Орусиялык аскерлер "Град" менен Запорожьедеги Степногорское кыштагын талкалады, үч адам жараат алып, административдик имарат талкаланды.
Бул тууралуу президенттин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак билдирди.
NYT: Украина контрчабуул баштагандан бери чопкутталган аскердик техникасынын 20 пайызын жоготушу мүмкүн
The New York Times басылмасына жарык көргөн аналитикалык макаланын авторлору бул тууралуу америкалык жана европалык чиновниктерге таянып билдирди. Кеп Киевге Батыш берген аскердик техникалар тууралуу болуп жатат. Алардын маалыматында украин армиясынын жердеги аскерлери үчүн берилген "Брэдли" жана немистердин "Леопарды" мина талаасында жардырылып, орустардын тик учактары тарабынан талкаланган.
Авторлор буга орусиялык армиянын украин контрчабуулуна даярдаганга убактысы болуп, танк жүрө турган жерлерди миналоого үлгүргөнү менен түшүндүргөн. Мындан улам украин армиясы тактикасын өзгөртүп, орусиялык бөлүктөргө артиллериялык жана ракеталык гана сокку уруп, миналанган талаада душманга чабуул коюудан баш тарткан.
Макалада украин армиясы азырынча Азов деңизинен 100 чакырым бөлүп турган фронттук тилкеде 8 чакырым алга жылганы белгиленген. Азов деңизине чыгуу Украинанын контрчабуулунун башкы максаты бойдон калууда. Мындай максат ишке ашса, Днепрдин сол жээгиндеги орусиялык аскерлер байланышсыз калат жана жердеги орус аскерлери үчүн Крымга кирген коридор толугу менен жабылат.
Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл Польшадан кийин Украинага барды. Бул Түштүк Кореянын президентинин былтыр шайлоодо жеңип чыккандан берки биринчи сапары. Сапар тууралуу алдын ала кабарланган эмес.
Юн Сок Ёл жана анын жубайы Украинанын башкы прокурору менен бирге Киев облусунун Буча жана Ирпен шаарларында болушту. Былтыр марттын этегинде украин армиясы Буча жана Ирпен шаарларын бошоткондон кийин 700дөн ашуун карапайым кишинин сөөгү табылган. Бул үчүн Орусия согуш кылмыштарына айыпталган. Москва айыптоолорду четке кагууда.
Түштүк Кореянын президенти курман болгон жоокерлердин мемориалына барып, украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшөрү күтүлүүдө.
Сеул Киевге курал-жарак жеткирбейт, бирок гуманитардык жана экономикалык жактан колдоо көрсөтүп келет. Жакында Украинага аймактарды миналардан тазалоочу жабдуулар жөнөтүлөрү кабарланган. Мындан сырткары Түштүк Корея Украинаны колдоо үчүн түзүлгөн НАТО фондунун ишине катышат.
Жазында Юн Сок Ёл жайкын тургундарга олуттуу коркунуч жаралса, анын өлкөсү Украинага курал-жарак жөнөтүшү мүмкүн экенин айткан. Буга жооп катары Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москва Корей жарым аралындагы кырдаалды жөнгө салууда бул маселени эске аларын билдирген.
Жапониянын экономикалык маселелерди талдаган Nikkei Asia басылмасы май айында маалымдагандай, түштүк кореялык ок-дарыларды чыгаруучу Poongsan өндүрүшү жылдын биринчи кварталында экспортун 77% көбөйткөн.
Ок-дарылар негизинен Европа Биримдигине, атап айтканда Польшага жөнөтүлгөн. Басылманын аналитиктери экспорттун өсүшүн Украинадагы кырдаалдан улам Европада ок-дары жетишсиз болуп жатканына байланыштырган.
Орус армиясы 15-июлга караган түнү Украинага түштүк багыты боюнча иран өндүрүшүнөн чыккан "Шахед" дрону менен алты жолу чабуул жасады. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы кабарлады. Маалыматка караганда, төрт учкучсуз учак атып түшүрүлдү.
Запорожьеде орус армиясынын чабуулунан 62 жаштагы жергиликтүү тургун жабыркады. Ал орточо оор абалда ооруканага жаткырылганын шаардык кеңештин катчысы Анатолий Куртев билдирди.
Анын айтымында, чабуулда инфратүзүм объектилери зыян тарткан. Төрт кабаттуу үйдүн айнеги күбүлүп түшкөн.
"Шахед-136/131" дронунун үчөө Николаев облусунда атып түшүрүлгөнүн облустук администрациянын башчысы Виталий Ким билдирди. Аба коркунучу тууралуу эскертүү Украинанын Сумы, Полтава, Харьхов, Днепропетровск жана Донецк облустарында жаңырды.