Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:54

Санкт-Петербургда жапырт дрон чабуулунан бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды

Украинада согуш башталганына беш жылга аяк басты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:25 18.7.2023

Орусия Кара деңиз дан келишимин токтотконун жарыялагандан бир күн өтпөй Украинанын портторуна сокку урду.

Европа жана АКШ Москванын чечими “азык-түлүк коопсуздугун начарлатып, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон аялуу катмарга зыяны тиерин” эскертип, чечимди жокко чыгарууга үндөдү. Киев бул келишимди Орусиясыз эле ишке ашырууга чакырууда.

Москванын шарты

Кремль Кара деңиз портторунан украин данын экспорттоого шарт түзгөн келишимди токтотконун 17-июлда жарыялап, Москванын шарттары аткарылса гана аны улантууга даярдыгын билдирген.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украинадагы жагдайды талкуулаган жыйынында көпчүлүк өлкөлөр Орусияны дан келишимин кайра жантантууга үндөштү.

Украина менен Орусия дан азыктарын эң ири экспорттоочу өлкөлөрдүн катарына кирет. Келишимдин токтотулушу дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келиши мүмкүн. CNN телеканалы шейшембиде дүйнөлүк базарда буудай менен жүгөрү кымбаттай баштаганын маалымдады.

Орусия былтыр февралда Украинага кол салгандан кийин украин бийлиги өлкөдө өндүрүлгөн азык-түлүктү деңиз аркылуу мурдагыдай экспорттой албай калып, кризис жаралган. Июлда БУУнун жана Түркиянын ортомчулугу менен Орусия “дан келишимине” макул болуп, жолдорун ачып берген.

Кара деңиздеги дан жүктөлгөн украин кемелери. Түркия (архивдик сүрөт)
Кара деңиздеги дан жүктөлгөн украин кемелери. Түркия (архивдик сүрөт)

Стамбулда кол коюлган келишимдин мөөнөтү эки жолу узартылган. Андан бери Украинадан 33 миллион тоннага жакын буудай жана башка айыл чарба азыктары бир катар мамлекеттерге экспорттолду. Акыркы кеме 16-июлда жолго чыккан.

Орусия 17-июлда дан келишиминен чыкканын жарыялап, буга Москва койгон айрым талаптар аткарылбай жатканын жүйө келтирди.

"Дан келишими токтоп калды. Орусия койгон шарттар аткарылар замат орус тарап бул келишимди дароо улантат", - деди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Москва койгон шарттардын бири - "Россельхозбанкты" SWIFT эл аралык банктык төлөм системасына кайра кошуу. Орусия ошондой эле Украина аркылуу Европага тоскоолдуксуз аммиак жеткирүүнү талап кылууда.

Батыш айыптаган чечим

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Москванын Кара деңиз портторунан украин данын экспорттоого шарт түзгөн келишимди токтотуп жатканын айыптады. Ал Евробиримдик дүйнө калкынын аялуу катмарын азык-түлүк менен камсыздоо багытындагы аракеттерин уланта берерин билдирди.

Британия орус бийлигинин чечимин “мыйзамсыз согушунун алкагында калктын аялуу катмарына зыян келтирүүнүн ачыктан ачык аракети” деп атады.

Энтони Блинкен
Энтони Блинкен

АКШнын Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Москваны келишимди мүмкүн болушунча тезирээк калыбына келтирүүгө чакырды:

“Орусиянын бүгүнкү кадамы, анын азык-түлүктү куралга айлантуу жана аны курал катары өзүнүн Украинадагы согушунда колдонуу аракети – тамак-ашка абдан муктаж жерлерде абалды оорлотот. Муну мүмкүн болушунча тезирээк калыбына келтирүү зарыл. Жагдайга ар бир өлкө кылдат көз салып турат деген үмүттөмүн”.

Туркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган Орусия менен бул маселеде сүйлөшүү ниети бар экенин, ал жөнгө салынарынан үмүт артарын белгиледи.

Украинанын президенти Владимир Зеленский дан келишимин Орусиясыз эле уланта берүүгө үндөдү. Анын айтымында, БУУнун Баш катчысы Антонио Гутерриш менен азык-түлүк коопсуздугун калыбына келтирүү, дан азыктарын Кара деңиз аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгаруу жаатында жоопкерчиликтүү мамлекеттер менен иштөө тууралуу макулдашылды.

