- автор Айнура Жекше кызы
Британ Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, эки тарап тең Бахмутта оор жоготууларга учурады. The New York Times гезити адистерге таянып, Кахов ГЭСиндеги жардырууну Орусия уюштурган деген жыйынтыгын жарыялады. Ал арада африкалык лидерлердин “тынчтык миссиясы” майнапсыз аяктады.
Украин аскерлеринин ийгилиги, коргонуусун бекемдеген орус армиясы
Украинанын куралдуу күчтөрү Запорожье облусундагы Пятихатки шаарчасын көзөмөлгө алышты. Бул тууралуу Орусия дайындаган жергиликтүү администрациянын башчысы Владимир Рогов 18-июнда Телеграмга жазды. Бул маалыматты орусиялык бийликчил блогерлер да таратышууда.
Киев бул кабарды азырынча бышыктай элек. Орус Коргоо министрлигинин жекшембидеги бюллетенинде айылды алуу аракети көрүлгөнү, чабуулдун мизи кайтарылганы айтылган.
"Свобода" радиосу жазгандай, Пятихатки кайтырылган болсо, анда бул - украин аскерлери майдандын ошол тилкесинде контрчабуул баштагандан бери алардын ири ийгилиги болуп калмакчы. Буга чейин бир аптада украин армиясы жети айыл-кыштакты бошоткону кабарланган.
18-июнда Одессанын аймактык администрациясы Херсон облусунун түштүгүндө Орусия ээлеп алган Геническ шаарынын жанында курал-жарактын ири кампасы жок кылынганын билдирди. Каршы тарап бул сокку тууралуу маалыматтын айланасында комментарий жасай элек.
Согуш шартында мындай кабарларды ыкчам текшерүү мүмкүн эмес.
Буга чейин The New York Times гезити украин расмий адамдарына шилтеме менен орус аскерлери Киевдин контрчабуулуна даярдык катары коргонуусун бекемдеп алганын жазган. Америкалык дагы бир басылма - The Wall Street Journal Украина алга жылуусун убактылуу токтотконун, Орусия танктар менен оор техникага абадан сокку уруп, бул жагынан артыкчылыкка ээ болгонун билдирген.
Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Бахмут, Лиман, Авдеевка жана Марьинка багыттарында айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканын 18-июнда билдирди. Жекшембиге караган түнү Днепропетровск облусуна ирандык эки дрон менен чабуул коюлганын, алар атып түшүрүлгөнүн украин тарап маалымдаган.
Британиянын Коргоо министрлиги чалгындоо кызматына таянып билдиргендей, Бахмуттун айланасында эки тарап тең ири жоготууларга учурады. Марттагы айыгышкан салгылашуулардан бери Бахмутта мынча көп орусиялык аскер каза таба элек болчу, - деп эсептейт британ мекемеси.
Иликтөө Кахов ГЭСин Орусия жардырганын көргөздү
Ал ортодо украин бийлиги 18-июнда Кахов ГЭСиндеги жарылуудан кийин болгон суу ташкынынан 16 адам каза болгонун билдирди. Орус тарап болжол менен 29 киши каза тапканын маалымдаган.
The New York Times гезити ГЭСтеги жардыруу боюнча өз иликтөөсүн жүргүзүп, дамбанын бузулушуна техникалык туннелдеги жарылуу себеп болгон, аны Орусия уюштурган деген тыянак чыгарды. Басылма инженерлер менен жардыруучу заттарга адистешкен эксперттерге таянып жазганына ылайык, жардыруучу жабдык дамбанын бетондон куюлган пайдубалына коюлган.
"6-июндагы жардырууну дамбаны көзөмөлдөгөн тарап, демек Орусия уюштурган", - деп жазды The New York Times.
Мунун алдында, 16-июнда британиялык адвокат Катриона Мердок Global Rights Compliance эл аралык укук коргоо фирмасынын иликтөөсүнүн алдын ала жыйынтыктары тууралуу Рейтерс агенттигине айтып берген:
"Сейсмологиялык чалгындоо борборлорунун, ачык булактардагы чалгындоо маалыматтарын жана эксперттердин айткандарын талдап чыгып, бул атайлап жасалган кол салуу болгонуна ишенебиз, дамбанын ичине жардыргыч зат коюлган, ал кырсыкка алып келди».
Киев Москва контрчабуулду басаңдатууну көздөп дамбага мина коюп, аны атайылап талкалаган деп айыптап келатат. Орусия дооматтарды четке кагып, ГЭСти украин армиясы өзү жардырды деп айтууда.
Африкалык лидерлердин "тынчтык миссиясы" майнапсыз аяктады
Жекшембиде Комор аралдарынын, Түштүк Африканын жана Сенегалдын президенттери, Египеттин премьер-министри жана Конго менен Уганданын башчыларынын атайын өкүлдөрү Санкт-Петербургда Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Путин “Украинанын нейтралитети жөнүндө келишим” деп аталган документти сунуштады. Анын айтымында, макулдашуу согуштун эң башында, 2022-жылы Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрүндө даярдалган. Путин документке кол коюуну Украина үзгүлтүккө учуратканын айтты.
