Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:06
 Киев. 24-майга караган түндө Орусиянын чабуулунан кийин өрттөнүп жаткан имараттардын бири.
Киев. 24-майга караган түндө Орусиянын чабуулунан кийин өрттөнүп жаткан имараттардын бири.

"Коркунучтуу түн болду". Украина жапырт соккунун кесепети менен күрөшүүдө

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:54 25.6.2023

Орусиянын 24-июндун түнүндө Киевге жасаган соккусунан беш кишинин өмүрү кыйылды. Куткаруучулар ракетанын сыныгы түшкөн турак үйдүн урандыларынын астынан дагы эки кишини сөөгүн алып чыкты. Бул тууралуу Киевдин мэри Виталий Кличко кабарлады. Буга чейин үч киши каза болгону кабарланган.

Орус армиясынын соккусунан баш калаа Киевдин Соломенск районундагы 25 кабаттуу үй зыян тартты. Украин бийлигинин маалыматына караганда, 24-июндун түнү орус армиясы ТУ-95МС төрт стратегиялык бомбалоочу учактан учурулган Х-101/555 ракеталары менен сокку урган. Киевде алардын 20дайы атып түшүрүлгөн.

25-июнга караган түнү Украинаны кздй ири ракеталык аткылоо катталган жок, бирок айрым облустарда атышуулар уланды. Херсон облусунун бийлиги жекшемби эртең менен калктуу конуштарды аткылоо болгонун кабарлашты. Шаарда бир жайкын тургун набыт болгон.

"Снаряддын бири бөлмөнүн ортосунда жарылган", - деди облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Прокудин.

16:52 25.6.2023

Окуянын хронологиясы:

  • Жума күнү, 23-июнда, "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын ээси Евгений Пригожин "вагнерчилердин" тылына орус армиясы ракета менен чабуул койгонун билдирген. Андан соң ал Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду жоопко тартуу үчүн Москвага каршы 25 миң "вагнерчи" "акыйкаттык маршына" чыгып жатканын жарыялаган.
  • Бир сутка ичинде "Вагнердин" жоочулары Ростов-на-Дону жана Воронеж шаарларын өз көзөмөлүнө алганы белгилүү болгон. Пригожин Москвага 200 чакырым аралык калганын жана башкалааны көздөй жылып баратышканын айткан.
  • Орус президенти Владимир Путин Пригожиндин кадамын "чыккынчылык" деп атады. Федералдык коопсуздук кызматы Пригожинге каршы "козголоң жасоо аракети" деген негизде кылмыш ишин козгогон.
  • Ишемби, 24-июндун кечинде Пригожин менен Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенконун сүйлөшкөнү белгилүү болду. Анын натыйжасында "Вагнердин" Москваны көздөй сапары токтотулган. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, жоочулар мурдагы орундарына кайтып жатышат, ал эми Евгений Пригожин Беларуска кетет.
  • Пригожин азырынча комментарий бере элек.
16:44 25.6.2023

Орусиянын Липецк облусунда "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын жоочуларына жана техниканын киришине тоскоолдук жаратуу максатында экскаватор менен казылган жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу аймактын бийлиги билдирип, жоочулар облустан чыгарылып жатканын маалымдады.

16:29 25.6.2023

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарынын мэри Алексей Логвиненконун айтымында, "Вагнер" аскердик менчик компаниясынын оор бронетехникасыы 10 миң чарчы метр аянтты керектен чыгарды.

Түштүк аскер округунун штабы жайгашкан жана ишембиде "Вагнердин" жоочулары ээлеп алган Буденнов проспектисине чоң зыян келтирилди. Шаар бийлиги жолдор эки күндүн ичинде оңдолот деп убада берип жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG