Бириккен Улуттар Уюму келишим эки апта ичинде жокко чыгып, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн экенин, бул дүйнөнүн аялуу катмарын кооптуу абалга кептей турганын айтып, тынчсыздануусун билдирди.
Глобалдык азык-түлүк кризисин жумшартууга багытталган Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо тууралуу келишимдин мөөнөтү 17-июлда соңуна чыгат. 4-июлда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги дан боюнча келишимди узартууга негиз көрбөй турганын, дүйнө базарына Орусиянын азык-түлүгүн жана жер семиртичин экспорттоо боюнча абал жакшырбаганын белгилеген.
Украинадан Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо тууралуу келишим 17-майда эки айга узартылган.
Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече ай өткөндөн кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо токтоп калган. Бул жагдай дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келген.
Киев менен Москва Түркия жана БУУнун ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр 22-июлда Стамбулда кол коюшкан. Келишимдин мөөнөтү улам узартылып келе жаткан. Андан бери Украинадан 30 миллион тонна буудай жана башка айыл чарба азыктары экспорттолду.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясы Орусиядагы “Вагнер” менчик аскердик компаниясын террордук уюм деп тааныган резолюция кабыл алды. Бул тууралуу маалымат Парламенттик ассамблеянын сайтына жарыланды.
"Орус бийлигинин кызыкчылыгын көздөгөн "Вагнер" тобунун аракеттерин табияты жана мааниси жагынан террористтик уюм деп мүнөздөөгө болот", – деп айтылат билдирүүдө.
Андыктан уюмга кирген мамлекеттердин “Вагнер” тобун террористтик уюм деп таанышы негиздүү экени белгиленген.
Резолюцияда "Вагнердин" жалданма күчтөрү орус бийлигинин кызыкчылыгында иш кылганын, өткөн аптада президент Валдимир Путин компания мамлекеттен каржыланганын мойнуна алганы да айтылат. Документте "Вагнердин" башка өлкөлөрдөгү аракети үчүн "орус мамлекети жоопкерчилик алары" белгиленген.
Ассамблея ошондой эле "Вагнерди" өз аймагына киргизип, колдоо көрсөткөнү үчүн Беларусту айтыптап, бул "Балтика өлкөлөрүнүн коопсуздугуна коркунуч келтирип жатканы" белгиленет. 23-24-июнда "вагнерчилер" Орусияга козголоң салгандан кийин Беларустун авторитардык лидеринин чакыруусу менен коңшу өлкөгө кеткени кабарланган.
Быйыл жыл башында АКШ "Вагнерди" транс-улуттук кылмыштуу уюмдардын тизмесине киргизип, компаниянын өкүлдөрүнө санкция салган. Апрелде Европа Биримдиги компанияны "Украинадагы Орусиянын аскердик агрессиясына активдүү катышканы үчүн" санкциялык тизмеге киргизген.
30-июндан 4-июлга чейин Канаданын Ванкувер шаарында ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын сессиясы өттү. Ага уюмга мүчө 57 мамлекеттин ичинен 50 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын расмий делегациясы катышты.
Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын өкүлү Андей Ковалев украин армиясы Бахмуттун түндүк жана түштүк ыптасынан шаарга жакындап, орус күчтөрүн мурда басып алган жерлерден кыса баштаганын билдирди.
“Аскерлер Клещиевка районунда алга жылып, бошотулган чекте көзөмөл орнотуп" жатканын айтты. Ошол эле маалда орус күчтөрү катуу каршылык көрсөтүп, болгон күчүн салып, оор жоготууларга учурап жатканы да кабарланды. Айыгышкан кармаш жүрүүдө.
Украин күчтөрү Донецк аймагынын Лиман, Авдеевка, Мариинка багыттарында контрчабуулун улантууда. Соңку 24 саатта аймакта 40тай кармаш болгону 5-июлда кабарланды. Башкы штабдын билдирүүсүндө аймактагы 15 калктуу пункт орус армиясынын чабуулуна кабылганы да белгиленген.
Согуш маалында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.
Буга чейин Украинанын Куралдуу күчтөрү Донецк облусундагы оккупацияланган Макеевка шаарындагы кампага сокку урулганын кабарлаган. "Донецк элдик республикасы" деп аталган жикчил аймактын Москва дайындаган бийлиги чабуулда оорукана жабыркаганын, жарадар болгондор бар экенин билдирди.
Аннексияланган шаардын мэринин ырасташынча, чабуулда набыт болгондор дагы бар, турак жайлар, административдик имараттар жабыркады. Анын сөзүнө караганда, ооруканага урулган соккуда жабыркаган бейтаптар башка медициналык жайларга көчүрүлүп жатат.
РИА Новости агенттиги оккупацияланган аймактын "бийлигине" таянып, украин армиясынын чабуулунан сегиз медициналык жай жабыркаганын, терезелери, эшиктери жана тосмолору сынганын жазды.
Украинанын Харьков облусундагы Первомайский шаарында орус армиясынын 4-июлдагы чабуулунан жабыркагандардын саны бери дегенде 43 адамга жетти. Алардын 12си жаш балдар жана арасында үч жана тогуз айлык эки наристе бар. Бул тууралуу облустун башчысы Олег Синегубов билдирди. Анын айтымында, сокку тогуз кабаттуу көп батирлүү үйдүн машина токтотуучу жайына урулган.
Синегубов кийинчерээк "Искандер" ракетасы менен чабуул жасалганын айтты. Анда үйлөрдүн терезелери сынып, төрт машина толугу менен өрттөндү, дагы бири жабыркады.
Синегубовдун ырасташынча, 4-июлда орус армиясы Харьковдогу дагы башка бир катар аймактарды аткылады. Изюмда 32 жаштагы бир тургун жарылуучу затка кабылып, оор абалда ооруканага түштү.
Орусия бул чабуулга байланыштуу комментарий берген жок. Москва Украинанын жарандык инфраструктурасына сокку урулганы тууралуу дооматтарды четке кагып келет.