OSINT-аналитик Дамьен Саймон акыркы суткадагы "Вагнердин" кыймыл-аракетинин картасын түздү. Куралдуу топтун бөлүктөрү өздөрү жайгашкан Украинанын чыгышынан жылса, жарымы түштүккө багыт алып Ростовдогу борборду көзөмөлгө алган. (Азыр ал тарапка Кадыровдун отряды каршылык көрсөтүү үчүн баратканы белгилүү болду).
Айрым бөлүктөрү Миллерово жана Батурлиновка аскердик аэропортторун көзөмөлгө алган. Көпчүлүк колоннасы Москвага жакындап калды. Орусиялык күч органдары борбор калаанын түштүк тарабында Оканын боюнда коргонууга даярдык көрүп жатат.
"Вагнер" Москва облусуна жеткени кабарланууда
Күбөлөрдүн такталбаган маалыматтарында "вагнерчилер" Москванын түштүк тарабына жеткени айтылууда.
Москванын мэри Сергей Собянин 26-июндун кечинде тобокелдикти азайтуу үчүн 26-июнду дем алыш күнү деп жарыялады.
Шаарга тартылган аскерлердин сүрөт-видеолору социалдык тармактарга жарыяланууда.
Ал арада "Вагнердин" колоннасы Москваны карай жылууда
Орусиянын куралдуу күчтөрү менен аскерде кызмат өтөө боюнча келишим түзгөн абактагы адамдарды мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгаруу жөнүндө жарлык чыкты. Ага 24-июнда Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгону белгилүү болду.
Путин соттуулугу бар же аскерде кызмат өтөөгө жарым-жартылай жарактуу жарандарга куралдуу күчтөр менен келишим түзүүгө мүмкүндүк берген мыйзамга да кол койду.
24-июнга караган түнү орус күчтөрү Украинанын бир нече шаарына чабуул жасады. Киевдеги көп кабаттуу үйлөрдүн бирине тийген ракета үч кишинин өмүрүн алып, 11 киши жарадар болгонун жергиликтүү бийлик кабарлады.
Мындан тышкары ракета соккусунан Днепрде 11 киши, арасында үч бала жабыркады. Алардын жетөө ооруканага жеткирилди.
Миллиондон ашык калкы бар Харьков шаарында газ түтүктөрү жабыркап, өрт чыкканын шаар башчысы Игорь Терехов Телеграмга жазды. Анын айтымында, шаарга үч ракета атылган.
Кременчугда да жарылуулар тууралуу кабарланууда.