БУУ Орусияны дан келишимин кайра жандантууга чакырды
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши жума күнү Орусиянын Украинага Кара деңиз аркылуу данды экспорт кылган келишимден чыгышын талкуулады. Келишим бир жыл мурда дүйнөдөгү азык-түлүк базарындагы кырдаалды жакшыртуу, жакыр өлкөдө ачкачылык коркунучун жаратпоо максатында кабыл алынган.
Кытай "азык-түлүк базарындагы туруктуулукту кармоо жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү кризистик абалды жумшартуу үчүн" Орусия жана БУУ жакын арада сүйлөшүүгө барат деп ишенип турганын билдирди.
БУУнун өкүлү Розмари ДиКарло орусиялык күчтөрдүн украин портторуна урган соккусун айыптап, Москваны жарандык кемелерге сокку урууну токтотууга чакырды.
Дан келишиминин мөөнөтү 17-июлда бүткөн. Орусиянын президенти Владимир Путин аны узартуудан баш тарткан. Буга украин күчтөрүнүн Крым көпүрөсүнө сокку урганын жүйө келтирген.
Орусия 18-июлдан тарта төрт күн катары менен Украинанын Одесса облусундагы эгин сакталган кампаларына, айыл чарба ишканаларына, Кара деңиз портундагы дан жүктөлгөн кемелерине сокку урду. Дүйнө коомчулугу мунун айынан азык-түлүк баасы кымбаттап, жакыр өлкөлөрдү ачкачылык коркунучу тоорушу мүмкүн деп кооптонууда.
Зеленский: украиналык чабуул тездеши мүмкүн
Украинанын президенти Владимир Зеленский Aspen коопсуздук жыйынында сүйлөп жатып украин күчтөрүнүн чабуулу тездей турган учур келгенин билдирди. Анын айтымында, украин күчтөрү Орусия убагында коргонууга үлгүрүп, талааларды миналап салганы үчүн жай жылып жатат. Зеленский техника менен адамдарды жоготууну каалабаганы үчүн армия кылдаттык менен чабуул коюп келгенин билдирди. Бирок азыр украин күчтөрү мина коюлган жердин көбүн тазалоого жетишкенин жана бул чабуулду тездетүүгө түрткү боло турганын айтты.
Украинанын чыгышында орусиялык күчтөр Купянск жана Кременной райондорунда чабуулга өтүп Луганск облусунун толук жана Харьков облусунун чыгыш тарабын алууга аракет кылууда. Орусиялык булактар аскерлери Купянскиде Оскол дарыясынын жанында алга жылганы тууралуу билдирген. Бирок америкалык Согушту изилдөө институту буга визуалдык далил табылбаганын айтууда. Украин күчтөрү болсо орусиялык күчтөрдүн бардык чабуулунун мизи кайтарылганын билдирди.
Украин күчтөрү Бахмут аймагында шаарды түндүк жана түштүк тараптан курчоого аракет кылууда. Мындан тышкары Клещеевка калктуу пунктунда айыгышкан согуш жүрүүдө, аймакты орусиялык күчтөр коргоп жатканы менен украиналык аскерлер четтеги бийик жерлерди ээлеп алышты.
Түштүктө, Запрожье облусундагы Работино районунда украиналык күчтөрдүн чабуулу жай жүрүүдө. Алар орусиялык коргонууну жырып өтүп, Токмак шаарын көздөй жылууга аракет кылууда.
Аннексияланган Крымдын Красногвардейск районунда дрон чабуулунан кийин өрт чыгып, курал-жарак сактаган кампада жарылуу болгону кабарланды.
Бир катар Телеграм-каналдар түтөп күйүп жана жарылуунун үнү чыгып жаткан жердин видеосун таратты. Кеп Октябрь кыштагына жакын аскердик аэродром тууралуу жүрүүдө. Бул Крымдын борбору. Такталбаган маалымат боюнча мунай базасы өрттөнүүдө.
Крымдын Орусия дайындаган жетекчиси Сергей Аксенов украин дрону курал-жарак кампасына сокку урган. Анын айтымында, детонация болгон, бирок "алдын ала маалыматта жабыр тарткандар жок". Беш чакырым радиустагы калк эвакуация болууда. Крым көпүрөсүндө кыймыл токтоду.
Украин аскерлери азырынча Крымга дрон чабуулу болгону тууралуу маалымат бере элек.