Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:33
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл
Украина. Харьковго чабуулдун кесепети. 21-май, 2026-жыл

Украина ракеталык соккуга кабылды, Орусия согушка студент кыздарды тартууда

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




16:52 22.7.2023

Украинанын чыгышында орусиялык күчтөр Купянск жана Кременной райондорунда чабуулга өтүп Луганск облусунун толук жана Харьков облусунун чыгыш тарабын алууга аракет кылууда. Орусиялык булактар аскерлери Купянскиде Оскол дарыясынын жанында алга жылганы тууралуу билдирген. Бирок америкалык Согушту изилдөө институту буга визуалдык далил табылбаганын айтууда. Украин күчтөрү болсо орусиялык күчтөрдүн бардык чабуулунун мизи кайтарылганын билдирди.

Украин күчтөрү Бахмут аймагында шаарды түндүк жана түштүк тараптан курчоого аракет кылууда. Мындан тышкары Клещеевка калктуу пунктунда айыгышкан согуш жүрүүдө, аймакты орусиялык күчтөр коргоп жатканы менен украиналык аскерлер четтеги бийик жерлерди ээлеп алышты.

Түштүктө, Запрожье облусундагы Работино районунда украиналык күчтөрдүн чабуулу жай жүрүүдө. Алар орусиялык коргонууну жырып өтүп, Токмак шаарын көздөй жылууга аракет кылууда.

16:48 22.7.2023

Аннексияланган Крымдын Красногвардейск районунда дрон чабуулунан кийин өрт чыгып, курал-жарак сактаган кампада жарылуу болгону кабарланды.

Бир катар Телеграм-каналдар түтөп күйүп жана жарылуунун үнү чыгып жаткан жердин видеосун таратты. Кеп Октябрь кыштагына жакын аскердик аэродром тууралуу жүрүүдө. Бул Крымдын борбору. Такталбаган маалымат боюнча мунай базасы өрттөнүүдө.

Крымдын Орусия дайындаган жетекчиси Сергей Аксенов украин дрону курал-жарак кампасына сокку урган. Анын айтымында, детонация болгон, бирок "алдын ала маалыматта жабыр тарткандар жок". Беш чакырым радиустагы калк эвакуация болууда. Крым көпүрөсүндө кыймыл токтоду.

Украин аскерлери азырынча Крымга дрон чабуулу болгону тууралуу маалымат бере элек.

16:30 22.7.2023

Орус армиясы ишембиге караган түнү Украинага иран өндүрүшүнөн чыккан Shahed-136/131 дрондору менен чабуул жасады.

Украинанын абадан коргонуу күчтөрү жанкечти беш дрондун баарын атып түшүргөнүн билдирди.

Мындан сырткары, тактикалык-ыкчам чалгындоочу тогуз учкучсуз учак атып түшүрүлгөн.

Украинанын аскерлери бир суткада орусиялык күчтөр турган жерге абадан 25тен ашуун сокку урган. Ага чейин Башкы штаб абадан 14 жолу сокку урганын билдиген.

Москва дан келишиминен чыккандан кийин орус аскерлери Украинанын түштүгүнө аба чабуулдарын күчөтүп, порт жана айыл чарба инфраструктураларына сокку урууда.

23:20 21.7.2023

Американын Борбордук чалгын кызматынын башчысы Уильям Бёрнстин айтымында, Орусиянын президенти Владимир Путин "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожинден "куралдуу козголоңу" үчүн өч алуу максатында ыңгайлуу учурду күтөт.

20-июлда Аспендеги (АКШ) Коопсуздук форумунда сүйлөп жатып, Уильям Бёрнс "Пригожиндин козголоңу Путиндин бийлигине жасалган эң чоң коркунуч болуп калганын" айтты. Ал ошондой эле буга чейин Украинадагы согуштун жүрүшүнөн күмөн санап келген орус элитасынын өкүлдөрү эми Путиндин лидерлигинен күмөн санап жатканын кошумчалады.

Контрчабуул тууралуу сөз кылганда, чалгын кызматынын башчысы Украинанын ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин айтты.

"Орус армиясы Украинанын түштүгүндө курган коргонуу каражаттарынын артында түзүмдүн начардыгы, моралдык демдин төмөндүгү жана жогорку даражалуу аскердик жана саясий жетекчиликтеги башаламандык жашырылган", - деп кошумчалады ал.

Орусиянын аскер жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган Евгений Пригожин жалданма аскерлери менен 23-24-июнь күндөрү Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москваны көздөй жөнөгөн. Орто жолдон күтүүсүздөн артка кайтарын жарыялаган. Буга анын телефондон Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко менен сүйлөшүүсү түрткү болгон эле.

"Куралдуу козголоң" маалында жасаган кайрылуусунда, Владимир Путин Пригожинди Орусиянын аскердик жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке дымагынан улам Орусияга чыккынчылык кылды" деп айыптаган.

Президент Пригожиндин аракети Орусиянын далысына урулган бычак болгонун белгилеп, "күнөөлүүлөрдүн баары жазасын алат" деп убада кылган.

Анткен менен жазалабай эле Путин бир нече күндөн кийин Пригожинди жана менчик аскердик компаниянын командирлерин Кремлде кабыл алганы маалым болду. Жолугушууда Путин "куралдуу козголоңго" баа бергени айтылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG