Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:22

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




17:14 29.6.2023

Украинадагы биргелешкен орус күчтөрүнүн кол башчысынын орун басары, генерал Сергей Суровикин үй-бүлөсү менен үч күндөн бери байланыша элек.

Бул тууралуу "Эхо Москвы" радиосунун мурдагы башкы редактору Алексей Венедиктов ишенимдүү маалыматтарга таянып билдирди.

Анын айтымында, Суровикиндин сакчылары менен байланышуу мүмкүн болбой жатат.

Күч органдарында көптөгөн булактары бар Венедиктов ал камакка алынган болушу ыктымалдыгын, буга өткөн аптадагы "Вагнер" жеке аскер компаниясынын козголоңу себеп болушу мүмкүндүгүн белгиледи.

The Moscow Times басылмасы да Коргоо министрлигиндеги булагына таянып, Суровикин кармалганын жазды. Бул маалыматка расмий комментарий бериле элек.

Суровикин акыркы жолу 23-июнда видеокайрылуу жасап, "Вагнерчилерди" козголоңду токтотууга чакырган.

Шаршембиде New York Times жана Wall Street Journal басылмалары чалгындоо булактарына таянып, Суровикин Евгений Пригожиндин армиянын жетекчилигине каршылык көрсөтүү планынан кабардар болушу мүмкүн экенин жазышты. Ал өзү козголоңду колдогонбу же жокпу, беймаалым.

15:29 29.6.2023

29-июнда эртең менен орус аскерлери Украинанын Херсон облусун аткылаганда 71 жаштагы аял каза болуп, экөө жараат алды. Облустук аскердик админстрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, Белозёрка кыштагы чабуулга кабылып, бери дегенде 12 үй зыянга учурады.

Облус башчысы Александр Прокудин өткөн суткада аймак 64 жолу соккуга туш болгонун айтты.

Түндө Чугуев калаасына ракетадан чабуул жасады. Харьков облусунун аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубов турак жайлар жана автоунаалар зыян тартканын, киши өмүрү кыйылбаганын Телеграмга жазды.

Донецк облусундагы Краматорск калаасында 27-июндагы ракета соккусунан кийинки издөө-куткаруу иштери бейшембиде аяктады. Бийлик бул калаада орус армиясынын чабуулунан 12 киши каза тапканын, үчөө бала экенин маалымдады.

Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков бул жолку кол салууга Орусия бир гана "аскердик түзүмдөргө тиешеси бар объектилерге" сокку урат деп комментарий берди.

Ынанымдуу далилдерге карабай, Москва Украинадагы карапайым калкты атканын моюнуна албай келет.

14:58 29.6.2023

Russian Field компаниясы жүргүзгөн сурамжылоого катышкан орусиялыктардын 35% Украинага бастырып кирүүнү туура эмес деп эсептешет жана Путиндин чечимин колдошпойт.

The Moscow Times басылмасы жазгандай, бул орусиялыктардын Украинадагы согушка каршы экенин көрсөткөн рекорддук көрүнүш. Согуштун алгачкы айларында сурамжылоого катышкандардын 26-28%, былтыр декабрда 33% кошуна өлкөгө бастырып кирүүнү жактабай турганын билдиришкен.

Ошол эле учурда сурамжылоо Украинага кол салуу чечимин “жокко чыгарууну каалабагандар” 49% түзөт.

Сурамжылоого ылайык, согушка каршы маанай 18 жаштан 24 жашка чейинкилердин арасында басымдуулук кылат. Согушту колдогондордун көбү 45 жаштан ашкандар.

14:49 29.6.2023

29-июнга караган түнү орус армиясы Украинанын Чугуев калаасына ракетадан чабуул жасады. Харьков облусунун аскердик админстрациясынын башчысы Олег Синегубов турак-жайлар жана автоунаалар зыян тартканын, киши өмүрү кыйылбаганын Телеграмга жазды.

Дээрлик күн сайын чабуулга кабылып жаткан Харьков облусунда шаршембидеги соккулар үч кишинин өмүрүн кыйган.

Донецк облусундагы Краматорск калаасында 27-июндагы ракета соккусунан кийинки издөө-куткаруу иштери бейшембиде аяктады. Бийлик бул калаада орус армиясынын чабуулунан 12 киши каза тапканын, үчөө балдар экенин маалымдады.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG