Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:58
АКШнын атайын өкүлдөрү Жаред Кушнер менен Стив Уиткофф  Киевде,  6-сентябрь, 2026-жыл
АКШнын атайын өкүлдөрү Жаред Кушнер менен Стив Уиткофф Киевде, 6-сентябрь, 2026-жыл

Трамптын эки чабарманы Москвада Путин, Киевде Зеленский менен жолукту

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:25 9.7.2023

Украинага басып кирген 500 күн ичинде Киевди үч күндүн ичинде басып алууну көздөгөн орус армиясы максаттарынын бирине да жеткен жок.

Мындай тыянакка АКШнын Согушту изилдөө институтунун (ISW) эксперттеринин 8-июлда жарыяланган баяндамасында айтылат.

16:11 9.7.2023

Аннексияланган Крымда Керчке жакын аймакта ракета атып түшүрүлгөнүн Орусия дайындаган губернатор Сергей Аксенов билдирди.

Анын айтымында, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Шаар тургундары бир нече жардыруунун добушун угушканын Shot Телеграм каналы жазды.

Азырынчамындан башка маалымат бериле элек.

12:19 9.7.2023

Облустук аскер администрациясынын башчысы Павел Кириленконун айтымында, орус армиясынын Донецк облусундагы Лиман шаарын аткылоосунда курман болгондордун саны тогузга жетти. Акыркы суткадагы чабуулда 13 адам жаракат алды. Авдеевкада дагы бир адам каза болду. Орусиянын Коргоо министрлиги ишембиде Лиманга жасалган чабуул боюнча комментарий берген жок.

Кириленко кечээ Лиман шаары эртең мененки саат 10:00 чамасында бир нече жолу ракета менен аткыланганын билдирген.

2022-жылдын май айынын аягынан сентябрдын аягына чейин Лиман орус армиясынын көзөмөлүндө болгон.

20:42 8.7.2023

8-июлда Орусиянын Украинага басып кирип, согуш ачканына 500 күн болду.

Львовдо бул датага карата согушта курман болгон украин жарандарынын элесине арналган инсталляция ачылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG