Орусиянын башкалаасы пилотсуз учактардын чабуулуна туш болгонун дүйшөмбүдө шаар мэри Сергей Собянин Телеграм-каналына жазды:
"Бүгүн саат 4 чамасында дрондор эл жашабаган эки имаратка сокку урганы катталды. Чоң зыян жана жабыркагандар жок".
Коргоо министрлиги Украина Москвага эки дрон менен сокку урууга аракеттенгенин билдирди. Бир катар маалымат каражаттары жабдыктардын бири министрликтин имаратына эки чакырымга жакын жерге кулап түшкөнүн кабарлашты. Мекеме окуяны "теракт" деп атады.
Бир катар Телеграм-каналдар Москвадагы көп кабаттуу имараттан түтүн чыгып жатканы тартылган видеону жарыялашты.
Дрондор ошол имараттарды бутага алганбы, же атып түшүрүлгөндө тийгенби, белгисиз. Москванын түштүгүндөгү бир нече көчө окуяга байланыштуу убактылуу жабылганын жергиликтүү басылма жазды.
Киев азырынча чабуулду комментарийлеген жок. Орусиянын ичиндеги чабуулдарга укриан бийлиги расмий түрдө жоопкерчиликти өзүнө албайт. Ошол эле маалда Орусиянын аскердик инфраструктурасын талкалоо Киевдин контрчабуулуна жардам берерин айтып келет.
Орусиянын бийлиги буга чейин дагы башкалаа дрон чабуулуна кабылганын маалымдаган. 30-майда Москвага 25 дрон менен чабуул жасалганы айтылып, шаар мэри Сергей Собянин эки учкучсуз аппарат үйлөргө кулап, айрым имараттар азыраак жабыркаганын билдирген.
4-июлда эртең менен Внуково-3 өкмөттүк аэропортуна жакын жерди учкучсуз учактар бутага алганы кабарланган. Орусиянын Коргоо министрлиги Москва облусундагы объектилерге беш дрон менен чабуул жасалганын жарыялаган. Орусия муну "террордук акт" деп атаган. Расмий маалыматта бардык дрондор жок кылынганы, жабыркагандар жана кыйроолор жок экени айтылган. Ошол маалда аэропорт эки саат иштебей турган. Киев буга комментарий берген эмес.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтонберг аталган альянс менен Украинанын кеңеши 26-июлда жыйынга чогулуп, Кара деңиз аркылуу дан ташуу маселесин талкууларын билдирди. Бул тууралуу RTBF телеканалы НАТОнун расмий өкүлү Оана Лунгескуга шилтеме кылып билдирди. Анын айтымында, жолугушуу элчилер деңгээлинде өтөт жана "Украинадан дан азыктарын Кара деңиз аркылуу ташууга байланыштуу соңку жагдай" талкууланат.
Мунун алдын Украинанын президенти Владимир Зеленский Столтонберг менен телефондон сүйлөшкөнүн, чукул арада НАТО-Украина кеңешин чогултууну сугуштаганын билдирген. Бул түзүм ушул айдын башында, 12-июлда альянстын Брюсселдеги саммитинде негизделген.
Украина – дан азыктарын ири көлөмдө экспорттогон өлкө. 2022-жылдын февралында Орусия Украинага кол салгандан кийин Кара деңиздеги порттору орусиялык флот аркылуу бөгөттөлүп, Киевдин дан азыктарын экспорттошуна мүмкүнчүлүк бербей койгон.
2022-жылдын 22-июлунда Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө Украина, Орусия жана Түркия Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен дан экспортун кайра жандантуу боюнча келишкен. Украина Түркия жана БУУ менен өзүнчө келишимге кол койгон. Ал эми ушул келишимди Орусия тарап Түркия жана БУУ менен өзүнчө түзүп, милдеттеме алган.
БУУнун маалыматына караганда, ошондон бери Украинанын түштүк портторунан чыккан кемелер Түркияга текшерүү үчүн токтоп, миллиондогон тонна азык-түлүктү дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө жөнөттү. Бирок дан келишими үч жолу узартылды. Соңку келишимдин мөөнөтү 17-июлда аяктады жана Москва аны узартуудан баш тарткан.
Украинанын Донецк облусунда Германиянын Deutsche Welle каналынын оператору Евгений Шилко жараат алды. Журналисттин айтымында, алар Украинанын аскер кызматкерлеринин Краматорск аймагындагы машыгуусун тасмага тартып жаткан маалда аткылоого кабылган. Шилко ооруканада жатат. Анын абалы туруктуу деп бааланууда.
Deutsche Welle билдиргендей, орус армиясы кассеталык бомбалар менен сокку урган. Анда бир украин аскери набыт болуп, дагы бир нечеси жараат алды.
Орусиянын Украинага согушу бери ондогон украиналык жана чет элдик журналисттер менен блогерлер каза болду. Өткөн жылдын апрель айында Киевге ракеталык чабуул жасалганда "Азаттык" радиосунун украин кызматынын журналисти Вера Гирич да каза тапкан.
22-июлда Орусиянын Коргоо министрлиги бир нече орус журналисттери Запорожьеде кассеталык снаряддар менен аткыланганын билдирген.
"РИА Новости" агенттигинин аскердик кабарчысы Ростислав Журавлев каза таап, фотожурналисти Константин Михальчевский жана "Известия" басылмасынын кызматкерлери Дмитрий Шиков менен Роман Полшаков жараат алган.
АКШнын Коргоо министрлигине караштуу чалгын кызматы (Defense Intelligence Agency) Владимир Путиндин тактикалык өзөктүк куралдын Беларуска жайгаштырганы жөнүндө сөзүнө "күмөн саноого негиз жок" экенин билдирди.
Бул жөнүндө аты аталбаган аткаминерлерге шилтеме берүү менен CNN басылмасы жазды.
Путин өзөктүк курал Беларуска жайгаштырылганын өткөн айда айткан. Батыш мамлекеттеринин расмий өкүлдөрү бул кабарды ырастап же төгүндөгөн эмес.
Буга чейин АКШ чалгын кызматынын өкүлдөрү Беларуста тактикалык өзөктүк куралды сактоо үчүн атайын жайларды куруу иштери болуп же болбогонун тактай албаганы менен, алардын курулушу жөнүндө эки өлкөнүн тең башчылары айткан болчу. Бирок америкалык чалгын кызматы Беларустун аймагында өзөктүк дүрмөттөрдү сактоого ылайыкташкан советтик мезгилден калган объектилер бар экенин маалымдады.
Чалгын кызматы Беларуска жайгаштырылган өзөктүк куралга Орусия толук көзөмөл кыларын белгилеген. Муну менен алар Лукашенконун "керектүү учурда өзөктүк куралды тоскоолдуксуз колдоно алары" жөнүндө айтканы күмөндүү экенин кошумчалаган. Куралды Минскинин карамагына өткөрүп берүү Орусиянын өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине каршы келмек. Путин буга чейин өзөктүк курал Орусиянын көзөмөлүндө болорун айткан.
Беларуска канча өзөктүк курал жайгаштырылары белгисиз.
АКШ Орусиянын Беларуска өзөктүк курал бергенин айыптаган. Вашингтондун пикиринде азыр аны колдонот деген кооптонуу жок жана буга байланыштуу АКШ өзөктүк стратегиясы өзгөртпөйт.