Украинанын армиясы күчүн Запорожье облусуна топтоп, контрчабуулдун негизги баскычын баштады.
Бул тууралуу The New York Times басылмасы Пентагондогу эки булагына таянып жазды.
Маалыматка караганда, Украинанын түштүк-чыгышындагы контрчабуулга атайын машыгуудан өткөн аскерлер жана батыш техникасы тартылган. Алардын көбү буга чейин резервде кармалып турган.
Эгер контрчабуул ийгиликтүү жүрсө украин армиясына Мелитополго жол ачылат.
Пентагондогу булактар ырастагандай, контрчабуулдун максаты Орусия басып алган Украинанын түштүктөгү аймактарын аннексияланган Крым менен байланыштырган жолду алуу.
Басылма украин күчтөрүнүн жаңы операциясы үч жумага чейин созулушу мүмкүн экенин жазды.
Ошол эле учурда Financial Times басылмасы аскерлерге таянып, контрчабуулдун биринчи баскычындагы каталардан улам Киев тактикасын өзгөртүүгө аргасыз болгонун жазды. Эми украин куралдуу күчтөрү орус армиясынын коргонуу турумдарын артиллериялык курал менен аткылоого киришти.
Гезиттин булактары маалымдагандай, операциянын башында украин аскерлеринин арасында башаламандык байкалган. Алдыга бараткандар миналанган талааларга жеткенде орус тик учактарынын чабуулуна туш болгон.
Орусиянын өкмөтү мобилизация боюнча чакыруунун жаңы формасын бекитти. Бул тууралуу токтом расмий сайтка жарыяланды. Анда жазылгандай, мобилизацияга тартылган адам Орусиянын президенти Владимир Путиндин буйругу менен аскердик комиссариатка барышы керек. Чакырууда буйруктун номери жазылган эмес жана ага орун дагы берилген эмес. Документте ошондой эле мобилизация жарым-жартылай экени дагы белгиленбеген.
Буга чейин Орусияда мобилизация боюнча чакыруу кагазы болгон эмес. Аскердик комиссариаттар кадимки армияга чакыруу формасын колдонуп келишкен.
Орус өкмөтүнүн токтомуна ылайык, мобилизация боюнча чакыруунун көчүрмөсү электрондук формада болот.
25-июлда Мамлекеттик Дума орус армиясындагы кызмат өтөө шарттарын катаалдаткан бир нече мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген. Тактап айтканда, чакыруу менен аскердик комиссаритка келбегендерге айып пулдун көлөмү көбөйтүлдү, аскерге жарамдуулардын жаш курагы 27 ден 30ка чейин көтөрүлдү.
Расмий маалыматтарга караганда, өткөн жылдын сентябрынан бери “жарым-жартылай мобилизациянын” алкагында запастагы 330 миңден ашуун орусиялык аскер кызматына чакырылган. Октябрдын аягында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизация аяктаганы тууралуу маалымат берген. Андан кийин Путин да долбоор аяктаганын жарыялап, бирок тиешелүү жарлыкка кол койгон эмес. Иш жүзүндө Орусияда расмий мобилизацияны улантууда.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 27-июлда Днепр шаарына барды.
"Жумуш күнүн Днепр шаарынан баштадык. Аскерлерди курал-жабдык менен камсыздоо, азыркы абадан коргонуу системаларынын эффективдүүлүгү жана аба калканын күчтөндүрүү (талкууланат)", - деп жазды Зеленский Телеграмга.
Ал арада Орусиянын армиясы 27-июлга караган түнү Одессадагы портко ракета менен чабуул жасады. Облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Кипр алгач бир адам мерт болгонун маалымдаган. Кийин дагы бир кишинин сөөгү уранды алдынан табылганы кабарланды.
Андан тышкары соңку бир суткада Донецк жана Харьков облустарында орус армиясынын аткылоосунан эки карапайым тургундун өмүрү кыйылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 27-июлда билдирди.
Украинанын инфратүзүм министри Александр Курбаков Орусия дан келишиминен чыккандан кийин 26 дан кампасы менен порт жабдыктарына залака келтиргенин айтты.
Кремль буга чейинки макулдашууда Орусиянын данын жана жер семиркичтерин экспорттоо бөлүгү сакталбаганын жүйө келтирүү менен дан келишимин узартуудан баш тарткан.