Американын Борбордук чалгын кызматынын башчысы Уильям Бёрнстин айтымында, Орусиянын президенти Владимир Путин "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожинден "куралдуу козголоңу" үчүн өч алуу максатында ыңгайлуу учурду күтөт.
20-июлда Аспендеги (АКШ) Коопсуздук форумунда сүйлөп жатып, Уильям Бёрнс "Пригожиндин козголоңу Путиндин бийлигине жасалган эң чоң коркунуч болуп калганын" айтты. Ал ошондой эле буга чейин Украинадагы согуштун жүрүшүнөн күмөн санап келген орус элитасынын өкүлдөрү эми Путиндин лидерлигинен күмөн санап жатканын кошумчалады.
Контрчабуул тууралуу сөз кылганда, чалгын кызматынын башчысы Украинанын ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин айтты.
"Орус армиясы Украинанын түштүгүндө курган коргонуу каражаттарынын артында түзүмдүн начардыгы, моралдык демдин төмөндүгү жана жогорку даражалуу аскердик жана саясий жетекчиликтеги башаламандык жашырылган", - деп кошумчалады ал.
Орусиянын аскер жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган Евгений Пригожин жалданма аскерлери менен 23-24-июнь күндөрү Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москваны көздөй жөнөгөн. Орто жолдон күтүүсүздөн артка кайтарын жарыялаган. Буга анын телефондон Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко менен сүйлөшүүсү түрткү болгон эле.
"Куралдуу козголоң" маалында жасаган кайрылуусунда, Владимир Путин Пригожинди Орусиянын аскердик жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке дымагынан улам Орусияга чыккынчылык кылды" деп айыптаган.
Президент Пригожиндин аракети Орусиянын далысына урулган бычак болгонун белгилеп, "күнөөлүүлөрдүн баары жазасын алат" деп убада кылган.
Анткен менен жазалабай эле Путин бир нече күндөн кийин Пригожинди жана менчик аскердик компаниянын командирлерин Кремлде кабыл алганы маалым болду. Жолугушууда Путин "куралдуу козголоңго" баа бергени айтылды.
Орусияда Донецкидеги жикчилдердин мурдагы лидери Игорь Стрелков (Гиркин) кармалды. Бул тууралуу алгач РБК агенттиги өз булактарына таянып жазды. Маалыматты анын адвокаты дагы ырастаган. Стрелковдун батиринде тинтүү жүрүп жатканы белгилүү болду.
Стрелковдун Телеграм-каналына аялы Мирослава түшкө маал Тергөө комитетинин кызматкерлери келип күйөөсүн белгисиз тарапка алып кеткенин жазды.
Айрым кептерге караганда, өздөрүн "ДЭР" деп атап алган жикчил аймактын мурдагы коргоо министри экстремизмге шек саналууда.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын мурдагы полковниги, Игорь Стрелков Орусиянын Украинага каршы согушун активдүү колдогондорун бири. Ошол эле маалда соңку убактарда ал Кремлди жана аскердик командачылыкты фронттогу ийгиликсиз аракеттери үчүн кескин сындап келген. "Вагнердин" жетекчиси Евгений Пригожинди да сындап, аны коомго чыгарбаш керектигин айтып жүргөн.
Малайзия аба каттамдарына караштуу "Боинг-777" жүргүнчү учагынын атып түшүрүлүшүнө байланыштуу Гаагдагы сот былтыр ноябрда Стрелковду сыртынан өмүр бою эркинен ажыраткан. 2014-жылы болгон окуяда 298 адамдын өмүрү кыйылган.
Стрелков өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет.
Соңку бир нече айда Бахмут үчүн салгылашта "Вагнер" менчик аскердик компаниясы аркылуу орус түрмөлөрүнөн азгырылган 20 миңдей адам мерт болгон. Бул тууралуу Британиянын чалгын кызматы 21-июлда жарыялаган күнүмдүк баяндамасында билдирди.
"Проект К" деген долбоордун алкагында азгырылган адамдар жакынкы аралыкта үйлөрүнө таркатылышы мүмкүн, бирок көбү компания менен келишим түзүп калышы ыктымал экени баяндамада айтылат.
"Вагнердин" жетекчилиги орус түрмөлөрүндө отурган жеринен топко кошулган мурдагы соттолгондорду үйлөрүнө таратуу чечимин кабыл алганын 19-июлда "Важные истории" басылмасы жалданма аскерлердин туугандарынын жабык чаттарын талдоодон кийин жазган.
Маалыматка караганда, жалданма жоочулардын көбү Анапанын мейманканаларында ырайым берилишин күтүп жатышат.
Ал эми "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин Телеграм- каналдарга 19-июлда жарыяланган видеодо сүйлөп жатып:
"Азыр фронтто болуп жаткан маскаралыкка катышпай эле койгонубуз оң. Ошондуктан кайсы бир убакытка чейин биз бул жакта, Беларуста болуп турууну чечтик. Машыгуубузду улантып, деңгээлибизди көтөрүп, Африкага жөнөйбүз", - деген.
Пригожин керек болсо Александр Лукашенко үчүн согушуп, беларус куралдуу күчтөрүн "дүйнөдөгү экинчи армияга" айлантуу аракетин көрүп жатканын кошумчалады.
Түрмөдөгүлөрдү "Вагнердин" катарында Украинадагы согушка азгыруу 2022-жылдын жайында башталган. Пригожин түрмөлөрдү өзү кыдырып, согушууга макул болгондорго жарым жылдан кийин соттуулугу жоюлат деп, акча да убада кылып келген. Быйыл февралда түрмөдөгүлөрдү согушка тартуу жараяны токтогон. "Русь сидящая" фондунун башчысы Ольга Романова билдиргендей, компания өз катарына түрмөлөрдөн 50 миң адамды тарткан болушу мүмкүн.
Орусия Одессаны төртүнчү түнү катары менен аткылады. "Азаттыктын" украин кызматы анда агроишканаларга, дан сакталган кампаларга чабуул болгонун, 120 тонна буудай менен арпа өрттөнүп кеткенин, бир топ айыл чарба техникалары жабыркаганын билдирди.
Одесса облусунун башчысы Олег Кипер 21-июлда таңга маал Орусиянын армиясы "Калибр" үлгүсүндөгү ракеталар менен аткылаганын, чабуулда эки адам жабыркаганын кабарлады.
Одессага 20-июлга карган түнү жасалган чабуулда админстративдик имарат, кампа жабыркаган жана төрт киши жарадар болгон. Ал эми Николаевдеги соккуда 18 адам жараат алган.
Согуш учурунда бул маалыматтарды бейтарап булактардан тактоо мүмкүн болбой турат. Москва бул чабуулдарга байланыштуу комментарий берген жок.