Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 28-июлдун таңында билдиргендей, соңку бир суткада отуздан ашуун кармаш катталды.
Маалыматка караганда, Донецк облусунун Бахмут жана Авдеевка райондорунда украин күчтөрү орус армиясынын чабуулуна туруштук бере алды. Запорожье облусунун Мелитополь жана Бердянск райондорунда контрчабуул аракеттерин улантып жатканы кабарланды.
Авдеевкада орус армиясынын аткылоосунан соңку бир суткада бир карапайым тургундун өмүрү кыйылды. Үч адам жараат алганын Донецк облусунун губернатору Павел Кириленко 28-июлда Телеграм-каналы аркылуу билдирди.
27-июлда украин президенти Владимир Зеленский украин күчтөрү Донецк облусундагы Старомайорское айылын өз карамагына алганын билдирген.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин 27-июлда Украинанын түштүгүндөгү Запорожье облусунда кагылышуулар күчөгөнүн ырастаган.
Бирок ал украин аскерлери ийгиликке жете албай жатканын кошумчалаган. Орус президентинин айткандарын көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
The New York Times басылмасы Пентагондогу эки булагына таянып, украин армиясы өлкө түштүгүндө контрчабуулдун негизги баскычына өткөнүн маалымдаган.
Москванын мэри Сергей Собянин жумага караган түнү учкучсуз учак шаарга чабуул коюу аракетин көргөнүн билдирди.
Калаа башчысы аны Коргоо министрлигинин күчтөрү атып түшүргөнүн, кыйроолор жана жабыркагандар жок экенин Телеграм-каналына жазды. Жабдык кайсы тараптан учуп келгенин, кайсы жерде атып түшүрүлгөнүн тактаган жок.
Өз кезегинде Орусиянын Коргоо министрлиги Подмосковьедеги буталарга сокку урууну көздөгөн пилотсуз учак атылганын билдирип, аракетти "теракт" деп атады. Окуянын башка чоо-жайы айтылган жок.
Акыркы айларда дрондор орус баш калаасынын ар кайсы жерлерине, атүгүл Кремлге чейин учуп барган учурлар болгон.
"Свобода" радиосунун жазганына караганда, үстүбүздөгү айда эле Москвага үч ирет чабуул коюу аракети болгон. 24-июлда бир дрон бизнес-борборду сүзгөн, экинчиси Коргоо министрлигинин бир имаратына кулап түшкөн.
Собянин анда "олуттуу" кыйроолор менен жабыркагандар болбогонун билдирген.
Орус бийлиги учкучсуз учактардын чабуулдары үчүн Киевди айыптап келет. Украинанын расмий адамдары адатта андай маалыматтарга комментарий бербейт.
Украин аскерлери Донецк облусунун батышындагы Старомайорское айылын кайтарып алганын билдиришти. Аскерлер бир нече жумадан бери айыгышкан кармаш жүргөн айылды көзөмөлгө алганын айткан видеону украин президенти Владимир Зеленский жарыялады.
Ал жердин украин тарапка өткөнүн өздөрүн "Донецк элдик жумурияты" деп атаган аймактын командирлеринин бири Александр Ходаковский бейшембиде эле билдирген.
Айылдын бошотулушу тууралуу маалыматты украин коргоо миниистринин орун басары Анна Маляр бышыктады. Уруш жүрүп жаткан аймактардан түшкөн кабарларды көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.
27-июлда америкалык New York Times гезити өз булактарына таянып, украин куралдуу күчтөрүнүн түштүк багытта чабуулдун негизги бөлүгүн баштаганын, кармаштарга такоолдогу (резервдеги) аскерлер тартылганын жазган. Бул тууралуу орусиялык бийликчил блогерлер да маалымдашкан.
Бирок алар майдандын башка тилкеси – Токмак багыты жөнүндө кеп кылууда. Ал жактан жарыяланган видеолордон чопкутталган техника тартылганын баамдаса болот. Ырасталбаган маалыматтарга караганда, украин аскерлери Работино кыштагы тарапта алга жылды.
Старомайорское Донецк жана Запорожье облустарынын чегинде жайгашкан. Июндун башынан бери украин армиясы ал жакта бир нече айылдан орус аскерлерин сүрүп чыккан. "Свобода" радиосу жазгандай, украин куралдуу күчтөрү ал багытта алга жылса, Бердянск жана
Украинанын армиясы күчүн Запорожье облусуна топтоп, контрчабуулдун негизги баскычын баштады.
Бул тууралуу The New York Times басылмасы Пентагондогу эки булагына таянып жазды.
Маалыматка караганда, Украинанын түштүк-чыгышындагы контрчабуулга атайын машыгуудан өткөн аскерлер жана батыш техникасы тартылган. Алардын көбү буга чейин резервде кармалып турган.
Эгер контрчабуул ийгиликтүү жүрсө украин армиясына Мелитополго жол ачылат.
Пентагондогу булактар ырастагандай, контрчабуулдун максаты Орусия басып алган Украинанын түштүктөгү аймактарын аннексияланган Крым менен байланыштырган жолду алуу.
Басылма украин күчтөрүнүн жаңы операциясы үч жумага чейин созулушу мүмкүн экенин жазды.
Ошол эле учурда Financial Times басылмасы аскерлерге таянып, контрчабуулдун биринчи баскычындагы каталардан улам Киев тактикасын өзгөртүүгө аргасыз болгонун жазды. Эми украин куралдуу күчтөрү орус армиясынын коргонуу турумдарын артиллериялык курал менен аткылоого киришти.
Гезиттин булактары маалымдагандай, операциянын башында украин аскерлеринин арасында башаламандык байкалган. Алдыга бараткандар миналанган талааларга жеткенде орус тик учактарынын чабуулуна туш болгон.