Орусиянын Коргоо министрлиги: Пригожиндин чагымы украин куралдуу күчтөрүнө чабуул коюуга мүмкүнчүлүк берди
"Пригожиндин чагымынан пайдаланып киевдик режим Бахмут багытында 35-деңиз пехотасын жана 36-механикалык бригадаларын чабуул коюуга даярдай баштады", - деп билдирди Орусиянын Коргоо министрлиги.
Украинанын чыгышындагы фронттогу абал
Орусиянын Федералдык Коопсуздук комитети “Вагнер” жеке аскердик тобунунун негиздөөчүсү Евгений Пригожинге “аскердик төңкөрүшкө чакырык” фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.
Бул тууралуу 24-июнга караган түнү Орусиянын Башкы прокуратурасы маалымат таратты. Анын алдында Пригожин өзүнүн Телеграм каналдары аркылуу орус күчтөрү “Вагнердин” позицияларына ракетадан сокку урганын жана жалданма аскерлер арасында көптөгөн жоготуулар бар экенин билдирген. Бул үчүн орус армиясынын жетекчилигин айыптаган.
Евгений Пригожин Коргоо министрлигинин жетекчилигинен өч алууну убада кылды.
“Бул аскердик төңкөрүш эмес, акыйкаттык маршы”, - деген Пригожиндикине окшош үн орусиялыктарды, анын ичинде аскерлерди “Вагнердин” катарына кошулууга чакырган.
Орусиянын Коргоо министрлиги Пригожиндин жоочуларга байланыштуу маалыматын төгүндөдү.
Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимов жана аскер башчыларынын бири Сергей Суровокиндин билдирүүсү жарыяланып, алар “Вагнердин” жасалма аскерлерин армияга каршы чыкпоого жана өз позицияларына кайтууга үндөштү.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путин соңку кырдаалдан кабары бар экенин жана керектүү чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Орус маалымат каражаттары учурда Москва жана башка аймактарда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн жазууда.
“Вагнер” (“ЧВК Вагнер” же "Вагнердин" жеке аскердик компаниясы) – компаниясы бейрасмий аскердик түзүм. Аны орус президенти Владимир Путинге жакын ишкер Евгений Пригожин түзгөнү айтылып келет. Анын жалданма аскерлери Сирияда жана Африка өлкөлөрүндөгү аскердик аракеттерге катышып келсе, Орусия Украинага кол салганы ачыкка чыгып, орус армиясына көмөк көрсөткөн.
“Вагнердин” катарында жалданма аскерлер менен катар орус түрмөлөрүндө жаза өтөгөн оор кылмыш үчүн соттолгондор бар.
“Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган. Соңку мезгилде Пригожин ачык билдирүүлөрдү жасап, орус Коргоо министрлигинин жетекчилиги менен тирешип жатканы белгилүү болгон.
23-июнга караган түнү орус армиясы Украинанын аймагын канаттуу ракеталар менен аткылоону улантты.
Алардын бардыгы абадан атып түшүрүлгөнүн Украин куралдуу күчтөрү билдирди.
Маалыматка караганда, чабуул Хмельницк облусундагы аскердик аэродромго багытталган. Ракеталар Каспий деңизинин аймагындагы ТУ-95МС төрт стратегиялык бомбалоочу учактан учурулган.
Өлкө чыгышында жана түштүгүндө айыгышкан кармаш уланууда. Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр украин күчтөрү түштүктө, Мелитополь жана Бердянск багыттарында алдыга жылып баратканын билдирди.
"Акырындап алдыга жылып баратабыз, жарым-жартылай ийгиликтер бар", -деди Маляр.
Орусиялык аскерий блогерлер Серебрянский токоюндагы салгылаш тууралуу жазып, орус күчтөрү алдыга жылып баратканда украин армиясынын катуу артиллериялык аткылоосуна кабылганын белгиледи.
Эки тараптын тең билдирүүлөрүн согуш маалында көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Фронттогу кырдаал
Украинанын коргоо министринин орун басары Ганна Маляр украиналык күчтөр түштүк тарапка мелитополь жана бердянск багытында чабуул коюп жатканын билдирди. "Акырындап жылып жатабыз, кичинеден ийгиликтер болуп жатат, душманды сүрүп чыгуудабыз" деп билдирди Маляр. Орусия өз кезегинде фронтко кошумча күчтөрдү тартып жатканы белгилүү болду.