Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:38

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




20:42 8.7.2023

8-июлда Орусиянын Украинага басып кирип, согуш ачканына 500 күн болду.

Львовдо бул датага карата согушта курман болгон украин жарандарынын элесине арналган инсталляция ачылды.

20:29 8.7.2023

Украинанын Донецк облусунун Лиман шаарында Орусиянын аткылоосунан каза болгондордун саны сегиз кишиге жетти. 13ү ар кандай жаракат алган.

Буга чейин жергиликтүү администрациянын башчысы Павел Кириленко маалымдагандай, 8-июлда эртең мененки саат 10дордо ракета соккусу жер үйлөргө тийген.

Согуш шартында тараптардын маалыматтарын көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

17:50 8.7.2023

Орус армиясынын Украинанын Донецк облусуна караштуу Лиман шаарын аткылоосунан кеминде алты адам ажал тапты, дагы беш киши жараат алды. Бул тууралуу облустук администрациянын башчысы Павел Кириленко кабарлады. Анын сөзүнө караганда, Орусиянын армиясы таңкы саат 10дордо ракета менен аткылаган. Анда жер тамдар, дүкөн жабыркады.

Украинанын Куралдуу күчтөрү 8-июлга караган түнү Орусия "Шахед" дрондору менен аткылаганын, анын бешөө атып түшүрүлгөнүн билдирди. Анда учкучсуз аппараттар Днепропетровщина жана Кировоградщинадагы өнөр жай жана инфраструктара объектилерине тийгени, баштапкы маалыматка ылайык жабыркагандар болбогону айтылат.

Мунун алдында Кривой Рогдо дрондордун чабуулунан бир адам жараат алганы, орточо оор абалда ооруканага жаткырылганы кабарланган. Днепропетровск облустук администрациясынын башчысы Сергей Лысак эки жерде өрт чыкканын, бир нече кампа талкаланып, машиналар, жабдуулар кыйраганын айтты.

Кировград облусунун башчысы Андрей Райкович дагы 8-июлга караган түнү аймакка дрондор менен чабуул болгонун, анда "жараат алгандар, кыйроолор болбогонун" ырастады.

Орусиянын бул чабуулдарга байланыштуу комментарий берген жок. Ынанымдуу далилдерге карабай, Кремль Украинадагы карапайым калкты атканын моюнуна албайт жана "аскердик түзүмдөргө тиешеси бар объектилерге" гана сокку урарын айтып келет.

12:53 8.7.2023

Стамбулда 7-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолукту.

Сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйында түрк мамлекет башчысы “Украина НАТОго мүчө болууга татыктуу экенине эч кандай шек жок” деп айтты. Ал Украинадан дан экспорттоо келишимин узартууга аракеттер көрүлүлүп жатканын белгиледи. Азыркы келишимдин мөөнөтү 17-июлда аяктайт. Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен август айында Түркияда жолукканда дан келишими негизги маселелердин бири болорун айтты.

“Биз бул келишимдин мөөнөтүн ар эки айда эмес, жок дегенде ар үч айда узартып турууга үмүттөнөбүз”,-деди Эрдоган.

Зеленский бул жолугушууда туткундарды алмашуу, саясий туткундар маселесин, тактап айтканда, крым татарларына байланыштуу жагдайды сөз кылды. Эрдоган бул маселе тууралуу Путин менен телефондон сүйлөшө аларын билдирди.

Орусия 2022-жылы февралда Украинага каршы согуш ачкандан бери Түркия эки өлкө менен тең алака-катышын үзгөн эмес жана айрым маселелерде ортомчулук кылып келет.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG