19-июлга караган түнү Орусия Украинага "Шахед" жанкечти дрондору жана ракеталар менен чабуул жасады. Негизги сокку Одесса облусуна болду.
Москва Кара деңиз дан келишиминен чыкканын жарыялагандан кийин бул шаарга экинчи түн катары менен чабуул жасап жатат.
Кемеге каршы колдонулчу "Оникс" жана X-22 ракеталары Одесса жана Черноморск портуна жана маанилүү инфраструктурасын бутага алганын Украинанын армиясы билдирди.
Одесса портунун эгин жана мунай терминалдарында цистерналар жана жүктөөчү жабдуулар бузулган.
Маалымат каражаттары бир нече турак жай зыян тартып, алты киши ооруканага түшкөнүн, арасында тогуз жаштагы бала бар экенин кабарлашты.
Шаарда жардыргыч заттар сакталган кампа өрттөнгөнүн Телеграм каналдар жазды. Жергиликтүү бийлик фейерверк сакталган жерге ракета тийип, өрт чыкканын билдирди.
Орус армиясы Киев, Житомир, Днепропетровск жана Херсон облустарына да чабуул койгонун жергиликтүү бийликтер жарыялашты. Москва соңку чабуулдарга комментарий берген жок.
Киевдин эсебинде, шаршембиге караган түнү орус күчтөрү 60тан ашуун ракета, дрон менен чабуул коюп, алардын кыркка жакынынын мизи кайтарылды.
Крымда курал-жарак кампасы күйүп жатат, бийлик 2 миң адамды эвакуация кылды
Орусия аннексиялап алган Крымдагы полигондо чыккан өрттөн "Таврида" трассасы жабылды. Бул тууралуу жарым аралдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксёнов билдирди. Өрттүн чыгуу себептери тууралуу кабарланган жок.
Аксёнов 2 миңдей жашоочу полигонго жакын аймактан эвакуация болушу мүмкүн экенин айтты. Кеп төрт калктуу конуш тууралуу болуп жатат. Аннексияланган Крымдын бийлиги автомобиль жана автобус жолунун схемасын өзгөрттү.
Темир жол транспорту эч өзгөрүүсүз жүрүп жатат.
Расмий ырастала элек маалыматтарда Эски Крым аймагындагы курал-жарак сакталган кампа күйүп жатат. Жарылуу жана детонация тууралуу кабарды биринчи болуп "Крым шамалы" Телеграм-каналы билдирди. Ал алыстан ири өрт жана жарылуунун учкундары тартылган үч түрдүү видео жарыялады. Божомол боюнча учкундар реактивдүү курал-жарактыкы болушу мүмкүн.
Жергиликтүү жашоочуларга таянган "Крым шамалынын" маалыматында кампага үч жолу ракета же дрон тийген. Полигон орусиялык армиянын фронттон 230 чакырым алыс тылында жайгашкан.
Буга чейин украин Телеграм-каналдары Эски Крымдагы курал-жарак сактаган кампада өрт чыкканын кабарлашкан.
Беларуска "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын кеминде эки миңдей жалданма жоокери келди. Бул тууралуу "Беларускі Гаюн" мониторинг долбоору ачык булактардагы маалыматтарга таянып билдирди.
Иликтөөчүлөр 18-июлда эле каз-катар тизилген, 170-185 машинадан турган эки колоннаны байкашкан. Могилёвду көздөй багыт алган машиналарда өздөрүн “Донецк элдик республикасы” (ДНР) жана “Луганск элдик республикасы” (ЛНР) деп атаган жикчил аймактардын номурлары болгон.
Мунун алдында "Азаттыктын" беларус кызматы спутниктен алынган сүрөттөргө таянып Моглиёвдогу Цель деп аталган кыштактын жанында кароосуз калган аскер бөлүктө чатырлар тигилип жатканын жазган. Журналисттер кеминде 20-50 киши баткыдай 300дөн ашуун чатыр тигилгенин эсептеп чыгышкан.
Беларустун Коргоо министрлиги өткөн аптада "вагнерчилер" беларус асерлери менен бирге коргонуу жаатындагы машыгууларды өткөрөрүн билдирген.
Былтыртан бери Украинада согушуп жаткан "Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожин соңку кездери орус армиясынын жетекчилигин көп сындап жүргөн. 24-июнга караган түнү "вагнерчилер" Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алган. Москвага 200 чакырым калганда Пригожин "кан төгүүнүн алдын алуу үчүн" артка кайтууну чечкендигин жарыялаган.
Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин "куралдуу көтөрүлүштү" токтотуп, артка кайткан Пригожин өзү дагы Беларуска кеткени маалымдалган.
Орусиянын президенти Владимир Путин "Вагнер" менчик аскердик компаниясы жок экенин билдирген. Буга чейин ал аталган компания толугу менен өкмөттөн каржыланып келгенин айткан эле.
Орусия Кара деңиз дан келишимин токтотконун жарыялагандан бир күн өтпөй Украинанын портторуна сокку урду.
Европа жана АКШ Москванын чечими “азык-түлүк коопсуздугун начарлатып, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон аялуу катмарга зыяны тиерин” эскертип, чечимди жокко чыгарууга үндөдү. Киев бул келишимди Орусиясыз эле ишке ашырууга чакырууда.
