Днепропетровск облусундагы Кривой Рог шаарындагы көп кабат үйгө тийген орус ракетасы кеминде алты кишинин өмүрүн алды. Ондогон адам жабыркаганын жергиликтүү бийлик 13-июнда билдирди.
«Үч киши мерт болду, 25 адам жаракат алды, алардын 19у ооруканада»-деп жазды облус губернатору Сергей Лысак Телеграмга.
Ал ошондой эле беш кабаттуу имарат күйүп жатканын, урандылардын алдында да адамдар болушу ыктымалдыгын кошумчалады. Украин президенти Владимир Зеленский чабуулду кескин айыптап, «террорчуларга эч качан кечирим жок» - деп Телеграмга жазды. Ал жакындарын жоготкондорго көңүл айтып, ар бир ракета үчүн "террорчулар жооп берерин" баса белгиледи.
13-июнга караган түнү Украинанын дээрлик баардык аймактарында абадан эскертүү жаңырды. Киев дагы аткылоого дуушар болгонун, ракетанын баары асмандан атып түшүрүлгөнү расмий кабарланды. Орусия соңку чабуул тууралуу билдирүү жасай элек.
Украинанын Коргоо министрлиги соңку аптада Запорожье жана Донецк облустарындагы 7 калктуу конушту орусиялык оккупациядан бошотконун билдирди. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Ак үй Украинанын контрчабуулу ийгиликтүү болуп, Путинди сүйлөшүүгө мажбурлайт деп үмүттөнүп жатканын айтты.
Украина дагы эки кыштак орус аскерлеринен бошотулганын билдирди
Украин армиясы Запорожье жана Донецк облустары чектешкен аймакта дагы эки кыштак орус күчтөрүнөн бошотулганын жарыялады. Ал жердеги Великая Новоселовка кыштагында акыркы күндөрү украин аскерлери илгерилеп баратат.
Киев жекшембиде жана дүйшөмбүнүн таңында Донецк облусундагы үч кыштак бошотулганын билдирген. Ошондой эле украиндер Запорожье облусунун Новодаровка айылынан орус күчтөрүн сүрүп чыгууга аракет кылып жатканын "Азаттыктын" украин кызматы жазды.
11-июнда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус күчтөрү жарым-жартылай оккупацияланган Луганск жана Донецк аймактарын толук көзөмөлгө алуу аракетин көрүп жатканын кабарлаган.
Орусиянын Коргоо министрлиги чечендердин "Ахмат" отряды менен "ыктыярдуу түзүмдөрдүн" кызматын уюштуруу келишимине кол койгонун жарыялады. Бул тууралуу маалымат мекеменин Телеграм-каналына чыкты.
Документке Орусиянын Башкы штабынын жетекчисинин орун басары Алексей Ким жана Орусиянын атайын күчтөр университетинин директору Адам Дашаев кол койгон. Ага "Ахмат" отрядынын командири Апты Алаудинов жана Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимханов катышты.
"Биздин биринчи тажрыйбабызды карап, башка ыктыярдуу отряддар да ушундай келишимдерге кол коюшат деп ишенем", - деди Башкы штабдын өкүлү.
Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу буга чейин бардык “ыктыярдуу отряддарды” 1-июлга чейин Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө милдеттендирген буйрук чыгарган.
Украинадагы согушка аскерлерди жалдаган "Вагнер" жеке аскер уюмунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин "Шойгу менен эч кандай келишим түзбөй турганын" билдирген.
Пригожин бир нече жолу Шойгуну жана ал жетектеген мекемени сындап чыккан.