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

"Мен президент Эрдоганга жана БУУнун Башкы катчысы Гутеррешке Кара деңиз дан келишимин үч тараптуу форматта узартуу сунушу менен расмий кат жөнөттүм. Анткени ал эң ишенимдүү вариант. Украина, БУУ жана Түркия биргелешип азык-түлүк коридорунун иштешин жана кемелерди көзөмөлдөй алат алат. Бул бүткүл дүйнө үчүн зарыл. Муну колдогон ар бир адам Мароккодон Кытайга, Индонезиядан Ливанга чейин кең аймактын куткаруучусу болуп калат", - деди украин лидери.

Киевдин маалыматына караганда, бул багытта эки келишим бар, биринчисине Украина, Түркия жана БУУ, экинчисине Орусия, Түркия жана БУУ кирет.

Орусиянын азык-түлүк жана жер семирткич экспорту Украинага ачкан согуштан улам эл аралык санкцияга кабылган.

Портторго чабуул

Дан келишимин токтоткондон бир күн өтпөй, 18-июлга караган түнү орусиялык армия Украинанын Николаев жана Одесса портторуна сокку урду.

Украин армиясы Одессага Кара деңизден алты "Калибр” ракетасы атылып, бардыгы атып түшүрүлгөнүн, жарылуунун эпкини порттун инфраструктурасына жана бир нече турак жайга зыян келтиргенин билдирди. Николаев облусунда орусиялык 4 дрон атып түшүрүлгөнү маалымдалды.

Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымга түн ичинде ондон ашуун дрон чабуул койгонун, алар атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Согушуп жаткан тараптардын айткандарын ыкчам тастыктоо кыйын.

14:24 18.7.2023

Шейшембиге караган түнү орусиялык армия Николаев жана Одесса портторуна сокку урду. Мунун алдында Москва Кара деңиздеги порттордон украин дан азыктарын коопсуз чыгаруу келишиминен чыкканын билдирген.

Украин армиясынын "Түштүк" командачылыгы маалымдагандай, Одессага Кара деңизден алты "Калибр” ракетасы атылып, бардыгы атып түшүрүлгөн. Ракеталардын сыныктары жана жарылуунун эпкини порттун инфраструктурасына жана бир нече турак жайга зыян келтирди. Бир кишинин жараланганы кабарланды. Командачылык ошондой эле Одесса облусунун аймагынан 21 "Шахед" дрону атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Николаев облусунда аба чабуулу тууралуу эскертүү берилди. Украин аскерлери орусиялык 4 пилотсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Облустук администрация башчысы Виталий Ким өрт өчүрүлгөнүн айтып, бирок ал кайда тутанганын тактаган жок. Жергиликтүү жана орусиялык булактар Николаев портундагы өрт тууралуу маалымдашкан. Жабыркагандар тууралуу кабарланган жок.

Аннексияланган Крымдын башчысы Сергей Аксенов шейшемби күну эртең менен түн ичинде украиналык 9 дрон атып түшүрүлгөнүн, дагы 19у атайын жабдыктар менен зыянсыздырылганын билдирди. Ал кайсы жайлар бутага алынганын тактаган жок. Бирок Аксенов сөз кылган аймакта Крым көпүрөсү орун алган. Алдынкы күнү ал жер украин пилотсуз аппараттар тарабынан соккуга кабылып, айрм жерлери урап калган.

Кийинчирек Орусиянын Коргоо министрлиги 17 дрон атып түшүрүлгөнүн, 11и зыянсыздырылганын билдирди. Жабыркагандар жана кыйроолор жок деп маалымдалды.

Согушуп жаткан тараптардын айткандарын оперативдүү тастыктоо кыйын.

11:38 18.7.2023

Украинанын президенти Владимир Зеленский дан келишимин аткарууну уланта берүүгө чакырды. Ал дүйшөмбүнүн кечиндеги видео кайрылуусунда, Орусия келишимден чыгып кеткенден кийин да макулдашууну аларсыз ишке ашырууга мүмкүн экенин белгиледи.

Анын айтымында, БУУнун Баш катчысы Антонио Гутерриш менен азык-түлүк коопсуздугун калыбына келтирүү, дан азыктарын Кара деңиз аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгаруу жаатында жоопкерчиликтүү мамлекеттер менен иштөө тууралуу макулдашылды.