Москванын шарты
Кремль Кара деңиз портторунан украин данын экспорттоого шарт түзгөн келишимди токтотконун 17-июлда жарыялап, Москванын шарттары аткарылса гана аны улантууга даярдыгын билдирген.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украинадагы жагдайды талкуулаган жыйынында көпчүлүк өлкөлөр Орусияны дан келишимин кайра жантантууга үндөштү.
Украина менен Орусия дан азыктарын эң ири экспорттоочу өлкөлөрдүн катарына кирет. Келишимдин токтотулушу дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келиши мүмкүн. CNN телеканалы шейшембиде дүйнөлүк базарда буудай менен жүгөрү кымбаттай баштаганын маалымдады.
Орусия былтыр февралда Украинага кол салгандан кийин украин бийлиги өлкөдө өндүрүлгөн азык-түлүктү деңиз аркылуу мурдагыдай экспорттой албай калып, кризис жаралган. Июлда БУУнун жана Түркиянын ортомчулугу менен Орусия “дан келишимине” макул болуп, жолдорун ачып берген.
Стамбулда кол коюлган келишимдин мөөнөтү эки жолу узартылган. Андан бери Украинадан 33 миллион тоннага жакын буудай жана башка айыл чарба азыктары бир катар мамлекеттерге экспорттолду. Акыркы кеме 16-июлда жолго чыккан.
Орусия 17-июлда дан келишиминен чыкканын жарыялап, буга Москва койгон айрым талаптар аткарылбай жатканын жүйө келтирди.
"Дан келишими токтоп калды. Орусия койгон шарттар аткарылар замат орус тарап бул келишимди дароо улантат", - деди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Москва койгон шарттардын бири - "Россельхозбанкты" SWIFT эл аралык банктык төлөм системасына кайра кошуу. Орусия ошондой эле Украина аркылуу Европага тоскоолдуксуз аммиак жеткирүүнү талап кылууда.
Батыш айыптаган чечим
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Москванын Кара деңиз портторунан украин данын экспорттоого шарт түзгөн келишимди токтотуп жатканын айыптады. Ал Евробиримдик дүйнө калкынын аялуу катмарын азык-түлүк менен камсыздоо багытындагы аракеттерин уланта берерин билдирди.
Британия орус бийлигинин чечимин “мыйзамсыз согушунун алкагында калктын аялуу катмарына зыян келтирүүнүн ачыктан ачык аракети” деп атады.
АКШнын Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Москваны келишимди мүмкүн болушунча тезирээк калыбына келтирүүгө чакырды:
“Орусиянын бүгүнкү кадамы, анын азык-түлүктү куралга айлантуу жана аны курал катары өзүнүн Украинадагы согушунда колдонуу аракети – тамак-ашка абдан муктаж жерлерде абалды оорлотот. Муну мүмкүн болушунча тезирээк калыбына келтирүү зарыл. Жагдайга ар бир өлкө кылдат көз салып турат деген үмүттөмүн”.
Туркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган Орусия менен бул маселеде сүйлөшүү ниети бар экенин, ал жөнгө салынарынан үмүт артарын белгиледи.
Украинанын президенти Владимир Зеленский дан келишимин Орусиясыз эле уланта берүүгө үндөдү. Анын айтымында, БУУнун Баш катчысы Антонио Гутерриш менен азык-түлүк коопсуздугун калыбына келтирүү, дан азыктарын Кара деңиз аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгаруу жаатында жоопкерчиликтүү мамлекеттер менен иштөө тууралуу макулдашылды.
"Мен президент Эрдоганга жана БУУнун Башкы катчысы Гутеррешке Кара деңиз дан келишимин үч тараптуу форматта узартуу сунушу менен расмий кат жөнөттүм. Анткени ал эң ишенимдүү вариант. Украина, БУУ жана Түркия биргелешип азык-түлүк коридорунун иштешин жана кемелерди көзөмөлдөй алат алат. Бул бүткүл дүйнө үчүн зарыл. Муну колдогон ар бир адам Мароккодон Кытайга, Индонезиядан Ливанга чейин кең аймактын куткаруучусу болуп калат", - деди украин лидери.
Киевдин маалыматына караганда, бул багытта эки келишим бар, биринчисине Украина, Түркия жана БУУ, экинчисине Орусия, Түркия жана БУУ кирет.
Орусиянын азык-түлүк жана жер семирткич экспорту Украинага ачкан согуштан улам эл аралык санкцияга кабылган.
Портторго чабуул
Дан келишимин токтоткондон бир күн өтпөй, 18-июлга караган түнү орусиялык армия Украинанын Николаев жана Одесса портторуна сокку урду.
Украин армиясы Одессага Кара деңизден алты "Калибр” ракетасы атылып, бардыгы атып түшүрүлгөнүн, жарылуунун эпкини порттун инфраструктурасына жана бир нече турак жайга зыян келтиргенин билдирди. Николаев облусунда орусиялык 4 дрон атып түшүрүлгөнү маалымдалды.
Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымга түн ичинде ондон ашуун дрон чабуул койгонун, алар атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Согушуп жаткан тараптардын айткандарын ыкчам тастыктоо кыйын.