Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:47
Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түз ободо Украин дрондору Петербургга чабуул койду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




10:22 26.6.2023

Украинанын коргоо министри Алексей Резников Fox News телеканалына курган маегинде, Киев акыркы үч аптадан бери толук кандуу контрчабуулга өтө электигин билдирди.

Резников Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аракеттерин “даярдык операциясы” деп атаган. "Чабуул толук башталганда, ийгиликтүү болуп, жеңишти жакындатат", - деди Резников. Ал ошондой эле орусиялык күчтөрдүн коргонуу линиялары өтө күчтүү экенин, Украина өз аскерлерин коркунуч кептеп албоого аракет кылып жатканын түшүндүрдү. “Биз алардын өмүрүн сактап калууга аракет кылып жатабыз", - деген украин коргоо министри Алексей Резников.

Министр быйыл согушта бурулуш болот деп эсептейт.

09:49 26.6.2023

Литванын президенти Гитанас Науседа "Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Беларуска келе турган болсо, НАТО Европанын чыгышындагы позицияларын күчтөндүрүшү керек экенин эскертти. Науседа мындай пикирин 25-июнда Литванын мамлекеттик коопсуздук кеңеши Орусиядагы "вагнерчилердин" токтотулган козголоңун талкуулаган соң журналисттерге айтты.

"Эгер Пригожин же "Вагнер" тобунун бир бөлүгү так эмес пландары жана белгисиз ниеттери менен Беларуста пайда боло турган болсо, бул жагдай биз чыгыштагы чек араларыбыздын коопсуздугун мындан ары бекемдешибиз керек дегенди билдирет", - деп айтты Науседа.

Кийинки айда Литвада Түндүк атлантикалык аскердик альянстын (НАТО) саммити өтөт.

Орус президенти Владимир Путиндин узактан берки жакын санаалаштарынын бири деп саналып келген Евгений Пригожиндин күчтөрүнүн армия жетекчилерине каршы Москвага багытталган жүрүшү 24-июнда кечке маал токтотулган. Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенко аралашкан сүйлөшүүлөрдөн кийин "вагнерчилерге" ачылган кылмыш иштери токтотулуп, Пригожинге Беларуска чыгып кетүүгө уруксат берилгени кабарланган. Азырынча Пригожин жана "вагнерчилер" кайсы тарапка бет алганы так белгисиз.

Британиянын Башкы штабынын мурдагы жетекчиси, отставкадагы генерал Ричард Даннатт Sky News телеканалы менен маегинде Пригожин Беларустан Украинанын баш калаасына кол салышы мүмкүндүгүн айтып, украин күчтөрү буга даяр турушу керек экенин эскерткен.

09:49 26.6.2023

"Вагнерчилердин" Орусиядагы орто жолдо токтотулган козголоңун улай расмий Бээжин Москванын туруктуулукту камсыз кылуу боюнча аракеттерин колдой турганын жарыялады. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 25-июнда билдиргенин Reuters жаңылыктар агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, Кытай тарап Орусиядагы соңку чыңалууну өлкөнүн "ички иши" деп сыпаттады.

Мындай билдирүү Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко Кытайдын башкы дипломаты Цинь Ган менен жекшемби күнү Бээжинде жолуккандан кийин жарыяланды.

Руденко Бээжинге качан барганы, анын бул сапарынын "Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин козголоңуна канчалык байланышы бар экени белгисиз.

"Кытай тарап Орусия Федерациясынын жетекчилигинин 24-июндагы окуяларга байланыштуу өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу аракеттерин колдой турганын билдирди жана Орусиянын биримдигинин бекемделишине жана мындан аркы өнүгүүсүнө кызыкдар экенин бышыктады", - деп айтылат Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсүндө.

Расмий Бээжин ишемби күнү Орусиядагы чыңалуу тууралуу үн каткан эмес.

Орус президенти Владимир Путиндин узактан берки жакын санаалаштарынын бири деп сыпатталып келген Евгений Пригожиндин күчтөрүнүн армия жетекчилерине каршы Москвага багытталган жүрүшү 24-июнда кечке маал токтотулду. Беларустун авторитардык жетекчиси Александр Лукашенко аралашкан сүйлөшүүлөрдөн кийин "вагнерчилерге" ачылган кылмыш иштери токтотулуп, Пригожинге Беларуска чыгып кетүүгө уруксат берилгени белгилүү болду.

17:02 25.6.2023

Интернетте "вагнерчилердин" Орусиянын аймактарынан кетип жатканы тартылган видеолор тынбай жарыяланып жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG