортосуна ракета тийип, үйлөр жарым- жартылай бузулган. Үйдүн алдындагы машине, дүкөн, газ түтүктөрү жараксыз болуп калган.
Облустун администрациянын башчысы Сергей Лысак аймак түнкүсүн да чабуулга кабылганын билдирип, украин аскерлери эки канаттуу ракетаны, дронду атып түшүргөнүн маалымдады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык медиага жарыялаган видеодо куткаруучулар кыйрап калган жерде урандыларды тазалап жатканы көрүнөт.
«Азаттык» радиосу согуш маалында маалыматы башка булактардан бышыктай албай турганын эскертебиз. Орусия Украинадагы жарандык жайларга, турак үйлөргө сокку урулганын мойнуна албайт.
Киевдеги дүрбөлөң
Жекшембиде Орусиянын чабуулу уланды. Киевдин абадан коргонуу системасы башкалааны бутага алган бардык ракеталарды жана дрондорду атып түшүргөнүн шаардык аскердик администрациянын башчысы Сергей Попко билдирди. "Алдын ала маалыматтарга ылайык бир дагы дрон жана ракета Киевге жеткен жок", - деди ал.
Жума күнү президент Зеленский өлкөнүн бардык шаарларындагы бомбадан башкалкалоочу жайларды текшерүүгө буйрук берди. "Тилекке каршы, бүгүн киевдиктер башкалкалоочу жайлар жетишсиз экени тууралуу маалымат таратууда. Башкалкалоочу жайлар жабык гана эмес, алардын эшиктери чапталып турганы же шаардын айрым бөлүктөрүндө такыр эле андай жайлардын жоктугу айтылууда. Шаардагы мындай көңүл коштукту актоого эч кандай шылтоо жок”
Бейшембидеги орус армиясынын чабуулунда жашынганга жай издеп жүрүп тогуз жаштагы кыз энеси менен ракетанын сыныгы тийип набыт болгон. Карагашадан кийин полиция төрт кишини кармады, алардын үчөө тагылган милдетти так аткарбаганы үчүн жоопко тартылышы мүмкүн.
Баш калаада өспүрүм кызын ээрчиткен аялдын башкалка издеп жүрүп мерт болгону элдин нааразылыгын жаратты. Зеленский Киевдин мэри Виталий Кличкого "катуу чара көрүлөт" деп убада берди. Шаар башчы өзү дагы жоопкерчиликти сезерин айтты.
"Вагнер" vs "Ахмат"
Согуштун Орусия тарабында болсо "Вагнер" менчик аскердик компаниянын башчысы Евгений Пригожин менен Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровго жакын кишилердин тиреши президент Владимир Путиндин жетекчилиги менен өткөн Коопсуздук кеңешинде талкууланды. Бул тууралуу Пригожиндин комментарийинен маалым болду. Кремлдин сайтындагы стенограммага ылайык, Путин ал жыйында "Орусия Федерациясындагы ички кырдаалды олку-солку кылууга" багытталышы мүмкүн болгон "улуттар аралык мамилелерди" талкуулоону сунуштаган.
Украинадагы согушта орус күчтөрүнүн авангардына айланган Пригожин Кремлдеги кайсы бир топтор “вагнерчилер” менен чечен жоочуларынын ортосуна от жагып жатат” деп айыптаган "Азыр жаңжал жайгарылды. Мен ошол эле күнү Рамзан менен сүйлөштүм. Ал телефон чалып, ушунчада демди басалы деп сүйлөштүк" - деди Пригожин. Ал чечендердин “келсең, эркекче сүйлөшөбүз” деп өкүм эскерткенин 1990-жылдардагы уюшкан кылмыштуу топтордун бири-бирине жиберген салам-дубайындай кабыл алганын да айтты.
1-июнда Кадыровдун жакын тууганы, Мамлекеттик думанын депутаты Адам Делимханов, Чеченстандын парламент төрагасы Магомед Даудов жана "Ахмат" атайын күчтөрүнүн командири Апти Алаудинов согуш талаасындагы көп жоготуулары үчүн, ошондой эле Москадагы аткаминерлерге асыла бергени үчүн Пригожиндин өзүн сындашкан.
Делимханов менен Даудов "вагнерчилердин" анабашын "жигитче көзмө-көз сүйлөшүүгө" чакырган. Ошол эле күнү "Вагнердин" кол башчысы Дмитрий Уткин билдирүү жасап, "эркектер менен эркекче сүйлөшүүгө" даяр экенин айтты.
Бир жыл мурун Орусия Украинага согуш ачып, басып киргенден кийин Киевди көздөй "кадыровчулар" бет алганын Чеченстандын лидери Кадыров өзү жар салган. Анда ал чечен жоочулары Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн курамында Украинанын аймагына чабуулга катышарын бышыктайт. Ал өз каналында Украинанын аймактарында согушкан жоочуларынын видеолорун жарыялап, "баарыбыз ыктыярчыбыз" деп айтып келет.