Украинадагы согушта Орусиянын тарабында салгылашкан жүзгө жакын борборазиялык жаран каза болду. Анын ичинде Кыргызстандын 19, Өзбекстандын 34, Тажикстандын 40 жараны бар экени "Би-Би-Синин" орус кызматы жарыялаган иликтөөдө айтылат.
Макалада "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын азгырыгы менен орус түрмөлөрүнөн Украинадагы согушка жөнөтүлгөн эмгек мигранттары тууралуу жазылган.
Орус түрмөлөрүндө жазасын өтөп жаткандарды согушка азгыруу былтыр жайында башталган. "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин жабык жайларды өзү кыдырып, үгүт жүргүзгөнү маалымат каражаттарына чыккан. Согушка тартылгандардын арасында оор кылмыштар үчүн кесилгендер да бар.
2023-жылдын май айында Пригожин 20 миңдей жалданма аскери согуш талаасында мерт кеткенин, алардын жарымы абактан чыккандар экенин ырастаган.
Буга чейин "Азаттык" радиосу орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган сегиз кыргызстандык каза болгонун тактаган.
Украинанын Одесса, Днепропетровск жана Харьков облустары 15-июнга караган түнү кайрадан жапырт аткылоого кабылды. Башкы штабдын маалыматына караганда, өлкө боюнча абадан эскертүү жарыяланып, Кривой Рог, Одесса жана Харьков шаарларында жарылуулардын үнү угулду.
Кривой Рогдо ракеталык чабуулдун натыйжасында эки ишкана талкаланып, бир адам жабыркаганын Днепропетровск облустук администрациясынын башчысы Сергей Лысак билдирди.
Киев орус армиясы "Калибр" үлгүсүндөгү канаттуу ракеталарды, Иран өндүрүшүндөгү "Шахед" жанкечти дрондорун колдонгонун маалымдады. Москвага буга комментарий бере элек.
Орус күчтөрүнүн 13-июндагы соккусунан Кривой Рогдо ондон ашуун адам, 14-июнда Одессада үч киши, Донецк облусунда үч тургун каза тапкан.
15-июнда аннексияланган Крымдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксенов жарым аралга украин күчтөрү сокку урганын биддирип, Красногвардейск деген районду алты дрон бутага алганын, бир катар үйлөрдүн терезелери талкаланганын маалымдады.
Киев Аксеновдун айткандарына комментарий бере элек.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылдын март айында Крым жарым аралынын (Москва аннексиялап алган) макамы боюнча сүйлөшүүгө даяр болгонун билдирди. Бул тууралуу ал “Россия 1” телеканалынын алып баруучусу Ольга Скабеевага берген интервьюсунда айтты.
Анын сөзү боюнча, Владимир Путин ага эки өлкөнүн делегациялары макулдашкан тынчтык келишиминин долбоорун жеке өзү тапшырган. Документте аннексияланган Крымды “узак мөөнөткө ижарага алуу” жазылган. Ал эми Донбасс маселесин Орусия менен Украинанын президенттеринин Түркиядагы жолугушуусунда талкуулоо сунушу берилген.
Буга чейин Украинанын президентинин мурдагы кеңешчиси Алексей Арестович тынчтык келишиминин долбоору бар экенин айткан. Ал 2022-жылдын жазында орус армиясынын биринчи оор жоготууларынан кийин Орусия согуш башталаар алдында койгон талаптарынын дээрлик бардыгынан, анын ичинде Крым менен Донбассты көзөмөлдөөдөн баш тарткан.
Бирок Орусия Украинанын куралдуу күчтөрүнүн санын 50 миңге чейин азайтуу, Украинада орус тилине экинчи мамлекеттик тил статусун берүү талаптарын калтырганын билдирген.
Орусия февраль айында Украинага басып киргенден кийинки алгачкы жумаларда орус-украин делегациялары Беларуста жана Түркияда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Эки жолугушууда бир да документке кол коюлган эмес.
Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы жазында күч менен өзүнө каратып алган. Эл аралык коомчулук Крымды Украинанын аймагы деп эсептейт.
Украинадагы чечен кошуундарынын командири Адам Делимхановдун Телеграм каналында текст түрүндөгү маалымат жарыяланды.
"Жараткандын ырайымы менен менде баары жакшы!", - деп жазылган анда. Ошондой эле украин басылмаларын фейк таратып жатат деп айыптаган.
Сүрөттөр же видеолор тиркелген эмес.
Буга чейин бир нече украиналык жана орусиялык маалымат булактары Адам Делимханов Украинада жараат алганын кабарлашкан.
Орусиянын Коргоо министрлигинин каналы бул тууралуу маалымат таратып, кайра төгүндөгөн. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Делимханов тирүү экенин Телеграмга жазган. Бирок өз сөзүнө эч кандай сүрөт же видео далил келтирген эмес.