Орусиялык аскерлер Запорожье АЭСинин бир нече энергоблогуна жардыруучу зат койгонун Украинанын президенти Владимир Зеленский 4-июлда билдирген. Украинанын башкы чалгын кызматынын өкүлү Андрей Юсов 2022-жылы май айында, Орусия ЗАЭСке "бүлүндүрүүчү каражаттарды жайгаштырганын" муну менен алар "украиналык сокку катары көргөзгүсү келип", "аскердик аракеттерге мораторий" киргизүүнү талап кыларын жазган.
5-июлда Эл аралык атомдук энергия боюнча агенттиктин башчысы Рафаэль Гросси орусиялык бийликтен уюмдун эксперттерине станциянын III жана IV энергоблокторунун чатырын, турбиналык залын, муздатуучу системасы турган жайын көрүп чыгууга уруксат берүүнү суранган.
Орусиялык аскерлер ЗАЭСтин муздатуучу көлмөсүн миналап салганын Чалгын кызматынын башчысы Кирилл Буданов да айткан. Кахов ГЭСи бузулгандан кийин атайын дамба менен тосулган бул көлмө АЭС иштебей турган күндө дагы анын реакторлорун суутуп турган негизги булак бойдон калууда.
Орусиянын армиясы 6-июлга караган түнү Украинанын Львов шаарына ракеталык чабуул жасап, бери деген үч адам мерт болду, дагы сегиз тургун жараат алды. Шаар мэри Андрей Садовыйдын маалымдашынча, ракетанын сыныгы турак жайга тийген. Ал Телеграм-каналына куткаруучулар урандылардын алдынан адамдарды алып чыгып жатканын, мерт болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн жазды.
Садовый согуш башталгандан бери Львовго мынчалык калайман ракеталык чабуул жасалбаганын белгиледи.
Облустук администрациянын башчысы Максим Козицкий сөз көп кабаттуу үй тууралуу болуп жатканын тактады. Анын алдында чабуулдун айынан шаардагы маанилүү инфраструктуралык объект жабыркаганын кабарлаган. Бирок анын чоо-жайын тактаган жок.
Орусия бул чабуулга байланыштуу комментарий берген жок. Москва Украинанын жарандык инфраструктурасына, турак-жайларга сокку урулганы тууралуу дооматтарды четке кагып келет.
Киевде Шевченковский райондук сотунда "теракт уюштурууга" шек саналып соттолуп жаткан Игорь Гуменюк жардыруу уюштуруп өзү мерт болду жана эки полиция кызматкери жараат алды. Бул тууралуу Украинанын улуттук полициясы кабарлады. Гуменюк "Сич" батальонунун жоокери болгон жана сегиз жылдан бери тергөө абагында отурган.
Башкы прокурордун кеңсеси кылмышка шектүүнү сотко алып келгенде ал дааратканадан качууга аракет кылган. Андан соң жардыруучу затты жардырып жиберген. Бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.
Гуменюктун адвокаты Александр Свиридовский "Грати" басылмасына кылмышка шектүүнүн тергөө абагындагы мөөнөтү дагы узартылганын, жардыруу маалында ал күзөтчүлөрдүн коштоосунда канцелярияда болгонун айтып берген. Адвокаттын билдиришинче, Гуменюк Орусия Украинага каршы согуш баштагандан бери аны фронтко жөнөтүү үчүн абактан бошотууну бир канча жолу өтүнгөн.
Гуменюк 2015-жылы 31-августта Жогорку Раданын жанында жардырууну ишке ашырган деп айыпталган. Анда жүздөгөн киши Донбасска өзгөчө макам ыйгаруу тууралуу Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыккан эле. Жардырууда Улуттук гвардиянын үч жоокери набыт болуп, 140тан көп киши жараат алган.
Бириккен Улуттар Уюму келишим эки апта ичинде жокко чыгып, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн экенин, бул дүйнөнүн аялуу катмарын кооптуу абалга кептей турганын айтып, тынчсыздануусун билдирди.
Глобалдык азык-түлүк кризисин жумшартууга багытталган Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо тууралуу келишимдин мөөнөтү 17-июлда соңуна чыгат. 4-июлда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги дан боюнча келишимди узартууга негиз көрбөй турганын, дүйнө базарына Орусиянын азык-түлүгүн жана жер семиртичин экспорттоо боюнча абал жакшырбаганын белгилеген.
Украинадан Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо тууралуу келишим 17-майда эки айга узартылган.
Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече ай өткөндөн кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо токтоп калган. Бул жагдай дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келген.
Киев менен Москва Түркия жана БУУнун ортомчулугу алдында дан экспортун кайра жандантуу келишимине былтыр 22-июлда Стамбулда кол коюшкан. Келишимдин мөөнөтү улам узартылып келе жаткан. Андан бери Украинадан 30 миллион тонна буудай жана башка айыл чарба азыктары экспорттолду.