Тараптардын сүйлөшүүлөрү өткөн апрелде Буча шаарында согуш кылмыштарынын белгилери табылганда украин президенти Владимир Зеленский Орусияны геноцидге айыптагандан кийин токтогон. Күзүндө Орусия Украинанын дагы төрт аймагынын аннексиясын жарыялагандан соң Киев Путин менен сүйлөшүүлөрдөн баш тартып, НАТОго кошулуу үчүн арыз тапшырган.
Африкалык жогорку өкүлдөр “тынчтык миссиясынын” алкагында Орусияга чейин, 16-июнда Киевге барып кетишкен. Рейтерс агенттиги маалымдагандай, алар Москва менен Киевдин ортосунда өз ара ишеним түптөө планын иштеп чыккан.
Зеленский "Орусия аскерлерин чыгарып кетмейинче, Москва менен сүйлөшүүлөр мүмкүн эмес" деп, планды четке какты. Путин "Москва диалогго ачык, бирок Киев ага даяр эмес" деп билдирди.
Зеленский эл аралык коомчулукка сунуш кылган тынчтык планында орус аскерлерин чыгарып кетүү, Украинага кенемте төлөө жана согуш кылмышкерлерин жоопко тартуу каралган. Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жетекчиси Жозеп Боррел Киевдин сунушун гана тынчтык планы деп атоого болорун айткан. Ал документти АКШ жана Батыштын башка өлкөлөру да колдогон.
Германиялык Welt am Sonntag гезити жекшембиде жарыялаган маекте НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг африкалык жетекчилер жаңжалды “тоңдуруу” демилгесин көтөргөнүн, бирок ал кабыл алынгыс экенин билдирип, тынчтыкка Украина койгон шарттар менен гана жетсе болорун белгиледи.
Орусиядагы "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин орус абактарынан Украинадагы согушка жөнөтүлгөн 32 миң киши жазадан бошотулуп, Орусияга кайтып барганын билдирди.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин "Вагнердин" курамында согушка катышкан соттолуучуларга ырайым берүү тууралуу жарлыктарга кол коюп жатканы кабарланган.
"Вагнер" – Путинге жакын петербургдук ишкер Евгений Пригожин негиздеген куралдуу жарым-жартылай расмий түзүм. Бул жеке аскердик компаниянын жалданмалары, анын ичинде абактардан тартылган жоочулар Украинадагы согушка жана Сирия менен Африка өлкөлөрүндөгү аскердик операцияларга активдүү катышууда.
Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө террордук уюм деп табылган "Вагнердин" жоочулары көптөгөн кылмыштарга айыпталып келет. Пригожин муну мойнун албаганы менен четке да какпайт.
"Вагнер" компаниясы Украинадагы согушка камактагы адамдарды жалдап жатканы 2022-жылы жазында айтыла баштаган. Орус түрмөлөрүнөн согушка канча киши тартылганы так белгисиз.
Өткөн жылы ноябрда Орусиянын Жазаларды аткаруу кызматы эки айдын ичинде камактагылардын саны 23 миңге азайганын билдирген. Мекеме кийинки статистиканы 2023-жылы январда жарыялаган. Анда ноябрдан бери абактагылардын саны 6 миң кишиге азайганы жазылган.
Буга чейин Пригожин орус абактарынан "Вагнерге" 50 миң киши тартылганын, алардын 20% жакыны согушта каза болгонун билдирген.
Быйыл февралда камактагыларды согушта тартуунун экинчи толкуну башталганы кабарланган. Анда Пригожин бул иш менен анын компаниясы алектенбей калганын айткан.
Украинанын Куралдуу күчтөрү Запорожье облусунун түштүгүндөгү Пятихатки кыштагын орус күчтөрүнөн бошотконун коргоо министринин орун басары Анна Маляр тастыктады.
Аталган кыштак украиндердин көзөмөлүнө өткөнүн 18-июнда Орусия дайындаган жергиликтүү администрациянын башчысы Владимир Рогов Телеграмга жазган. Орусиянын Коргоо министрлигинин жекшембидеги бюллетенинде "айылды алуу аракети көрүлгөнү, чабуулдун мизи кайтарылганы" айтылган.
Украин аскерлери акыркы эки аптада Донецк облусундагы жети кыштакты орус армиясынан бошоткон.
Украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Бахмут, Лиман, Авдеевка жана Марьинка багыттарында айыгышкан салгылашуулар уланып жатканын билдирүүдө.
Орусиянын Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков 19-июнда Украина менен чек арадагы Валуйки шаарындагы аткылоодо жети адам, анын ичинде бир бала жарадар болгонун билдирди. Беш жабырлануучу ооруканага жаткырылды.
Губернатор беш көп кабаттуу үй жана 4 жеке турак-жай зыянга учураганын маалымдады.
Baza Telegram каналы кабарлагандай, шаарда электр жарыгы жок. Шаарга кирген жол жабык.
Валуйки Украина менен чек арадан 20 чакырым алыста жайгашкан. Украинада орус күчтөрү менен салгылаш болуп жаткан аймакка жакын калаада 33 миң тургун бар.
Орусиянын Украина менен чектеш аймактары акыркы кездери аткылоого жана дрондор чабуулдарына дуушар болууда. Орусия тарап бул үчүн Украинаны күнөөлөп жатат. Украина бийлиги буга комментарий бере элек.