Украинанын расмийлери Херсон облусундагы Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардыруудан улам он миңдеген адам коопсуз аймактарга көчүрүлгөнүн кабарлады. Днепр дарыясындагы дамбанын жардырылышына Киев менен Москва бири-бирин айыптап жатат.
Херсон облусунун губернатору Александр Прокудин 7-июндун таңында билдиргендей, дарыянын төмөн жагында суунун деңгээли дагы көтөрүлөрү күтүлүүдө.
"Биздин божомолубузда, жакынкы 20 сааттын ичинде суунун деңгээли дагы бир метрге көтөрүлөт",-деди Прокудин видеокайрылууда.
Ал Днепрдын оң тарабындагы Украина көзөмөлдөгөн аймактарда эки миңдей турак-жай суу алдында калганын кошумчалады.
Херсон облусунун Москва көзөмөлдөгөн бөлүгүндө орус бийлиги 7-июнда өзгөчө кырдаал абалын жарыялады. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды.
Украинанын Херсон облусундагы Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардыруудан кийин Новокахов шаарындагы жергиликтүү зоопарктагы жүздөгөн жаныбарлар сууга чөктү. Мекеменин директору Елена Навроцкая кызматкерлер эртең мененки саат 6да келген учурда зоопаркты суу каптап, "жаныбарлардын тарпы калкып жүргөнүн" билдирген.
Анын айтымында, 300дөй жаныбар, анын ичинде маймыл, павлин, енот, суур, тоту куш, фазан, пони сыяктуу жаныбарлар жана канаттуулар суу алдында калган. Учурда зоопарк жайгашкан "Казкова дiброва" эс алуу комплексин толугу менен суу басты.
Мекеме бул жайга жакын жерлер орусиялык аскерлер тарабынан миналангандыктан жаныбарларды сактап калууга мүмкүн болбогонун Фейсбук баракчасына жазды.
"Биз жарыксыз, жылуулугу жок, дайыма аткылоонун астында өтө оор кышты башыбыздан өткөрдүк. Ушундай коркунучтуу учурда дагы жаныбарлардын өмүрүн сактап калууга бүт аракетибизди жасадык. Бул абдан чоң кайгы жана жоготуу. Биз үчүн кайгырып жаткандарга ыракмат. Бирок бизге азыр жардамдын кереги жок болуп калды", - деди зоопарктын администрациясы.
Кахов ГЭСинин дамбасы 6-июнга караган түнү жардырылган. Днепр дарыясындагы ири дамбаны жардырганы үчүн Киев Москваны айыптаган. Кремль Кахов ГЭСиндеги жардырууга тиешеси жок экенин билдирген. Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кахов ГЭСинин жардырылышын атайылап жасалган диверсия деп атаган.
Украинанын Херсон облусундагы Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардыруудан кийин Днепр дарыясынын жээгиндеги шаар-кыштактарда масштабду суу ташкыны болду.
Болжолу 30га жакын калктуу конушту суу каптаган. Украинанын расмийлери Днепрдин оң жээгиндеги 16 миңдей калк жашаган 14 шаар-кыштакта суу ташкыны болгонун, сол жээкте 22 миңдей киши жашаган аймактарды суу каптаганын билдирди.
Украинанын Херсон облусундагы Кахов ГЭСинин дамбасындагы жардыруу спутниктен алынган сүрөттөрдө. “Свобода” радиосу 2023-жылдын 4-июнунда эртең менен тартылган сүрөттөрдү жарыялады.