Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:00

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:35 4.7.2023
  • Бахмут багытында кырдаал курчуп жатат. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлиги билдирди. Сутка ичинде позициялар колдон колго өткөн. Шаардын өзүндө орус күчтөрү украин күчтөрүнүн логистикасын үзүү үчүн ок жаадырууда. Ошол эле маалда Таврическ багытында алдыга жылып жатканын "Азаттыктын" украин кызматы билдирди.
11:30 4.7.2023

Зеленский CNN каналына курган интервьюда согуш Крым алынганча токтобой турганын айтты

"Биз Украинаны Крымсыз элестете албайбыз. Крымдын орус оккупациясында турганы, согуш бүтө элек дегенди билдирет", - деп айтты Украинанын президенти CNNдин журналисти менен сүйлөшүп жатып.

Зеленскийдин маегин толук бул шилтемеден англис тилинде окуса болот.

11:21 4.7.2023

Орусиялык ТАСС маалымат агенттиги Москванын жанындагы Кубинка шаарында аскер бөлүгү жайгашкан аймакка бир дрон кулап түшкөнүн, баштапкы маалыматка ылайык жабыркагандар, кыйроо болбогонун билдирди. РИА агенттиги бул учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн кабарлады.

Кубинка Внуков аба майданынан 36 чакырым алыстыкта жайгашкан. Орусиялык басылмалар бул аймакта 4-июлда эртең менен дагы эки дрон атып түшүрүлгөнүн жазышкан.

Shot Телеграм-каналы бир дрон, же анын урандысы Кривошиенко айылындагы чарбалык курулмага кулап, өрт чыкканын билдирди жана сүрөт, видео жарыялады. Кыштак Внуков аэропортунан анча алыс эмес жайгашкан. Ал арада аталган аба майданда каттамдар башка аэропортторго жөнөтүлүп жатканы тууралуу кабарлар чыкты. РИА Новости агенттиги аны "техникалык себептер" менен байланыштырды.

Дрондорго байланыштуу Коргоо министрлиги комментарий бере элек.

Орус бийлик өкүлдөрү 30-майда Москвага 25 дрон менен чабуул жасалганын кабарлашкан. Шаардын мэри Сергей Собянин эки учкучсуз аппарат үйлөргө кулап, айрым имараттар азыраак жабыркаганын билдирген.

09:28 4.7.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский 3-июлда Орусиянын дрон чабуулунда зыян келтирилген эки имараттын бири коопсуздук кызматына тиешелүү экенин бышыктады.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG