Орусия армиясынын Запорожье облусундагы Орехово шаарына жасаган аба чабуулунан төрт адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу облустун башчысы Юрий Малашко билдирди.
Ал Телеграм аркылуу маалымдагандай, гуманитардык жардам алууга кезекте турган үч аял, бир эркек киши мерт болду. Ондон ашуун киши ар кандай деңгээлдеги жараат алды.
Андан тышкары облустагы ондон ашуун калктуу конушка абадан ракеталык соккулар урулган. Коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдиргендей, өлкө чыгышындагы Лиман, Авдеевка, Марьинка шаарларында айыгышкан салгылаш уланууда. Соңку бир суткада отуздан ашуун кагылышуу катталган.
9-июлда Лиман шаарын орус армиясы аткылоодон тогуз жайкын тургун мерт болду, ондон ашууну жараат алды.
11-июлда Вильнюста НАТОнун саммити башталат. Анда Украинанын аскердик альянска кошулуусу тууралуу кеп болот. Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жыйынга катышары же катышпасы азырынча белгисиз.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба телефондон сүйлөшүп, НАТОнун алдыдагы саммитин, Киевдин контрчабуулун талкуулашты. Бул тууралуу Блинкен Твиттердеги баракчасына жазды.
"Ушул жумага белгиленге НАТО саммитин утурлай Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен маанилүү сүйлөшүү болду. НАТОнун Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн андан ары колдоо маселелерине арналган Вильнюстагы жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатам", -деп жазды Кошмо Штаттарынын мамкатчысы.
Кулеба өз кезегинде бул сүйлөшүү жемиштүү болгонун белгиледи.
"Саммит болоруна 48 саат калды. Биз баарыбызга, Украина, НАТО жана глобалдык коопсуздукка жеңиш алып келген чечимдердин үстүндө иштеп жатабыз. Мен АКШга керектүү ок-дары камтылган кезектеги коргоо жардамы үчүн ыраазычылык билдирдим", -деп жазды Кулеба Твиттердеги баракчасына.
Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллер дипломаттар "Киевдин контрчабуулун" дагы сүйлөшкөнүн билдирди.
Өткөн аптада НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Вильнюстагы саммите Украинанын Түндүк Атлантика альянсына кирүүсүн тездете турган программа кабыл алынышы мүмкүн экенин айткан. Столтенберг мүчө мамлекеттердин лидерлери үч баскычтан турган программаны колдоп берерине үмүттөнөрүн белгилеген
Литванын борбор шаарындагы эки күндүк жыйынга украин президенти Владимир Зеленскийдин катышары болжолдонуп жатат. Альянска мүчө мамлекеттер Киевдин НАТОго кошулуусу боюнча бирдиктүү жообун береэлек. Мурдараак эгер альянска мүчө мамлекеттердин лидерлери Украинаны катарына кошуу жараянын баштоодон баш тартса, Зеленский саммитке катышпай турганы кабарланган.
Чыгыш Европадагы мамлекеттер согуш бүтөрү менен НАТОго мүчө болуу тууралуу Украинанын сунушун колдоп келишет. Ал эми альянстын негизги державалары 2008-жылы берген убадаларын сактай турганын билдиришкен. Анда Украинанын НАТОго кошулуусу кайсы бир мөөнөт менен чектелбеши керек экени айтылган.
Түркиядан Украинага кайтып келген "Азовсталды" коргогон жоокерлердин командирлери кайра согушка катышат. Бул тууралуу "Азов" полкунун башчысы Денис Прокопенко Львовдо журналисттер менен жолугушууда билдирди.
"Мен армия - бул командалык иш экенине терең ишенем жана биз бүгүнкү күндөн тартып күрөштү улантабыз, биз согушта сөзсүз өз сөзүбүздү айтабыз. Эң башкысы, украин армиясы фронтто стратегиялык демилгени колго алды жана күн сайын алдыга жылып жатабыз",-деди Прокопенко.
Украинага басып кирген 500 күн ичинде Киевди үч күндүн ичинде басып алууну көздөгөн орус армиясы максаттарынын бирине да жеткен жок.
Мындай тыянакка АКШнын Согушту изилдөө институтунун (ISW) эксперттеринин 8-июлда жарыяланган баяндамасында айтылат.