Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:04

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:35 28.6.2023

АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) "Вагнер" аскердик жеке компаниясына жана анын ээси Евгений Пригожинге байланышы бар төрт коммерциялык компанияга, бир адамга каршы санкция киргизди.

Буга чейин АКШ, Европа Биримдиги, Канада жана Британия Пригожиндин өзүнө каршы санкция колдонгон.

"Санкциялар "Вагнердин" каржылоо системасындагы негизги адамдардын ишин кыйындатат", – деди каржы министринин терроризм жана финансылык чалгындоо боюнча орун басары Брайан Э.Нельсон.

11:03 28.6.2023

АКШнын Коргоо министрлигинин сайтында Украинага бериле турган 500 млн. долларлык аскердик жардамдын тизмеси жарыяланды. Украина аларды "коопсуздук жана коргонуу жаатында өтө зарыл" жана "контрчабуул операциясын коргоо" үчүн алууда.

  • Patriot зениттик-ракеталык комплекси жана жапырт ок чыгаруучу HIMARS реактивдүү системасы үчүн ок-дары;
  • Stinger көтөрүп жүрүүчү зениттик-ракеталык комплекси;
  • Минадан тазалоочу жабдыктар;
  • 155 мм жана 105 мм калибрдеги снаряддар;
  • Жөө аскерлер үчүн 30 Bradley машинасы;
  • Stryker чопкутталган автоунаасынан 25 даана;
  • HARM жогорку үндүү радиолокациялык ракетасы;
  • Жогорку тактыктагы авиациялык каруу-жарактар;
  • Ок атуучу куралдар жана ал үчүн керектелүүчү 22 млн. патрон;
  • Түнкү байкоо үчүн жабдыктар жана тепловизорлор.
10:28 28.6.2023

Краматорки шаарына урулган соккуда, төрт адам каза болду, арасында бир бала бар, кырктан ашуун адам жарадар

Донецк облусунун администрациясынын башчысы Павел Кириленко Краматорск шаарына түшкөн ракетадан үч чет элдик жаран каза болгонун билдирди. Соккудан кыйраган ресторандын ордун тазалоо иштери жүрүп жатат.

"Азаттыктын" украин кызматы украин полициясынын маалыматына таянып, төрт адам каза болуп, 42 адам жарадар болгонун билдирди.

Бельгиялык журналист Арно де Декер Краматорскиде орусиялык соккудан кыйраган Ria Lounge барында (ал "Краматорск" мейманканасына туташ) эл толтура болгонун жазды. Декер бардын ичинде жарылууга чейин жарым саат мурда тартылган сүрөттү койду.

21:09 27.6.2023

Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Беларуста экенин 27-июнда билдирди. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА агенттиги жазды.

"Путин убада кылгандай, коопсуздук кепилдиктери берилди. Ооба, чын эле ал бүгүн Беларуста. Мен убада бергендей, кайсы бир убакыт бизде болуп турууну кааласаңыз, жардам беребиз, - деген Лукашенко.

27-майда Евгений Пригожин колдонгон Embraer 600 учагы (бизнес-жет) Минскинин жанындагы аскердик авиабазага конгону маалым болгон. Бирок анда Пригожиндин өзү Беларуска барган-барбаганы белгисиз эле.

24-июнга караган түнү "вагнерчилер" Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алышкан. Москвага 200 чакырым калганда Пригожин "кан төгүүнүн алдын алуу үчүн" артка кайтышарын күтүүсүздөн жарыялаган.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин ишембиде "куралдуу көтөрүлүштү" токтотуп, артка кайткан Евгений Пригожин өзү дагы Беларуска кетери маалымдалган.

Беларуста атайын "вагнерчилер" үчүн лагерь да курулуп жатканы белгилүү болду.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG