Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин менен жалданма отрядынын "куралдуу козголоңун" токтотуу боюнча келишим болгонун ырастады. Анын айтымында, сүйлөшүүлөргө "Пригожин менен 20 жылдан ашуун убактан бери жеке тааныштыгы бар" беларус лидери Александр Лукашенко катышкан. "Куралдуу козголоң" боюнча кылмыш иши эмненин негизинде жабыларын Песков айткан жок. Анын айтымында, Пригожин "Беларуска кетет".
Кремлдин өкүлүнүн айтымында, "Вагнердин" аскерлери куугунтукталбайт. Алардын Москвага бет алган "акыйкаттык маршы" деп аталган жүрүшкө катышпаган бөлүгү Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзө алышат. Песков орус аскерлеринин Украинадагы аскердик аракеттери уланарын, соңку окуялар ага таасир этпей турганын белгиледи.
Пригожин жалданма аскерлеринин колоннасы Москвага 200 километр жетпей токтогонун жана артка кайтканын билдирген. Ал "кан төгүүнү" каалабай турганын айткан. Сүйлөшүүлөр тууралуу эч нерсе айткан эмес. Бул маалыматты биринчилерден болуп Лукашенконун басма сөз кызматы кабарлаган.
Кремлчил "Ридовка" басылмасы ишемби күнү "Вагнер" менен кагылышууда 15 орус аскери каза болгонун жазды. Кеп негизинен учкучтар жөнүндө болуп жатат — Ил-18 учагы жана бир нече тик учак атып түшүрүлгөн. "Вагнердин" жалданма аскерлеринин арасындагы жоготуулар тууралуу маалымат айтылган жок.
Пригожиндин негизги талабы - Коргоо министрлигинин жетекчилигинин кызматтан кетиши. Песковдун айтымында, 24-июндагы сүйлөшүүлөрдө кадр маселеси талкууланган эмес.
Буга чейин “Вагнердин” жалданма жоочулары Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москва тарапты көздөй багыт алганы кабарланып жаткан. Алардын лидери Евгений Пригожин Украинадагы ийгиликсиз согуш үчүн коррупциялашкан, компетентсиз командирлерди айтыптап, аларды алуу максатын көздөп жатканын билдирген.
Орус президенти Владимир Путин "Вагнердин" аракеттерин “куралдуу козголоң” деп мүнөздөп, Пригожинди Орусиянын аскерий жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке амбициясынан улам чыккынчылык кылды" деп айыптаган. Бир катар өлкөлөр Орусиядагы кырдаалга көз салып турат.
Пригожин "колоннаны артка кайтарды"
"Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин аудио билдирүүсүндө аскердик топтун колоннасы Москвадан 200 чакырым аралыкта артка кайтканын, кайра "талаа лагерлерине" барышарын кабарлады. Мунун себебин ал кан төгүлүшүн каалабаганы менен түшүндүрдү. Лукашенко менен сүйлөшүү болгону тууралуу ооз ачкан жок.
Ага чейин Беларустун лидери Лукашенконун басма сөз кызматы Путин жана Евгений Пригожин менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн билдирген. Анда "Орусиянын аймагында кан төгүүгө жол бербөө" макулдашылганы айтылган.
Белгилүү болгондой Пригожин менен Лукашенко аймагында чыңалууну күчөтпөш үчүн "Вагнердин" алдыга жылуусун токтотууну макулдашкан.
"Учурда кырдаалды жөнгө салуу үчүн өтө пайдалуу жана ийкемдүү вариант кабыл алынды, бул "Вагнердин" коопсуздугуна да кепилдик берет", - деп билдирди басма сөз кызматы.
"Рейтер": "Вагнердин" 5 миңдей жоочусу Москвага баратат
Москваны карай "Вагнердин" 5 миң жоочусу баратканын Рейтер агенттиги "ДЭРдеги" атын атабаган, ишенимдүү булактарына таянып билдирди.
Маалыматта бул бөлүктү "вагнерчилердин" негиздөөчүлөрүнүн бири жана командир Дмитрий Уткин баштап баратат.
"Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожин 25 миңдей жоочусу бар экенин жарыялаган. Бирок Рейтердин булагынын билдиришинче, алардын саны кыйла аз. 5 миңдей жоочу Ростов-на-Донуну алуу үчүн түштүк тарапка кеткен.
"Вагнердин" планы боюнча жоочулар Москвага баргандан кийин бийик кабат үйлөрдүн арасына кирип, "бекем курулуш" позициясын ээлешет.
OSINT-аналитик Дамьен Саймон акыркы суткадагы "Вагнердин" кыймыл-аракетинин картасын түздү. Куралдуу топтун бөлүктөрү өздөрү жайгашкан Украинанын чыгышынан жылса, жарымы түштүккө багыт алып Ростовдогу борборду көзөмөлгө алган. (Азыр ал тарапка Кадыровдун отряды каршылык көрсөтүү үчүн баратканы белгилүү болду).
Айрым бөлүктөрү Миллерово жана Батурлиновка аскердик аэропортторун көзөмөлгө алган. Көпчүлүк колоннасы Москвага жакындап калды. Орусиялык күч органдары борбор калаанын түштүк тарабында Оканын боюнда коргонууга даярдык көрүп жатат.