Зеленский "Москванын чечими кимдин тое тамактанышы керектигин "опузалоо" менен аныктоо мүмкүн эместигин көргөздү" деп айтты.

Украина дан эгиндерин, өсүмдүк майын дүйнөлүк рынокко чыгарган негизги өлкөлөрдүн бири.

Буга чейин украин президентинин басма сөз катчысы Сергей Никифоров "Орусия дан келишиминен чыкканы менен, Украина ага катышууну уланта берет" деген Зелнскийдин айткандарын Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган.

Маалыматка караганда, бул багытта эки келишим бар болчу. Биринчисине Украина, Түркия жана БУУ, экинчисине Орусия, Түркия жана БУУ кирет.

"Андыктан Орусия макулдашууну токтотконун айтканда, Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриш жана түрк президенти Режеп Таип Эрдоган менен келишимди үзүп жатат. Биз менен эмес. Алар менен биз эч нерсени макулдашкан эмеспиз",- деп айтты Зеленский.

17-июлда Москва сөз болгон макулдашуудан чыкканын, мындан ары бул темадагы сүйлөшүүлөргө катышпасын жарыялаган. Эми украин портторунан дан азыктарын ташыган кемелердин коопсуздугу камсыздалбайт, орус аскерлери аларды аткылашы жана укриан портторуна кое бербеши мүмкүн.

Украин мамлекет башчысы Тышкы иштер министрлиги БУУнун жана Түркиянын жетекчилерине дан келишимине мындан аркы катышуусун түшүндүргөн "расмий ишараттарды" даярдарын билдирди.

“Кара деңиздеги коридорду Орусиясыз да пайдаланууну мүмкүн кылуу керек. Биз коркпойбуз. Кемелерге ээлик кылган компаниялар бизге кайрылып, Украина кемелерди чыгарса, Түркия аларды өткөрсө, арпа-буудайды ташууну уланта беришери айтышты", - деп кошумчалады Зеленский.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Медведев Орусияга карата милдеттенмелер аткарылбагандыктан, келишимден чыгып жатышканын билдирди. Бирок кайсы милдеттенмелер экенин тактаган жок.

Орусия Украинага согуш ачкандан бир нече ай өткөндөн кийин Кара деңиз аркылуу дан экспорту токтоп калган. Түркия жана БУУнун ортомчулугу менен дан азыктарын украин портторунан ташууну жандантуу келишимине былтыр 22-июлда кол коюшкан. Келишимдин мөөнөтү улам узартылып келе жаткан.

11:16 18.7.2023

Орусиянын президенти Владимир Путин дүйшөмбүдө, 17-июлда кечинде Крым көпүрөсүнүн жанындагы аймактардын башчылары, тиешелүү тармактын министрлери менен жыйын өткөрдү. Анда Крым көпүрөсүндөгү жардырууну "теракт" деп атап, Москва ага жооп кайтарарын билдирди. Путин Коргоо министрлиги "сунуштарды камдап жатканын" айтты.

Орус өкмөт башчысынын төрагасынын Крым маселесине жооптуу орун басары Марат Хуснуллин көпүрөнүн тирөөчтөрү жабыркабаганын, бирок аларды бириктирип турган конструкциянын бирөө толугу менен талкаланганын, кайра калыбына келтирүүгө болбосун, дагы бирөө жабыркаганын ырастады. Ал көпүрөөнүн бир тирөөчү 18-июлда бекемделерин билдирди.

Хуснуллин узундугу 250 метрди түзгөн убактылуу көпүрө куруу пландаштырылып жатканын маалымдады. Учурда көпүрө калыбына келтирилгиче айдоочуларга Украинанын оккупцияланган аймактары аркылуу каттап туруу сунушталып жатат.

17-июлга караган түнү Крым көпүрөсүндө жарылуу болуп, эки адам мерт болуп, дагы бирөө жараат алган. Белгород облусунун губернатору алар жубайлар болгонун, 14 жаштагы кызы оор жараат алып ооруканага жеткирилгенин билдирген.

"РБК-Украина" жана "Украинская правда" басылмалары коопсуздук кызматындагы булактарына таянып, Крым көпүрөсүндөгү түнкү чабуул - Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн операциясы экенин жазган.

Дагы жүктөңүз

​
XS
SM
MD
LG